Редакцияот 07.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 7-октябры № 674

Бажы органдарынын кызматкерлерине жана

алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөө,

пенсия жана жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Бажы органдарынын кызматкерлерине иштеген жылдарын эсептөө тартибин белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 50-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөө, пенсия жана жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бажы органдарынын кызматкерлерине, анын ичинде кызматтан бошотулган кызматкерлерге пенсия дайындоо үчүн ушул токтом күчүнө киргенге чейин эсептелген иштеген жылдары кайра каралууга жатпайт деп белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 «Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-июлундагы № 531 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 524 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев