Загрузка документа…
КЕҢ-КОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-августу № 43
Кең-Кол айылдык кеңешинин китепканаларды жоюу жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу тууралуу
Талас районунун прокуратурасынын 2026-жылдын 4-июнундагы №А26/110-07-00035 сандуу ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө сунушту аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жана айыл өкмөт башчысы Т.Б.Сакеевдин сунушун эске алып Кең-Кол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Кол айыл аймагынын айыл кеңешинин 2026-жылдын 30-мартындагы Көк-Токой, Нылды жана Ак-Жар айылдык китепканаларын жоюу жөнүндөгү №11 токтому мыйзамга каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кең-Кол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. К. Аширалиев |