Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун
автоматташтырылган системасынын иштөө ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун автоматташтырылган системасынын иштөө эрежелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүүнүн жана актуалдаштыруунун, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун автоматташтырылган системасы (мындан ары – мыйзамдарды аткаруу системасы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бирдиктүү тизмегин жана аларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган же кабыл алынууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык система болуп саналат.
3. Мыйзамдардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтар мыйзамдарды аткаруу системасына Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, администрациялык ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) мыйзамдарды аткаруу системасынын иштешин, мыйзамдардын бирдиктүү тизмегин жүргүзүүнү жана актуалдаштырууну камсыз кылат;
2) мамлекеттик органдарга мыйзамдарды аткаруу системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берет жана мындай мүмкүнчүлүктү токтотот;
3) мыйзамдарды аткаруу системасында иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
4) мыйзамдардын аткарылышына, ошондой эле мыйзамдарды аткаруу системасына маалыматтардын толук жана өз убагында киргизилишине мониторинг жүргүзөт;
5) мыйзамдарды аткаруу системасында иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдарга методикалык жардам көрсөтөт;
6) мыйзамдарды аткаруу системасында камтылган маалыматтарды жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтөт.
5. Мамлекеттик органдар:
1) өз компетенциясынын чегинде мыйзамдарга талдоо жүргүзөт жана аларды аткаруу үчүн зарыл болгон чараларды аныктайт;
2) ченемдик укуктук жана ченемдик эмес укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгууну, илгерилетүүнү жана кабыл алууну же мыйзамдын талаптарынан келип чыгуучу башка иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) жеке кабинеттер аркылуу мыйзамдарды аткаруу системасына мыйзамдардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизет жана аларды актуалдаштырууну камсыз кылат;
4) мыйзамдарды аткаруу системасына киргизилүүчү маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана өз убагында киргизилишин камсыз кылат;
5) мыйзамдарды аткаруу системасында иштөө үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдү жана кызматкерлерди аныктайт.
2-глава. Мыйзамдарды аткаруу системасын жүргүзүү
6. Мыйзамдардын бирдиктүү тизмеги мыйзамдарды аткаруу системасында Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында камтылган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
7. Мыйзамдарды аткаруу системасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мыйзамдын аталышы, кабыл алынган датасы, номери жана башка реквизиттери;
2) ченемдик укуктук жана ченемдик эмес укуктук актыларды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун, ошондой эле мыйзамдын талаптарынан келип чыгуучу башка иш-чараларды жүргүзүүнүн зарылдыгы же зарылдыгынын жоктугу жөнүндө маалыматтар;
3) иштелип чыгууга жана кабыл алынууга тийиш болгон ченемдик укуктук жана ченемдик эмес укуктук актылардын аталыштары;
4) тиешелүү актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу же башка иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгын караган мыйзамдын жоболору;
5) мыйзамды аткаруу мөөнөттөрү;
6) негизги аткаруучу, кошо аткаруучулар жана мыйзамдарды аткаруу системасына маалыматтарды киргизүү үчүн жооптуу кызматкер;
7) мыйзамдын аткарылышынын жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдарды аткаруу маселелери боюнча тапшырмалары жөнүндө маалыматтар мыйзамдарды аткаруу системасына негизги аткаруучу тарабынан, ал эми зарыл болгон учурда – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан киргизилет.
3-глава. Мыйзамдарды аткаруу
9. Аткаруучу болуп аныкталган мамлекеттик орган мыйзам мыйзамдарды аткаруу системасына киргизилген күндөн тартып 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен ага талдоо жүргүзөт жана ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган маалыматтарды киргизет.
10. Жооптуу мамлекеттик орган мыйзам же Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тапшырмасы менен аныкталат
11. Мыйзамда же тиешелүү тапшырмада жооптуу мамлекеттик орган аныкталбаган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзамдын жөнгө салуу предметине, мамлекеттик органдардын тармактык компетенциясына жана функцияларына жараша жооптуу мамлекеттик органды жана кошо аткаруучуларды мыйзамдарды аткаруу системасында бекитет.
12. Эгерде мыйзамды аткаруу бир нече мамлекеттик органдын компетенциясына кирсе, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги негизги жооптуу мамлекеттик органды жана кошо аткаруучуларды аныктайт.
13. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жооптуу мамлекеттик органды жана кошо аткаруучуларды мыйзамдарды аткаруу системасында бекитүү мыйзамдын аткарылышын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү максатында гана жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алардын компетенциясын өзгөртпөйт.
14. Эгерде мыйзамды аткаруу бир нече мамлекеттик органдын компетенциясына кирсе, ар бир мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде анын аткарылышын камсыз кылат жана мыйзамдарды аткаруу системасына тиешелүү маалыматтарды киргизет.
15. Мыйзамдардан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, макулдашуу, илгерилетүү жана кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
16. Мыйзамды аткаруу мөөнөтү анын корутунду жоболору же тиешелүү тапшырма менен аныкталат. Эгерде мыйзамда аны аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, мындай мыйзам алты айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
17. Кабыл алынган ченемдик укуктук акт жөнүндө маалымат аткаруучу тарабынан мыйзамдарды аткаруу системасына мындай акт кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен киргизилет.
4-глава. Мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү
18. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги квартал сайын мыйзамдарды аткаруу системасында камтылган маалыматтарга мониторинг жүргүзөт жана отчеттук кварталдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзамдардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты жөнөтөт.
19. Толук эмес, анык эмес же өз убагында актуалдаштырылбаган маалыматтар аныкталган учурда мамлекеттик орган аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө тактоону камсыз кылат.
20. Мыйзамдардын өз убагында аткарылышы, ошондой эле мыйзамдарды аткаруу системасына киргизилген маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.