Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-августундагы № 650-т тескемеси менен макулдук берилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай
Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын
ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл
Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетилген
кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияга карата
талаптар жөнүндө протокол
1-тиркеме
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары – КЭР БББ) мындан ары «Тараптар» деп аталуу менен достук сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынан (мындан ары – Кыргызстан) Кытай Эл Республикасына (мындан ары – Кытай) экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияга карата тамак-аш продукциясын инспекциялоо, карантинге алуу жана коопсуздугу жаатында төмөнкүдөй талаптарды макулдашты.
1-берене
Министрлик Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияга инспекциянын жүргүзүлүшү жана карантинге алуунун сакталышы, ошондой эле эл аралык ветеринардык сертификаттардын берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
2-берене
Министрлик мезгил-мезгили менен же тандап КЭР БББга талаптагыдай ыкма менен төмөнкүдөй маалыматты берет:
1) Кытайга экспорттолуучу малды союуну, бөлүштүрүүнү, термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукцияны кайра иштетүүнү жана сактоону жөнгө салуучу мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар, шайкештикти баалоо жөнүндө маалыматтар, ошондой эле башка маалымат жана алардын жаңыланышы тууралуу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кытай Эл Республикасына ташып келинүүчү жаныбарлардын карантиндик ооруларынын тизмегинде (мындан ары – Тизмек) аныкталган жана кой же эчкиге тиешелүү А тизмегиндеги жугуштуу жана мите ооруларга карата алдын алуу жана зоналаштыруу чаралары (эгер колдонулса), анын ичинде ар бир региондун так географиялык жайгашкан жери, региондогу тиешелүү жаныбарлардын саны, Кытайга продукция экспорттоочу этти кайра иштетүүчү ишканалар жөнүндө маалыматтар, көзөмөлдөө маалыматтары ж.б., кепшөөчү жаныбарларга кепшөөчү жаныбарлардан алынган белок унун тоют катары берүүгө тыюу салуу талаптарын аткаруу жана алардын сакталышын контролдоо жөнүндө маалыматтар; зарыл болгон учурда Тараптар үчүн өз ара кызыкчылык жараткан башка эпизоотиялык оорулар жөнүндө да маалыматтар берилет;
3) химиялык калдыктарга (ветеринардык дары каражаттарына, булгоочу заттарга ж.б.) жана патогендик микроорганизмдерге мониторинг жүргүзүүнүн улуттук пландары, анын ичинде изилденүүчү көрсөткүчтөрдүн тизмеги, лабораториялык изилдөөлөрдүн методдору, стандарттар жана жол-жоболор, ошондой эле жылдык отчеттор. Кытай тараптын суроо-талабы боюнча мониторинг жүргүзүүгө радиоактивдүү заттар жана башка айлана-чөйрөнү булгоочулар киргизилет. Термикалык иштетилген кой жана эчки этинин жасалган продукция мониторинг жүргүзүү планынын колдонуу чөйрөсүнө кирген жаныбарлардан алынган чийки заттан өндүрүлүүгө тийиш;
4) Кытайга термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны экспорттоочу катталган ишканалардын өндүрүш жана экспорт көлөмдөрү жөнүндө жылдык статистикалык маалыматтар, ошондой эле компетенттүү орган тарабынан мындай ишканалардын коопсуздугуна жана санитардык абалына көзөмөл жүргүзүүдө жана текшерүүдө аныкталган негизги шайкешсиздиктер жана көрүлгөн түзөтүүчү чаралар жөнүндө маалыматтар.
3-берене
Кытайга экспорттоо үчүн арналган термикалык иштетилген продукция алына турган тирүү койлор же эчкилер төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) Кыргызстандын аймагында багылган, тоюттандырылган жана союлган, уникалдуу идентификацияга ээ болуу жана союлган койлорду же эчкилерди туулган жана багылган чарбаларына (жерлерине) чейин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган расмий жана натыйжалуу көзөмөлдөө системасында болуу;
2) союлганга чейин эт аркылуу жугууга жөндөмдүү, Тизмекте аныкталган, А тизмегине киргизилген кой жана эчкинин жугуштуу же мите оорулары болбогон чарбалардан/кармоочу жайлардан алынуу;
3) союлганга чейин 12 айдын ичинде Тизмекте аныкталган, В тизмегине киргизилген, койлорго же эчкилерге тиешелүү болгон жана эт аркылуу жугууга жөндөмдүү болгон жугуштуу же мите оорулар катталбаган чарбалардан/кармоочу жерлерден алынуу;
4) ушул берененин 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, сойгонго чейин акыркы 6 айдын ичинде карантиндик чаралар же топтук жугузууга шектенүүгө же оору (жугуштуу оорулар) жуккандыгы ырасталгандыгына байланыштуу мониторинг жүргүзүү чаралы көрүлбөгөн чарбалардан/кармалган жерлерден келип чыгуу;
5) жогоруда аталган Кыргызстандын жана Кытайдын малдын саламаттыгы жаатындагы мыйзамдарында, ошондой эле Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюмунун (ЖСДУ) койлорго же эчкилерге карата тиешелүү ченемдеринде каралган;
6) малды сибирь жарасына каршы тирүү вакцина менен эмделгенден кийин 14 күндүн ичинде, кой чечегине жана эчки чечегине каршы эмделгенден кийин 15 күндүн ичинде союуга тыюу салынат;
7) кепшөөчү малдан алынган белок унун камтыган тоютту алууга тыюу салынат;
8) Кыргызстанда жана/же Кытайда тыюу салынган ветеринардык дары каражаттарын жана/же тоют кошулмаларын алууга жол берилбейт;
9) тирүү койлордун жана эчкилердин жашы союу учурунда 12 айдан ашпоого тийиш;
10) ташуу мезгилинде (анын ичинде чарбадан/кармалган жерден союучу ишканага ташууда жана союучу ишканада болгон учурда) башка түрдөгү жаныбарлар, ошондой эле ушул Протоколдун жоболоруна, өзгөчө ушул Протоколдун 4-беренесинде белгиленген каттоо талаптарына ылайык келбеген тирүү койлор же эчкилер менен байланышта болбоого.
4-берене
Кытайга термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукцияны экспорттоону көздөгөн ишканалар (анын ичинде союу, бөлүштүрүү жана сактоо ишканалары) Кыргызстандын аймагында жайгашууга, Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлү астында иш жүргүзүүгө жана эки өлкөнүн ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук жаатындагы мыйзамдарына жана ченемдик талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Кытайга термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукцияны экспорттоочу ишканалар (анын ичинде союу, бөлүштүрүү, кайра иштетүү жана сактоо ишканалары) «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» Кытай Эл Республикасынын Мыйзамына жана «Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып кирүүдө жана алып чыгууда карантин жөнүндө» Кытай Эл Республикасынын Мыйзамын колдонуу жөнүндө жобого ылайык Кытайда катталууга тийиш. Кытайга термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган, катталган датадан кийин жактырылган ишканаларда өндүрүлгөн гана продукция экспорттолушу мүмкүн. Кытайда катталбаган ишканаларда өндүрүлгөн продукцияны Кытайга ташып кирүүгө жол берилбейт.
5-берене
Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукция төмөнкү продукциялар менен бирге кайра иштетилбеши керек:
1) жаныбарлардын башка түрлөрүнөн алынган;
2) ушул Протоколдун 3-беренесинин талаптарына ылайык келбеген;
3) катталбаган башка ишканада өндүрүлгөн;
4) Кытайга экспорттоого арналбаган.
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны гигиеналык кайра иштетүүгө карата стандарттар ушул Протоколдун 2-тиркемесинде келтирилген. Тиркемелер ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Тараптардын өз ара макулдугу боюнча расмий жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү алмашуу жолу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
6-берене
Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукция Кыргызстандын жана Кытайдын мыйзамдарына жана ченемдик талаптарына жооп берген жаңы таңгактоочу материалдарга таңгакталышы керек. Кытайга вакуумдук же вакуумдук эмес (модификацияланган газ чөйрөсү менен же ансыз) таңгакта экспорттолуучу муздатылган термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукция Кыргызстандын жана Кытайдын азык-түлүк продукциясынын коопсуздугунун улуттук стандарттарында белгиленген таңгактоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Экспорттоочулар жарактуулук мөөнөтүн белгилеп, аны таңгакта так көрсөтүүгө тийиш. Кытайга экспорттолуучу вакуумдук таңгактагы муздатылган кой жана эчки этинен жасалган продукциянын жарактуулук мөөнөтү 45 суткадан, ал эми вакуумдук эмес таңгактагы – 14 суткадан ашпоого тийиш.
Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукциянын өзүнчө ички таңгагы болушу керек, анда продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, өндүрүүчүнүн каттоо номери жана өндүрүштүк партиянын номери кытай, англис тилдеринде же кытай жана орус тилдеринде бир убакта көрсөтүлөт.
Тышкы таңгакта продукциянын аталышы, мүнөздөмөсү, чыгарылган жери (өлкөнү/регионду/шаарды көрсөтүү менен), өндүрүүчүнүн каттоо номери, өндүрүштүк партиянын номери, баруучу өлкө (Кытай), өндүрүлгөн датасы (жылы, айы, күнү), жарактуулук мөөнөтү, сактоо шарттары жана башка маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Ошондой эле инспекция жана карантин чөйрөсүндөгү Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий белгиси түшүрүлүшү (чапталышы же басылышы) керек.
Алдын ала таңгакталган термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукциянын маркалоосу дагы Кытайдын алдын ала таңгакталган тамак-аш продукциясын маркалоого карата талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
7-берене
Патогендик микроорганизмдер, уулуу жана зыяндуу заттар менен булгануунун алдын алуу максатында Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукция кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо жана ташуу этаптарында Кыргызстандын жана Кытайдын санитардык-гигиеналык талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
Термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукцияны сактоо жана ташуу тиешелүү температуралык режимде жүргүзүлүүгө тийиш. Тоңдурулган термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукциянын ичиндеги температура минус 15 °Cден жогору болбошу керек. Муздатылган термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукция 0дөн 4 °Cге чейинки температурада сакталууга жана ташылууга тийиш.
Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны сактоого арналган тоңдургуч камераларда же муздаткыч кампаларда атайын, так белгиленген зона бөлүнүшү зарыл.
Жөнөтүүгө чейин контейнер Министрликтин контролу астында пломбаланууга тийиш. Пломбанын номери экспорттук ветеринардык сертификатта көрсөтүлөт. Ташуу учурунда продукциянын таңгагы ачылбашы же алмаштырылбашы керек.
8-берене
Министрликтин расмий ветеринардык дарыгери тиешелүү ветеринардык иш-чараларды жүзөгө ашырат жана төмөнкүлөрдү ырастайт:
1) Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылган тирүү койлор же эчкилер ушул Протоколдун 3-беренесинин жоболоруна шайкеш келет;
2) койлорду же эчкилерди союу, бөлүштүрүү, кайра иштетүү жана сактоо КЭР БББ тарабынан жактырылган жана катталган ишканаларда жүзөгө ашырылды;
3) койлор же эчкилер Кыргызстандын жана Кытайдын мыйзамдарына жана ченемдик талаптарына ылайык союуга чейинки жана союудан кийинки ветеринардык кароодон өткөрүлдү, анын жыйынтыгы боюнча союуга жөнөтүлгөн жаныбарлардын дени сак болгону, жугуштуу жана мите оорулардын клиникалык белгилери жок экендиги, ички органдарда жана бүтүн этте патологиялык өзгөрүүлөр аныкталбаганы, ал эми көзгө көрүнгөн лимфа түйүндөрү (анын ичинде, башкалардан тышкары, далынын алды жагындагы, колтуктагы, чаттагы жана тизе алдындагы) жана без ткандары алып салынганы белгиленди;
4) союлгандан кийин койлордун же эчкилердин бүтүн эттери сөөктөн ажыратылганга чейин муздатылды жана кеминде 24 саат ичинде 2 °Cден жогору температурада сакталды, мында бүтүн эттин ичиндеги температура 2°Cден 4 °Cге чейинки чекте кармалды. Ар бир бүтүн этти изилдөөдө эки узун арка булчуңунун ортонку бөлүгүндө pH мааниси 6,0дөн төмөндү түздү;
5) койлорду же эчкилерди союудан кийин он эки эли ичегиден түз ичегиге чейинки ичегилер, анын ичинде ичке ичегинин дисталдык бөлүгү, тимус, көк боор, алкым бездери, баш сөөгү, мээ жана көздөр, үчүлүк ганглиялары, жүлүн, омуртка сөөгү, дорсалдык тамыр ганглялары (DRG) булганууга жол бербеген коопсуз жана санитардык ыкма менен алынды;
6) Кыргызстандын калдык сандарды мониторингдөө улуттук планы аткарылды, ал эми продукциядагы ветеринардык дары каражаттарынын, пестициддердин, оор металлдардын, туруктуу органикалык булгоочулардын (ТОБ) жана башка уулуу жана керексиз заттардын калдыктарынын камтылышы Кыргызстандын жана Кытайдын мыйзамдарында жана ченемдик талаптарында же эл аралык стандарттарда белгиленген калдыктардын максималдуу жол берилген деңгээлдеринен (КМЖД) ашпайт;
7) продукция патогендик микроорганизмдер жана радиоактивдүү заттар менен булганган эмес жана Кыргызстандын жана Кытайдын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келет;
8) коомдук саламаттыгына коркунуч туудурган өзгөчө кооптуу оорулардын эпидемиялары мезгилинде ишканалар колдонулуучу эл аралык ченемдерге ылайык профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзөт, эттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды иштеп чыгат жана чийки затты кабыл алуунун, кайра иштетүүнүн, таңгактоонун, сактоонун жана ташуунун бардык этаптарында көрсөтүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна, ошондой эле кайчылаш булгануунун жоктугуна кепилдик берет;
9) продукция санитардык-гигиеналык талаптарга шайкеш келет, коопсуз жана адамдын керектөөсү үчүн жарактуу болуп эсептелет.
9-берене
Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукция салынган ар бир контейнер Кыргызстандын жана Кытайдын ветеринардык жана санитардык-гигиеналык мыйзамдарына жана ченемдик талаптарына, ошондой эле ушул Протоколдун талаптарына шайкештигин күбөлөндүргөн расмий ветеринардык сертификаттын кеминде бир түп нускасы менен коштолууга тийиш.
Экспорттук ветеринардык сертификат кытай, орус жана англис тилдеринде түзүлөт. Сертификатты толтурууда англис тилин колдонуу милдеттүү болуп саналат. Сертификаттын формасын жана мазмунун эки Тарап алдын ала макулдашат.
Министрлик КЭР БББга эсепке алуу үчүн расмий экспорттук ветеринардык сертификаттын үлгүлөрүн жана ага кол коюуга ыйгарым укуктуу ветеринардык дарыгерлердин тизмесин берет. Министрлик көрсөтүлгөн документтерге же маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилгенде КЭР БББга өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин кеминде бир ай мурда кабарлайт.
Министрлик Кытайдагы чек ара контролуна көмөктөшүү максатында ар бир экспорттук ветеринардык сертификатка кол коюлгандан жана берилгенден кийин 48 сааттын ичинде аталган сертификаттын электрондук маалыматтарын расмий каналдар аркылуу Кытай тарапка өткөрүп берет. Министрлик электрондук маалыматтардын аныктыгына жана коопсуздугуна кепилдик берет.
10-берене
Кыргызстанда койлорду же эчкилерди жабыркатуучу жана Тизмеде каралган койдун жана эчкинин этинен жасалган продукция аркылуу жугушу мүмкүн болгон А тизмесинин жугуштуу же мите оорусу пайда болгон учурда, Министрлик Кытайга экспорттолуучу койдун жана эчкинин этинен жасалган, термикалык иштетилген продукцияга ветеринардык сертификаттарды берүүнү дароо токтотот, потенциалдуу тобокелдик жараткан продукцияны чакыртып алат, КЭР БББга кабарлайт жана оорунун келип чыгышы жана очогунун локализациясы жөнүндө кеңири маалымат берет.
Кыргызстанда төмөнкүлөр пайда болгон учурда:
1) ушул Протоколдун 3-беренесинин 3, 4-пункттарында каралган жугуштуу жана мите оорулар; же
2) термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияга байланыштуу жана коомдун саламаттыгына олуттуу коркунуч туудурган тамак-аш азыктарынын булгануу учуру, анын натыйжасында термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукция, анын таңгагы жана транспорт каражаттары булганган же булганышы мүмкүн болгон учурда, Министрлик тиешелүү зоналарда/компартменттерде өндүрүлгөн Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукцияга ветеринардык сертификаттарды берүүнү дароо токтотот, потенциалдуу тобокелдик жараткан продукцияны чакыртып алат, КЭР БББга кабарлайт жана окуянын себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн кырдаал жөнгө салынгандан кийин КЭР БББ жана Министрлик эл аралык практикага ылайык сооданы кайра жандандыруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
11-берене
Министрлик өзүнүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу жана жаныбарлардын ооруларынын алдын алуу системасынын Кытайдын талаптарына туруктуу шайкеш келишин камсыз кылат. Зарыл болгон учурда КЭР БББ Кыргызстандагы жана Кытайдагы эттин коопсуздугун көзөмөлдөө системаларынын эквиваленттүүлүгүнө ретроспективдүү текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн эксперттерди мезгил-мезгили менен же тандалма негизде жөнөтөт. Министрлик текшерүү жүргүзүүгө зарыл көмөк көрсөтөт жана шарттарды түзөт.
КЭР БББ Кытайга экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны Кытайдын мыйзамдарына, ченемдик талаптарына жана стандарттарына, ошондой эле ушул Протоколдун жоболоруна ылайык инспекциялайт жана карантиндик контролдон өткөрөт. Кытай тарап термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукциянын колдонулуучу талаптарга шайкеш эместигин аныктаган учурда КЭР БББ Министрликке кабарлайт жана Кытайдын мыйзамдарына жана ченемдик талаптарына ылайык шайкеш келбеген продукцияны чакыртып алуу, жок кылуу же башкача чараларды көрүүгө укуктуу. Тараптар биргелешип себептерин иликтейт, түзөтүүчү чараларды көрөт жана шайкешсиздиктердин кайталанышын алдын алуу үчүн оңдоо аракеттерин жүзөгө ашырат.
12-берене
Ушул Протоколдо термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукция союлган учурда 12 айга толо элек койдун же эчкинин сөөктөн ажыратылган этинен негизги чийки зат катары (союлган, каны агызылган, жүнү, ички органдары, башы, куйругу жана буттарынын төмөнкү бөлүктөрү, билек жана шыйрак муундарынан төмөн бөлүктөрү алынган койдун же эчкинин жабышкан май тканы менен скелет булчуңдары), жаныбарлардан алынган башка ингредиенттерди камтыбаган жана натыйжалуу термикалык иштетилген, колдонууга даяр же даяр эмес продукцияны түшүндүрөт. Ички органдарга, карынга жабышкан майды, май кесиндилерин, эт кесиндилерин, сөөк кесиндилерин, тууралган/майдаланган этти, механикалык жол менен сөөктөн ажыратылган этти, апоневроздорду, кемирчектерди, лимфа түйүндөрүн, бездерди, түйүндөрдү, адамдын керектөөсү үчүн жараксыз ткандарды жана органдарды, ошондой эле Кытайга экспорттоо үчүн кытай тарап жактырбаган тамак-аш субпродуктуларын Кытайга экспорттоого жол берилбейт.
Ушул Протоколдо термикалык иштетүүнүн натыйжалуу ыкмалары продукттун калыңдыгында температурасы 70 °Cден төмөн эмес 30 мүнөттөн ашык убакыт кармалуучу натыйжалуу ысытуучу жабдууну колдонуу менен кой жана эчки этин иштетүүнү же кытай тарап тааныган термикалык иштетүүнүн башка эквиваленттүү ыкмаларын түшүндүрөт. Продукциялардын конкреттүү түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
i) кой этинен жана эчки этинен жасалган бышырылган/даяр продукция – белгилүү бир кошулмалар кошулган жана толук ысытууну камсыз кылган кайнатуу, кууруу же бууга бышыруу сыяктуу термикалык иштетүү ыкмаларына дуушар болгон продукция; мындай продукция керектөөчү тарабынан түздөн-түз же тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга байланышпаган жөнөкөй иштетүүдөн кийин пайдаланылышы мүмкүн. Бул категорияга муздатылган же тоңдурулган түрдө сакталган продукция кирет;
ii) кой этинен жана эчки этинен жасалган кургатылган продукция – туздалган же туздалбаган, кургатылган, ышталган же ышталбаган, бөлмө температурасында же кургатуучу шкафта кургатылган, нымдуулуктун белокко катышы (MPR) 0,75:1ден ашпаган жана суунун активдүүлүгү (Aw) ≤ 0,85 же ≤ 0,91 болгон кой эти;
iii) кой этинен жана эчки этинен жасалган коммерциялык стерилденген продукция – герметикалык идишке салынган, стерилденген жана муздатылган, андан кийин коммерциялык стерилдүүлүктү сактоо үчүн абасы чыгарылган консерваланган кой эти. Герметикалык идиш иштетүүдөн кийин курамындагылардын коммерциялык стерилдүүлүгүн сактоого жана микроорганизмдердин киришин алдын алууга жөндөмдүү металлдан, айнектен, термикалык иштетүү үчүн арналган пакеттерден, желимден жана көп катмарлуу композициялык материалдардан жасалган идишти түшүндүрөт;
iv) кой этинен жана эчки этинен жасалган туздалган/сүрсүтүлгөн продукция – тамак-аш кошулмаларын кошуу менен же кошпостон туздоо жана кургатуу (анын ичинде күндө же абада кургатуу) аркылуу иштетилген кой жана эчки этинен жасалган керектөөгө даяр же даяр эмес продукция.
Ичеги (он эки эли ичегиден түз ичегиге чейинки ичегилерди, анын ичинде ичке ичегинин дисталдык бөлүгү), бөйрөк үстүндөгү бездер, уйку бези, боор, тимус, көк боор, алкым бездер, баш сөөгү, анын ичинде мээ жана көздөр, үчүлүк ганглиялары, жүлүн, омуртка, дорсалдык тамыр ганглиялары жана башка ткандар алып салынууга тийиш.
Кытай Эл Республикасына экспорттоого уруксат берилген Кыргыз Республикасынын термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукциясынын тизмеги ушул Протоколдун 1-тиркемесинде берилген.
Термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукция ушул Протоколдун жана ушул Протоколдун 2-тиркемесинин талаптарына толук шайкеш келүүгө тийиш.
13-берене
Ушул Протокол кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою колдонулат. Ушул Протокол Тараптардын өз ара макулдугу жана жүргүзүлгөн консультациялардын жыйынтыгы боюнча кайра каралышы мүмкүн. Эгер колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 6 ай мурда Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Протоколду өзгөртүү же аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, аны колдонуу мөөнөтү кийинки 5 жылга автоматтык түрдө узартылат. Тараптардын бири экинчи Тараптын ушул Протоколду колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламасын алган учурда ушул Протокол бир Тарап экинчи Тараптын аны токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламасын алган датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүн токтотот.
Жогоруда баяндалгандарды ырастоо үчүн тиешелүү өкмөттөр тарабынан талаптагыдай ыйгарым укук берилген өкүлдөр ушул Протоколго кол койду.
Ушул Протокол ___________ _______ «___»_______ эки нускада, ар бири кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык төрт текст бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Протоколду чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
___________________ Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн | ___________________ Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы үчүн |
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияга карата талаптар жөнүндө протоколго 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына
экспорттоого уруксат берилген термикалык иштетилген
кой этинен жана эчки этинен жасалган продукциясынын тизмеси
1. Кой этинен жана эчки этинен жасалган даяр продукция: даяр кой эти жана эчки эти.
2. Кургатылган термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукция: кургатылган кой эти жана эчки эти.
3. Коммерциялык стерилденген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукция: консерваланган кой эти жана эчки эти.
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияга карата талаптар жөнүндө 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына
экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен
жана эчки этинен жасалган продукцияны
гигиеналык кайра иштетүү
стандарты
1. Колдонуу чөйрөсү
Кытай Эл Республикасына экспорттоого уруксат берилген жана 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын кой этинен жана эчки этинен жасалган термикалык иштетилген тамак-аш продукциясы ушул талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
2. Жалпы талаптар
2.1. Өлкө/регион Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны чыгарган бардык ишканаларды тиешелүү жабдуулар менен жабдууга тийиш.
2.2. Кайра иштетүүчү ишканалар даяр термикалык иштетилген термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукциянын булганышын болтурбоочу өндүрүш процесстерин иштеп чыгууга, колдоого жана колдонууга тийиш.
2.3. Кайра иштетүүчү ишканалар продукцияны өндүрүү процессинде колдонулуучу контролдоо чаралары жөнүндө жазууларды жүргүзүүгө тийиш. Жазуулар продукцияны көзөмөлдөөнү камсыз кылууга жана текшерүү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
2.4 Термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны өндүрүүдө продуктунун борборундагы температура жаныбарлардын жана адамдын ден соолугу үчүн мааниси бар ооруларды козгогучтарды инактивациялоону камсыз кылууга тийиш.
2.5. Термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган продукцияны өндүрүүдө колдонулган ингредиенттер жана кошумчалар Кытай Эл Республикасынын жана экспорттоочу өлкөнүн/аймактын мыйзамдарына жана ченемдик талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
3. Атайын талаптар
3.1. Термикалык иштетилген кой жана эчки этинен жасалган продукция
3.1.1 термикалык иштетүү режими продукттун калыңдыгында Salmonella жана Escherichia coli O157:H7 санын кеминде 6,5 log10го төмөндөтүүнү камсыз кылууга тийиш. Продукция ошондой эле I таблицада белгиленген микробиологиялык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш. Термикалык иштетүү процесси температураны автоматтык жазуу түзүлүшү менен катталышы керек;
3.1.2 жылытуу процессинде продукттун борборунда температуранын болуу узактыгы 10дон 54 °Cге чейинки диапазондо 6 сааттан ашпоого тийиш; муздатуу процессинде буюмдун борборунда температуранын болуу узактыгы 54төн 27 °Cге чейинки диапазондо 1,5 сааттан ашпоого тийиш, ал эми жалпы муздатуу узактыгы 54төн 4,4 °Cге чейинки диапазондо 6,5 сааттан ашпоого тийиш. Процесстин узактыгы Staphylococcus aureus, Bacillus cereus токсиндердин, ошондой эле Clostridium perfringens жана Clostridium botulinum спораларынын келип чыгуу коркунучун жок кылууга багытталган.
3.1.3 термикалык иштетүүдөн кийин продукцияда Clostridium perfringens 1 log көп эмес (≤ 1 log) өсүшүнө жол берилет. Ишканалар процесстин жүрүшүндө Salmonella aureus өсүшүн, өзгөчө кургатуу стадиясында 2,0 log көп эмес деңгээлде өсүшүн чектөөгө тийиш жана сактоо убагында Salmonella aureus өспөшүн камсыз кылууга тийиш.
3.2. Кой жана эчки этинен жасалган кургатылган продукция
3.2.1 кургатуу алдында алдын ала жылуулук менен иштетүүнү, даярдоону жана кургатууну камтыган термикалык иштетүү кой этинин калыңдыгында Salmonella жана E. coli O157:H7 санын кеминде 5 log10 азайтууну камсыз кылууга тийиш. Продукция ошондой эле I таблицада белгиленген микробиологиялык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш. Процесс температураны автоматтык жазуу түзүлүшү менен катталышы керек;
3.2.2 кургатуу процесси продукцияда нымдуулуктун белокко катышына (MPR) 0,75:1ге (кургатылган кой жана эчки эти үчүн) жана аэробдук же кычкылтек камтыган чөйрөдө (мисалы, абада) сакталган учурда суунун активдүүлүгүнүн 0,85тен көп эмес критикалык чегине же продукция анаэробдук чөйрөнү түзгөн, кычкылтек өткөрбөгөн вакуумдук таңгакка таңгакталган учурда суунун активдүүлүгүнүн 0,91ден көп эмес критикалык чегине жетишин камсыз кылууга тийиш;
3.2.3 суунун активдүүлүгү 0,85тен 0,91ге чейинки (> 0,85 жана ≤ 0,91) вакуумдук таңгактагы продукцияга, мисалы: «Ачкандан кийин муздаткычта сактоо керек» деген жазуу жазылышы керек;
3.2.4 термикалык иштетүүдөн кийин продукцияда Clostridium perfringens сандарынын 1 log ашпаган (≤ 1 log) өсүүсүнө жол берилет. Ишканалар процесстин жүрүшүндө, өзгөчө кургатуу этабында, Salmonella aureus сандарынын өсүшүн 2,0 log ашпаган деңгээлде чектөөгө жана сактоо учурунда Salmonella aureus өсүшүнө жол бербөөгө тийиш;
3.2.5 термикалык иштетүүдөн кийин продукция шампурлардан/ торлордон алынат, металл детектордон өткөрүлөт жана ташуу үчүн таңгакталат.
3.3. Герметикалык таңгактагы коммерциялык стерилдүү термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган азыктар
3.3.1 термикалык иштетүү минималдуу F₀ мааниси 8 (сегиз) мүнөткө барабар тастыкталган жылуулук процесси аркылуу продукциянын коммерциялык стерилдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Конкреттүү жабдууну жана продукциянын рецептурасын эске алуу менен термикалык иштетүү режими температуранын бөлүштүрүлүшүн жана жылуулуктун өтүшүн изилдөө жолу менен алдын ала сыналып, текшерилиши керек. Термикалык иштетүү температураны автоматтык түрдө жазуучу түзүлүш менен катталууга тийиш;
3.3.2 продукция II таблицанын талаптарына ылайык коммерциялык стерилдүүлүктү ырастоо үчүн контролдонуучу температурада инкубациядан өткөрүлөт;
3.3.3 термикалык иштетүү Clostridium botulinum спораларынын 12D-төмөндөшүн (12 logго же 10⁻¹²ге төмөндөшүн) камсыз кылууга тийиш.
3.4 Туздалган/сүрсүгөн кой этинен жана эчки этинен жасалган азыктар
3.4.1 туздоо Кытай Эл Республикасынын башкы бажы башкармалыгы тарабынан ырасталган ыкма менен, адатта нитратты жана/же калий нитритин, ошондой эле аскорбин же изоаскорбин кислотасын (же алардын тузун) кошуу менен жүргүзүлөт, бул консервациялоо жана өзгөчө даам берүү үчүн азыктарга туздун таралышын жана сиңишин камсыз кылат. Мындай азык кургатылат жана суусуздандырылат.
Туздалган/сүрсүгөн кой этинен жана эчки этинен жасалган азыктар төмөнкүдөй иштетүүдөн өткөрүлүүгө тийиш:
a) эт табигый ачытуудан өтүшү жана төмөнкү мүнөздөмөлөр менен бышып жетилиши керек: Aw мааниси 0,93төн же pH мааниси 5,2ден ашпашы керек;
б) кургак туздалган кой этинен жана эчки этинен жасалган азыктар туз менен иштетилип, кеминде 180 күн кургатылышы керек. Ал бөлмө температурасында бузулбашы керек. «Кургатуу» суунун белокко катышы боюнча аныкталат, ал 2,25:1ден ашпоого тийиш;
3.4.2 туздалган/сүрсүгөн кой этинен жана эчки этинен жасалган азыктар Salmonella жана E. coli санын кеминде 5,0 logго жана Listeria monocytogenes санын кеминде 3,0 logго төмөндөтүүнү камсыз кылган зыянсыздандыруудан (этаптардын же тоскоолдук факторлордун айкалышы менен) өткөрүлүшү керек. Staphylococcus aureusтун өсүшү 2 logдон, ал эми Clostridium perfringensтин өсүшү 1 logдон ашпоого тийиш; ботулизм козгогучунун көбөйүшүнө жол берилбейт; трихинеллалар натыйжалуу жок кылынышы керек; даяр продукцияда көк даттын кокус өсүшүнө жол берилбейт. Даяр продукция III таблицада белгиленген микробиологиялык ченемдерге жооп бериши керек;
3.4.3 керектөөгө даяр эмес азыктар үчүн этикетканын негизги бетине мисалы: «Чийки», «Бышырууга даяр», «Жээрден мурун бышыруу керек», «Бышыруу жана берүү» же «Толук термикалык иштетүүнү талап кылат» сыяктуу көрүнүктүү жазуу, ошондой эле бышыруу боюнча тастыкталган нускама жайгаштырылууга тийиш.
4. Өндүрүш процессин жана даяр продукцияны гигиеналык контролдоо
4.1. Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган азыктар коркунучтарды талдоону жана критикалык контролдук чекиттерди (HACCP), санитардык стандарттык операциялык жол-жоболорду (SSOP) жана продукциянын патогендик микроорганизмдер менен булганышына жол бербөөнү жана анын мыйзамдык жана ченемдик талаптарга, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын жана экспорттоочу өлкөнүн/региондун продукцияга карата улуттук стандарттарына шайкештигин камсыз кылуучу башка программаларды камтыган сапатты камсыз кылуу системасынын алкагында өндүрүлүүгө тийиш.
4.2. Ишканаларда чийки затты кабыл алуу жана термикалык иштетүү/туздоо үчүн өзүнчө зоналар каралууга тийиш. Эки зона тең чийки затты иштетүү жана термикалык иштетүү/туздоо үчүн тиешелүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш. Продукциянын мүнөздөмөлөрүн, өндүрүш процесстерин, өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн, өндүрүш процессинин санитардык абалына карата талаптарды жана иш жүзүндөгү шарттарды эске алуу менен ишканаларда жана алардын цехтеринде жалпы өндүрүш зоналарын, шарттуу таза зоналарын жана таза зоналарды уюштуруу менен өндүрүш жайларын зоналарга сарамжалдуу бөлүштүрүү камсыздашы керек;
4.2.1 чийки затты кабыл алуу зонасы жана кайра иштетүү зонасы бири-биринен толугу менен обочолонууга жана чийки затты өткөрүп берүү үчүн жабылуучу өтмөк аркылуу гана туташтырылышы керек. Чийки затты кабыл алуу зонасы сактоо, иштетүү жана контролдоо каражаттары менен жабдылууга тийиш. Термикалык иштетүү процесси температураны автоматтык түрдө жазуучу түзүлүш менен катталышы керек;
4.2.2 кайра иштетүү зонасы башка зоналардан толугу менен обочолонууга тийиш. Ага кирүүгө жеке гигиенанын атайын жол-жоболорунан өткөн персоналга гана уруксат берилет. Бул зонада продукцияны контролдоо, муздатуу, таңгактоо, тоңдуруу жана сактоо үчүн өзүнчө жабдуулар болушу керек.
4.3. Ишканалар КЭРге экспорттолуучу термикалык иштетилген кой этинен жана эчки этинен жасалган азыктардын ар кандай түрлөрүнө микробиологиялык мониторинг планын аткарылышы керек. Микробиологиялык мониторингдин жыйынтыктары катталууга, сакталууга, үзгүлтүксүз талданууга жана бааланууга тийиш. Изилдөөнүн жыйынтыктары канааттандырарлык эмес болгон учурда ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.3.1 өндүрүш процессин ички контролдоонун негизинде баштапкы себепти аныктоого;
4.3.2 талаптагыдай түзөтүүчү чараларды көрүүгө, анын ичинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун тастыктоо үчүн алынган үлгүлөрдүн санын көбөйтүүгө;
4.3.3 көйгөйдүн келип чыгуу себептерин жана көрүлгөн түзөтүүчү чараларды документтештирүүгө, ошондой эле тиешелүү жазууларды кеминде эки жыл бою сактоого.
I таблица. Термикалык иштетилген даяр/кургатылган
кой этинен жасалган азыктар үчүн чектүү
микробиологиялык көрсөткүчтөр
Микроорганизм | Үлгүлөрдү алуу планы | Чектүү маанилер | Үлгүлөрдү алуу мезгилдүүлүгү | Үлгүлөрдү алуу этабы | |||
n | c | m | M | Баштапкы мезгилдүүлүк | Канааттандырарлык натыйжаларда мезгилдүүлүк азайтылышы мүмкүн | ||
КМАФАнМ (APC) | 5 | 2 | 10⁴ КОЕ/г | 10⁵ КОЕ/г | Ар бир партия | – | Иштетүү аяктагандан кийин |
Колиформдук бактериялар | 5 | 2 | 10 КОЕ/г | 100 КОЕ/г | Ар бир партия | – | Иштетүү аяктагандан кийин |
Salmonella | 5 | 0 | 0/25g | – | Ар бир партия | – | Иштетүү аяктагандан кийин |
Listeria monocytogenes | 5 | 0 | 0/25g | – | Ар бир партия | – | Иштетүү аяктагандан кийин |
Staphylococcus aureus | 5 | 1 | 100 КОЕ/г | 1000 КОЕ/г | Ар бир партия | – | Иштетүү аяктагандан кийин |
Escherichia coli O157:H7 | 5 | 0 | 0/25g | – | Ар бир партия | – | Иштетүү аяктагандан кийин |