Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 28-августу № 169
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун автоматташтырылган системасынын иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин 461-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы №319 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун автоматташтырылган системасынын иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы:
1) ушул буйруктун аткарылышын камсыз кылсын;
2) ушул буйрукту жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитетине, администрациялык ведомстволоруна жана башка мамлекеттик органдарына жөнөтсүн.
3. Укуктук маалымат башкармалыгы ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жайгаштырылышын камсыз кылсын.
4. Регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнө жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары С.Т. Ызаковага жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| А.Б. Баетов |