Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 20-августу № 1165
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин
системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын
жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары – Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана ведомстволук уюмдардын жетекчилери коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана азайтуу боюнча зарыл чараларды туруктуу негизде жүргүзсүн.
3. Стратегиялык өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык башкармалыгы:
- расмий жарыялоо жол-жоболорун жүргүзсүн;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө эки нускадагы ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Мамлекеттик ченемдик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту директордун биринчи орун басарына жана орун басарларына, борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине жана коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирсин.
5. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жумушчу топ Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча Планды иштеп чыгып, аны кийинчерээк бекитүү үчүн жетекчиликтин кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 453-б “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде Коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары М. Дж. Акылбековго жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 21-августунда https://mammulk.gov.kg/article/16/226 расмий сайтында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору |
Б. Т. Токонов |