Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-октябры № 757-т
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII "Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жана тактоого, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 2026-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, шайлоону өткөрүү убагында шайлоо участокторун кайтаруу, шайлоо жабдууларын шайлоо участокторуна ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын добушун сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга, башка мыйзам бузууларга өз убагында жана натыйжалуу каршы аракеттенүү, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оперативдүү чара көрүүнүн координациялык топторунун ишинин алкагында укук коргоо органдарынын бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча активдүү ишти камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларды өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештиги боюнча белгиленген тартипте текшерүүнү жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо участокторун үзгүлтүксүз электр берүү менен камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында социалдык роликтерди, маалыматтык материалдарды жайгаштыруу жана прокаттоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча шайлоочуларга маалымдоого көмөк көрсөтсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө шайлоо участокторун түзүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочуларга маалымдоо боюнча чараларды көрсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн;
- маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, шайлоочулардын так тизмесин түзүүнү, аны Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде анык актуалдаштырууну камсыз кылсын;
- шайлоочуларды реалдуу убакыт режиминде (онлайн) идентификациялоо системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле байланыш каналдарын уюштурууну жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды автотранспорттук, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечсин;
- шайлоо участоктору боюнча майыптыгы бар адамдарга добуш берүү үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар адамдар болуп саналган шайлоочулардын муктаждык карталарын түзүү үчүн майыптыгы бар адамдар болуп саналган шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды түзүү боюнча чараларды көрсүн;
- үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүп берсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыз кылсын.
12. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдырсын.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте шайлоо комиссияларына бөлүнүп берилген жайларды материалдык-техникалык, өрт жана энергетикалык коопсуздуктун талаптарына шайкештиги боюнча текшерүүнү жүргүзсүн.
14. Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын ишин уюштуруучулук, техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
15. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.