Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 674 токтому менен бекитилди) |
Бажы органдарынын кызматкерлерине
жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын
эсептөө, пенсия жана жөлөкпул дайындоо
жана төлөө тартиби жөнүндө
жобо
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бажы органдарында кызмат өтөгөн адамдарга, ошондой эле бажы органдарында кызмат өтөгөн жана бажы органдарындагы кызматтан пенсия алуу укугу менен кызматтан бошотулган адамдарга (мындан ары – бажы органдарынын кызматкерлери) пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарын эсептөө тартибин аныктайт.
2. Бажы органдарынын кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарына төмөнкүлөр киргизилет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык эсептелген органдарда кызмат өтөгөн (иштеген) мезгили;
2) Кыргыз Республикасынын, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бажы органдарында, мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун бажы органдарында атайын наам ыйгаруу каралган кызмат орундарында кызмат өтөгөн мезгили;
3) сот органдарында, прокуратура, юстиция, улуттук коопсуздук, коргоо, ички иштер органдарында, мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, башка мамлекеттик органдарда иштеген (кызмат өтөгөн) мезгили;
4) кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку окуу жайларында бир окуу жылын кызмат өтөөнүн алты айына эсептөө менен беш жылга чейинки чекте күндүзгү окуу мезгили (бирок 17 жаштан эрте эмес);
5) Куралдуу Күчтөрдө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, өкмөттүк байланыш, жарандык коргонуу түзүлүштөрүндө, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, коопсуздук органдарында, Кыргыз Республикасынын, мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башка аскердик түзүлүштөрдө жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Бириккен Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызмат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк төлөө үчүн эсепке алынган башка иштеген мезгилдери.
3. Финансылык, экономикалык, юридикалык кызматтардын, мамлекеттик уюмдардын эсептөө же маалыматтык-эсептөө борборлорунун жетекчилерине жана адистерине, ошондой эле бажы органдарына кызматка кабыл алынган профессордук-окутуучулук курамга иштеген жылдарын аныктоо боюнча комиссия тарабынан алардын аталган уюмдардагы иш стажы бажы органдарында иштеген жылдарына эсептелиши мүмкүн. Комиссиянын курамы жана комиссия жөнүндө жобо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
4. Бажы органдарынын кызматкерлеринин иштеген жылдарына иштеген (кызмат өтөгөн) мезгили төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттарда эсептелет:
1) бажы органдарында кызмат өтөөнүн бир күнү – бажы укук бузууларына, баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу, ички териштирүүлөрдү жүргүзүү жана коррупциянын алдын алуу боюнча функцияларды аткарган бажы органдарынын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн бир күнгө жана күндүн үчтөн бир бөлүгүнө;
2) бажы органдарында кызмат өтөөнүн бир күнү – деңиз деңгээлинен 1500 метрден 1999 метрге чейинки бийиктиктеги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жерлеринде кызмат өтөгөн бир жарым күнгө;
3) бажы органдарында кызмат өтөөнүн бир күнү – деңиз деңгээлинен 2000 метр жана андан жогору бийиктиктеги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жерлеринде кызмат өтөгөн эки күнгө.
5. Ушул Жобонун 2, 3 жана 4-пункттарында каралган эки жана андан көп негиздер бир эле учурда болсо, кызмат өтөгөн (иштеген, окуган жана башка иш жүргүзгөн) бир эле ошол мезгилди эсептөө үчүн иштеген жылдары көбүрөөк жеңилдик берген негиз боюнча эсептелет.
6. Бажы органдарындагы кызматтан бошотулган кызматкерлерге пенсия ушул Жобонун 7, 8-пункттарында көрсөтүлгөн алардын акчалай үлүшүнүн суммасынан, аларга пенсия дайындалган же кайра эсептелген күнгө карата бул акчалай үлүштү жана ушул Жобонун 9-пунктунда каралган тартипте аныкталуучу азык-түлүк үлүшүнүн айлык наркын жогорулатуу (индексациялоо) менен эсептелет.
7. Ушул Жобонун 2-пунктунда каралган тартипте пенсияларды эсептөөдө эске алынуучу акчалай үлүшкө төмөнкүлөр киргизилет:
1) бажы органдарынын кызматтан бошотулган кызматкерлерине (ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) – акыркы штаттык кызмат орду боюнча маяна (ушул пунктчанын экинчи абзацынын талаптарын эске алуу менен), кызматтан бошотулган күнгө карата ыйгарылган атайын наам боюнча маяна жана бул маяналар боюнча эсептелген иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк.
Бажы кызматынын полковниги жана андан жогорку наамдардагы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча кызматтын кызыкчылыгы үчүн, ден соолугунун абалы боюнча, жеке өтүнүчү боюнча, штаттардын кыскартылышына, бажы органынын кайра уюштурулушуна, ошондой эле анын түзүмдүк бөлүмүнүн жоюлушуна же кыскартылышына байланыштуу кеминде үч жыл үзгүлтүксүз ээлеп келген кызмат орундарынан которулган күнгө карата иштеген жылдары үчүн пенсия алууга укук берген иштеген жылдары боюнча кызматтык маянасы төмөн болгон кызмат орундарына которулган жетекчилик курамдагы адамдарга пенсия кийин алар кызматтан бошотулган учурда көрсөтүлгөн которууга чейин алар ээлеген штаттык кызмат орду боюнча алардын маянасына жараша эсептелиши мүмкүн;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга кызмат өтөө үчүн, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык алты айдан ашык мөөнөткө кесиптик кайра даярдоодон өтүү, квалификациясын жогорулатуу же окуу үчүн иш сапарга жиберилген жана кызматтык маяна менен катар эле атайын наамы боюнча маяна жана иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк – кызматтан бошотулган күнгө карата алынуучу кызматтык маяна, ушул пункттун 1-пунктчасында каралган тартипте атайын наам боюнча маяна жана иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк алган бажы органдарынын кызматтан бошотулган кызматкерлерине, мында алар кызматтан бошотулганга чейин жогорку мамлекеттик бийлик органдарында, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда ээлеген кызмат орундары бул адамдар кадрларында эсепте турган органдардын ушундай эле кызматтык маянасы менен штаттык кызмат орундарына теңештирилет.
Кызматтан бошотулганга чейин алар иш сапарга жиберилген жогорку мамлекеттик бийлик органдарында, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген кызматкерлер үчүн белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө эмгек акы гана алган адамдарга – тиешелүү түрдө бажы органдарынын кызматында тургандар үчүн ушундай эле кызмат орду боюнча белгиленген кызматтык маяна, кызматтан бошотулган күнгө карата ыйгарылган атайын наам боюнча маяна жана бул маяналар боюнча эсептелген иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк.
8. Кызматтан бошотуудан мурун персоналдык кызматтык маяналарды же алыскы, бийик тоолуу жерлерде кызмат өтөгөндүгү үчүн жана белгилүү региондордо өзгөчө милдеттерди аткаргандыгына байланыштуу жогорулатылган акчалай күтүмдүн маяналарын алган бажы органдарынын кызматтан бошотулган кызматкерлерине пенсия персоналдык же жогорулатылган кызматтык маянадан эмес, кадимки кызматтык маянадан эсептелет.
9. Бажы органдарынын кызматкерлерине ушул Жобонун 6-пунктунда каралган тартипте пенсияны эсептөөдө эске алынуучу азык-түлүк үлүшүнүн айлык наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
10. Бажы органдарынын каза болгон (курман болгон) кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө пенсиялар ушул Жобонун 6-пунктунда каралган тартипте эске алынуучу, ага жараша багуучуга пенсия эсептелүүчү бажы органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшүнүн суммасынан, үй-бүлөгө пенсия дайындалган же кайра эсептелген күнгө карата бул акчалай үлүштү жана ушул Жобонун 9-пунктунда каралган тартипте көрсөтүлгөн күнгө карата аныкталуучу азык-түлүк үлүшүнүн айлык наркын жогорулатуу (индексациялоо) менен эсептелет. Мында ушул Жобонун 7-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы колдонулбайт.
Көрсөтүлгөн бажы органдарынын кызматкерлеринин ичинен каза болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө пенсия багуучуга пенсия эсептелген (кайра эсептелген) же ушул Жобонун 6, 8-пункттарына ылайык кайра эсептелүүгө тийиш болгон акчалай үлүштүн суммасынан, үй-бүлөгө пенсия дайындалган же кайра эсептелген күнгө карата жана ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык азык-түлүк үлүшүнүн айлык наркынын аталган күнгө карата аныкталуучу акчалай үлүштү жогорулатуу (индексациялоо) менен эсептелет.
11. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасы менен социалдык камсыздоо жөнүндө тиешелүү эл аралык келишимдер түзүлгөн башка мамлекеттердин бажы органдарында кызмат өтөөдөн бошотулгандарга, ошондой эле көрсөтүлгөн бажы органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасында пенсияны дайындоодо же төлөп берүүнү кайра жандандырууда, пенсия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери үчүн кызматтык абалы окшош болгон жана башка бирдей шарттарда белгиленген акчалай үлүштүн суммасынан жана ушул Жобонун 6–10-пункттарында каралган тартипте аныкталуучу азык-түлүк үлүшүнүн айлык наркынан эсептелет.
12. Жашоо наркы жогорулаган же бажы органдарында кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин акчалай үлүшү көбөйгөн учурда, «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялар төмөнкүдөй тартипте кайрадан каралууга тийиш:
1) жашоо наркы жогорулаган учурда – бажы органдарынын кызматтан мурда бошотулган кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалган пенсиялар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу жашоо наркынын тиешелүү мезгилдеги индексин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын калктын акчалай кирeшелерин индексациялоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте, өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдөн баштап жогорулайт;
2) бажы органдарында кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин акчалай үлүшү көбөйгөн учурда – мурда бажы органдарында кызматтан мурда бошотулган кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалган пенсиялар, эгерде аларга төлөнүүчү пенсиялардын деңгээли акчалай үлүш көбөйгөнгө чейин ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык индексациялоону (жогорулатууну) эске алуу менен тиешелүү категориялардагы кызматкерлердин көбөйтүлгөн акчалай үлүшүнөн бирдей шарттарда эсептелген пенсиялардын деңгээлинен төмөн болсо бир учурда кайра каралууга тийиш.
Мында, эгерде пенсияны кайра карап чыгууга негиз болсо, аларга мурда дайындалган пенсиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча, ушул Жобонун 6–11-пункттарында каралган тартипте аныкталуучу көбөйтүлгөн акчалай үлүштүн жана акчалай үлүш көбөйтүлгөн күнгө карата эсептелген азык-түлүк үлүшүнүн айлык наркынын суммасына жараша кайра эсептелет.
Пенсияны эсептөөдө толук көлөмдө эске алынуучу акчалай үлүштүн жана азык-түлүк үлүшүнүн айлык наркынын суммасы, ошондой эле тийиштүү учурларда пенсияга тиешелүү үстөктүн жана жогорулатуулардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнө жараша аларга пенсия кайра эсептелүүчү күнгө карата аныкталат.
13. Бажы органдарында кызматтан бошотулгандан кийин кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө дайындалган пенсияларды кайра кароо үчүн ушул пункттун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн эки негиз бир учурда келип чыккан учурда, пенсияларды кайра кароо мурда дайындалган пенсиялардын кайсы негиз боюнча көбүрөөк жогорулай тургандыгына жараша бул эки негиздин бирөө боюнча жүргүзүлөт.
Бажы органдарынын айрым кызматкерлеринин кызматтык маяналары инфляцияга байланыштуу эмес, акчалай үлүштү жөнгө салуу тартибинде көбөйгөн учурда, бажы органдарындагы кызматтан мурда бошотулган кызматкерлердин тиешелүү категорияларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү пенсиялар ушул пункт боюнча кайра кароого жатпайт.
14. Мурда дайындалган пенсиянын өлчөмүн жогорулатууга байланыштуу (майыптуулуктун кыйла жогорку тобу белгиленгенде, иштеген жылдары көбөйгөндө, үстөк чегерилгенде ж.б.) пенсия кайра эсептелген учурда, ушул Жобонун 6-пунктун эске алуу менен кайра эсептелген күнгө карата жогорулаган (индексацияланган) акчалай үлүштөн эсептелген пенсиянын жаңы өлчөмү тиешелүү үстөктөр менен биргеликте ушул Жобонун 12-пунктунун 1-пунктчасында каралган индексациялоо (жогорулатуу) менен мурунку жагдайда эсептелгенден төмөн болуп калса, пенсияны төлөө пенсионер аны андан ары жогорулатууга укук алганга чейин мурдагы өлчөмдө сакталат.
15. Бажы органдарынын кызматтан бошотулуп жаткандарга бир жолку жөлөкпулду, пайдаланылбаган эмгек өргүү үчүн акчалай компенсацияны төлөө «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Башка укук коргоо органдарына кызматка (жумушка) же анык аскердик кызматка которулганына байланыштуу бажы кызматынан бошотулган кызматкерлерге бир жолку жөлөкпул төлөнбөйт.
16. Бажы органдарынын кызматкерлеринин ичинен иштебеген пенсионерлерге төмөнкүдөй жөлөкпулдар төлөнөт:
– бала төрөлгөндө – эсептик көрсөткүчтүн 7 эселеген өлчөмүндө;
– алардын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөлөрү каза болгондо сөөк коюуга – эсептик көрсөткүчтүн 7 эселеген өлчөмүндө.
Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө үчүн төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
– бала төрөлгөндө – баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (же ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген баланын төрөлгөндүгүн ырастоочу маалымкат);
– каза болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгүн коюуга – ыйгарым укуктуу органын тарабынан берилген № 8 формага ылайык каза болгондугу тууралуу маалымкат.
Жөлөкпулдар бала төрөлгөн же үй-бүлө мүчөсү каза болгон күндөн тартып 6 айдан кеч эмес убакытта кайрылган учурда дайындалат жана төлөнөт.
Жөлөкпулдарды төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
Бажы органдарынын кызматкерлеринин ичинен пенсионер каза болгон учурда, каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө же анын сөөгүн жайга койгон башка адамдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт.
17. Бажы органдарынын жогорку же улук жетекчилик курамындагы, 25 жыл же андан көп иштеген жылдары бар жаш курагы же оорусу боюнча кызматтан бошотулган каза болгон пенсионерлердин үй-бүлөлөрүнө, багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу пенсия дайындалганынан көз карандысыз, эгерде бул үй-бүлөлөрдүн бажы органдарынын каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кыйла жогорку өлчөмдө камсыздандыруу суммаларын жана бир жолку жөлөкпулдарды алуу укугу жок болсо бир жолку жөлөкпул төлөнөт:
– жубайына – багуучунун үч айлык пенсиясынын өлчөмүндө;
– пенсионердин ар бир эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөсүнө – багуучу каза болгон күнгө чейин алган айлык пенсиясынын өлчөмүндө.
Ушул пунктта каралган бир жолку жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо жөлөкпулга укугу бар үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
– жубайы, жаш курагына жана эмгекке жарамдуулугуна карабастан;
– 18 жашка чыга элек жана 18 жашка чыкканга чейин майып болгон бул курактан улуу же багуучусу каза болгон күнгө карата күндүзгү билим берүү мекемелеринде окуган жана каза болгондун багуусунда болгон 23 жашка чыга элек балдары;
– «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуу үчүн зарыл болгон куракка жеткен же майып болгон ата-энелери.
18. Бажы органдарынын кызматкерлеринин ичинен каза болгон пенсионерлердин багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу пенсия албаган жубайларына (өзүнө же балдарына), эгерде алардын бажы органдарынын каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кыйла жогорку өлчөмдө камсыздандыруу суммаларын жана бир жолку жөлөкпулдарды алуу укугу жок болсо, багуучусу каза болгон күнгө чейин алган айлык пенсиясынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
19. Ушул Жобонун 14-пунктунда каралган жөлөкпулдар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен, ал эми 15-пунктта каралган жөлөкпулдар – бажы органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсиялык камсыздоого Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен төлөнүүгө тийиш.
20. Бажы органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсиялык камсыздоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын финансы башкармалыгынын пенсиялык кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.