Загрузка документа…
Кең-Кол айыл аймагынын айыл кенешинин 2026-жылдын 26-августундагы №43 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЕҢ-КОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-марты № 11
Кеӊ-Кол айыл өкмөтүнө караштуу № 21 Көк-Токой, № 23 Нылды, №16 Ак-Жар айылдык китепканаларын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын 5-августундагы “Республикалык жана облустук китепканалардын ишин уюштуруу тартипке келтирүү” жөнүндөгү № 508 буйругунун талаптарын ишке ашыруу максатында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 28-августундагы № 178 тескемесинин” жана 2026-жылдын 9-февралындагы №1 корутундусунун негизинде Кең-Кол айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеӊ-Кол айыл өкмөтүнө караштуу № 21 Көк-Токой айылдык китепканасы, № 23 Нылды айылдык китепканасы, №16 Ак-Жар айылдык китепканалары жоюлсун.
2. Токтомду аткарууга алып, көзөмөл жүргүзүү жагы Кең-Кол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага |
| М. К. Ашыралиев |