Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 24-августу № 10-1/245
Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
“Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 14, 15, 17, 21 жана 24-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү жөнүндө билдирүү берүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Жергиликтүү объекттер жөнүндө маалыматтарды берүү жана Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталына мейкиндик дайындарын жайгаштыруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун маалыматтарын түзүүнүн, жыйноонун, сактоонун, пайдалануунун жана берүүнүн эрежелери 3-тиркемеге ылайык;
4) Мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун материалдарын берүүнүн тартиби 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары- Жер агенттиги) санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрукту Жер агенттигинин расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде анын электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул буйрукту ишке ашыруу Жер агенттиги,“Мамкартография” мамлекеттик мекемеси жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле бекитилген штаттык сандын чегинде, республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттар бөлүнбөстөн жүзөгө ашырылат.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Директор |
| Э.Ж. Зарнаев |