Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 700 токтому менен бекитилди) |
Турукташтыруу режимин
колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Турукташтыруу жөнүндө макулдашууну түзүү тартиби жана мөөнөттөрү жана аны түзүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
3-глава. Реестрди жүргүзүү тартиби, инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын отчеттуулугу
4-глава. Макулдашууну бузуу тартиби
1-тиркеме
2-тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилген учурда инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана үчүн жагымдуу укуктук статусту билдирген турукташтыруу режимин колдонуу тартибин жана шарттарын жөнгө салат. Мында салыктык администрациялоо, салыктык карызды өндүрүү жана милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик маселелери Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген учурда турукташтыруу жөнүндө макулдашууну түзгөн инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана аталган макулдашууга кол коюлган датадан тартып 10 жылдын ичинде мындай макулдашууга кол коюлган датага колдонулган шарттарды же мыйзамдарга кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон эң жагымдуу шарттарды колдонууга укуктуу.
Эң жагымдуу шарттарды колдонуу жөнүндө чечим инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана тарабынан кабыл алынат жана ушул Жободо белгиленген жол-жоболорго ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө (кабарлоо тартибинде) билдирилет.
3. Турукташтыруу режимин колдонуу укугуна төмөнкүлөр ээ:
1) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып үч жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына 200 000 000 (эки жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө инвестиция салган инвестор;
2) пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып беш жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына 1 000 000 000 (бир миллиард) сомдон кем эмес өлчөмдө инвестиция салган инвестор.
4. Турукташтыруу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин күчүнө кирген кыйла жагымдуу шарттарды колдонууга инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын укуктарын чектөө үчүн негиз болуп саналбайт.
2-глава. Турукташтыруу жөнүндө макулдашууну
түзүү тартиби жана мөөнөттөрү жана аны түзүүдөн
баш тартуу үчүн негиздер
5. Турукташтыруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары –макулдашуу) инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана менен инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда түзүлгөн, инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын салыктарга жана салыктык эмес кирешелерге карата турукташтыруу режимин колдонуу укугун караган келишим болуп саналат.
6. Макулдашууда тараптардын аталыштары, тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, макулдашуунун предмети, салынуучу инвестициялардын өлчөмү, графиги жана максаттуу багыты, турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары, ошондой эле макулдашуунун колдонуу мөөнөтү камтылууга тийиш.
Эгерде инвестициялык долбоорду Кыргыз Республикасынын облустарынын аймагында ишке ашыруу пландаштырылса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашууну түзүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө милдеттүү түрдө макулдашууга жиберет (долбоордун региондун инфраструктурасына жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасирин баалоо үчүн).
Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү макулдашуунун долбоорун карайт жана ал келип түшкөн күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде өз корутундусун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
7. Макулдашууну түзүү үчүн инвестор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жүзүндө же «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу төмөнкү документтерди берет:
1) инвестор – жеке жак:
– ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча турукташтыруу режимин берүүгө каттоо арызы;
– паспорттун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документтин көчүрмөсү, анын ичинде «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
– инвестициялык долбоордо каралган инвестициялардын жалпы суммасынын 3 % өлчөмүндөгү банктык кепилдик. Банктык кепилдик шартсыз, кайра чакыртып алынгыс болууга, алуучунун биринчи талабы боюнча төлөмдү камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш жүргүзгөн банк же чет өлкөлүк банк тарабынан берилүүгө тийиш. Банктык кепилдикти алуучу катары салык кызматынын органы көрсөтүлүүгө тийиш. Банктык кепилдиктин колдонуу мөөнөтү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнө жараша белгиленет;
2) инвестор – юридикалык жак жана (же) инвестициялануучу ишкана:
– ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча турукташтыруу режимин берүүгө каттоо арызы;
– инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу адамынын колу менен күбөлөндүрүлгөн уставынын көчүрмөсү;
– ыйгарым укуктуу адамдын колу менен күбөлөндүрүлгөн инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын башкаруу органынын макулдашууну түзүү жөнүндө чечими;
– инвестициялануучу ишкананын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
– чет өлкөлүк уюштуруучунун иштеп жаткан юридикалык жак экендигин ырастаган мамлекеттик реестрден мыйзамдаштырылган же апостиль коюлган көчүрмө (же юридикалык жактын өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткандыгын күбөлөндүрүүчү башка документ). Аталган документ арыз берилген күнгө чейин алты айдан кеч эмес берилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда документтерди мыйзамдаштыруу жана апостиль коюу талап кылынбайт;
– салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
– шартсыз, кайра чакыртып алынгыс болгон жана инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банк тарабынан инвестициялык макулдашууга ылайык инвестициялардын жалпы суммасынын 3 % өлчөмүндө берилиши мүмкүн болгон банктык кепилдик. Банктык кепилдикти алуучу катары салык кызматынын органы көрсөтүлөт. Банктык кепилдиктин колдонуу мөөнөтү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнө жараша белгиленет;
– ишкананы түзүүдө жана (же) инвестициялануучу ишканада катышуу үлүшүн (акцияларды) сатып алууда катышуу үлүшүнүн (акциялардын) наркы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
– акционерлердин реестринен же юридикалык жактардын реестринен көчүрмө;
– инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын өкүлүнүн макулдашууга кол коюу ыйгарым укуктарын ырастоочу документ (ишеним кат, чечимден/протоколдон көчүрмө);
– инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын атынан макулдашууга кол койгон адамдын паспортунун же анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документинин көчүрмөсү.
8. Макулдашуунун долбоору ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык типтүү форма боюнча түзүлөт.
9. Ушул Жобонун 7-пунктунда каралган документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Чет тилде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилүүгө тийиш.
10. Инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана тарабынан берилген документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алар катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө алардын толук берилиши боюнча каралат.
11. Документтердин толук эместиги же алардын жетишсиздиги аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү аяктаган күнү инвесторго жана (же) инвестициялануучу ишканага (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө) жетишпеген документтерди берүү зарылдыгы жөнүндө электрондук түрдө же байланыш системалары аркылуу кабарлайт.
12. Инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана ушул Жобонун 14-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, кабарлоо алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жетишпеген документтерди берүүгө милдеттүү.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 14-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, документтердин толук топтомун карайт жана акыркы жетишпеген документ келип түшкөн күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө макулдашууну түзүү же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
14. Түзүлүп жаткан инвестициялык макулдашуунун алкагында суралуучу жана мамлекеттик колдоо чарасы катары берилүүчү турукташтыруу режимин берүү жөнүндө суроо-талапка байланыштуу инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын документтери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралган учурда төмөнкү мөөнөттөр белгиленет:
1) документтердин толук берилиши боюнча аларды кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алар берилген күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлөт;
2) инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кабарлоо алган күндөн тартып беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө жетишпеген документтерди берет;
3) турукташтыруу режимин берүүдөн баш тартуу же макулдашууну түзүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан документтердин толук топтому кабыл алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө чыгарылат.
15. Макулдашууну түзүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет. Аталган буйруктун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана менен макулдашууга кол коёт.
16. Макулдашууга бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада мамлекеттик же расмий тилде кол коюлат. Түзүлгөн макулдашуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн Макулдашууларды эсепке алуу реестринде (мындан ары – Реестр) милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Эгерде макулдашуунун өзүндө башкача каралбаса, турукташтыруу режими тараптар макулдашууга кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтарды Реестрге өз убагында киргизбегендиги инвестордун турукташтыруу режимин колдонуу укуктарын чектөө үчүн негиз боло албайт.
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн (анын ичинде электрондук түрдө) салык кызматынын органдарына жиберет.
18. Инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө бербеген учурда, ошондой эле эгерде берилген документтерде анык эмес маалыматтар камтылса же алар ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашууну түзүүдөн баш тартат.
19. Инвестор өз арызын кароонун жүрүшү жөнүндө маалымат берүү тууралуу суроо-талап менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга, чечим кабыл алынганга чейин каалаган этапта актуалдуу жана анык маалыматтарды алууга, баш тартуунун жүйөлүү негиздемесин берүүнү талап кылууга, ошондой эле кабыл алынган чечимдерге Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
3-глава. Реестрди жүргүзүү тартиби, инвестордун жана (же)
инвестициялануучу ишкананын отчеттуулугу
20. Макулдашууларды эсепке алуу реестри ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук форматта жүргүзүлөт.
21. Реестрге макулдашуунун каттоо номери жана түзүлгөн датасы, инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСН), алардын мамлекеттик реестрге ылайык ишинин негизги түрү, ошондой эле макулдашуунун колдонуу мөөнөтү киргизилет.
22. Реестр электрондук форматта ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат жана жалпыга таанышуу үчүн ачык болуп саналат. Реестрдин маалыматтарын жаңылоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашууларды түзүү, өзгөртүү же колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилгендигине жараша жүзөгө ашырылат.
23. Инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, мамлекеттик санариптик технологиялык система аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү маалыматтарды камтыган отчетту электрондук түрдө берет:
1) отчеттук мезгилде инвестициялануучу ишкананын капиталына иш жүзүндө салынган инвестициялардын суммасы жөнүндө;
2) инвестициялык долбоорго ылайык салынган инвестицияларды өздөштүрүүнүн багыттары жөнүндө.
Тиешелүү мамлекеттик санариптик технологиялык система пайдаланууга берилгенге чейин отчет кагаз жүзүндө берилет.
24. Отчетко инвестицияларды салуу фактын жана алардын суммасын ырастоочу документтердин түп нускалары же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет. Мындай документтер катары төлөм тапшырмалары жана каражаттардын которулгандыгын далилдеген башка банктык документтер, уставдык капиталдын көбөйтүлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер, аудитордук корутундулар, ошондой эле натуралай түрдөгү салымдарды баалоо жөнүндө отчеттор берилиши мүмкүн.
25. Отчет инвестордун же инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын ыйгарым укуктуу адамынын мөөрү жана (же) колу менен күбөлөндүрүлөт.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетту алган датадан тартып 10 жумуш күндүн ичинде мониторинг жүргүзүү үчүн отчеттун бир нускасын салык кызматынын органына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберет.
27. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан тарап алар пайда болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 10 календардык күндөн кечиктирбестен алардын келип чыккандыгы жөнүндө экинчи тарапка жазуу жүзүндө жана (же) электрондук формада кабарлоого (кийинчерээк алардын токтогондугу жөнүндө да кабарлоого), ошондой эле мындай жагдайлардын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн бардык акылга сыярлык чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ал жеткис күчтүн жагдайларына төмөнкүлөр кирет: табигый кырсыктар (жер титирөөлөр, суу ташкындары, өрттөр), согуш аракеттери, жарандык башаламандыктар, өзгөчө же согуш абалын киргизүү, эпидемиялар, пандемиялар, ошондой эле тараптардын эркинен көз карандысыз келип чыккан, өзгөчө жана алдын ала күтүлбөгөн мүнөзгө ээ болгон жана макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарууну объективдүү түрдө мүмкүн эмес кылган башка жагдайлар.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жасаган аракеттери (аракетсиздиги), мындай аракеттер (аракетсиздик) инвесторго көз каранды болбогон себептерден улам анын макулдашуу боюнча милдеттенмелерин аткаруусунун түздөн-түз мүмкүн болбой калышына алып келген учурларды кошпогондо, ал жеткис күчтүн жагдайлары деп таанылбайт.
4-глава. Макулдашууну бузуу тартиби
28. Макулдашууну бузуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын ушул Жобонун 3-пунктунда жана инвестициялоо графигинде (ал болгон учурда) белгиленген көлөмдө жана мөөнөттөрдө инвестиция салуу боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы;
2) инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын демилгеси;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими.
29. Ушул Жобонун 3-пунктунда инвестиция салуу үчүн белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар жылдык отчеттордун жана (же) аудитордук корутундунун маалыматтарынын негизинде инвестордун инвестициялык милдеттенмелерин аткарышына талдоо жүргүзөт. Милдеттенмелер аткарылбаган факт аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвесторго жана (же) инвестициялануучу ишканага макулдашууну бир тараптуу тартипте бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтөт.
30. Ушул Жобонун 28-пунктунун 1-пунктчасында каралган негиздер боюнча макулдашуу мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана макулдашуу колдонулган бүткүл мезгил үчүн турукташтыруу режимин колдонууга байланыштуу төлөнбөй калган салыктардын, салыктык эмес кирешелердин жана башка төлөмдөрдүн суммаларын, ошондой эле туумдарды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бюджетке төлөөгө милдеттүү.
31. Өз демилгеси боюнча бузулган учурда инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана макулдашууну бузуу жана турукташтыруу режимин колдонууну токтотуу жөнүндө арыз менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз катталган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен макулдашууну бузуу жөнүндө чечим кабыл алат жана Реестрге тиешелүү жазууну киргизет.
32. Макулдашууну бузуу демилгеленген күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвесторго жана (же) инвестициялануучу ишканага пландан тышкаркы салыктык текшерүү жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө жүйөлүү кабарламаны ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтөт. Мындай текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү, тереңдиги жана жол-жобосу турукташтыруу режимин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталат.
Текшерүү жүргүзүүнүн негизги максаты тиешелүү мезгилдерде колдонулган жалпы белгиленген ставкалар боюнча эсептелген салыктардын суммалары менен инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана турукташтыруу режими колдонулган шарттарда иш жүзүндө төлөгөн салыктардын суммаларынын ортосундагы айырманы белгилөө болуп саналат.
Салык кызматынын органдары текшерүүлөрдүн материалдары боюнча тиешелүү чечимдерди Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө берет.
Көрсөтүлгөн айырма мамлекеттик бюджеттин алдындагы салык карызынын суммасы деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонуудагы салыктык эскирүү мөөнөттөрүнүн алкагында салык кызматынын органдары тарабынан өндүрүп алынууга тийиш.
33. Турукташтыруу режими колдонулган салыктык эмес кирешелер боюнча төлөмдөрдүн администраторлору болуп саналган мамлекеттик органдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кабарлама алган күндөн тартып макулдашуу колдонулган мезгил үчүн тиешелүү салыктык эмес кирешелерди кайра эсептөөнү жүзөгө ашырат.
Кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча салыктык эмес кирешелердин администратору келип чыккан айырманын суммасынын негизделген эсептөөлөрүн түзөт (же анын жоктугун белгилейт) жана аны кабарлама алынган күндөн тартып үч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө расмий отчет формасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
34. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүлөрдүн жана эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде инвесторго жана (же) инвестициялануучу ишканага салыктык эмес кирешелер боюнча эсептөөлөрдү жана салык органынын чечимин таанышуу жана келип чыккан карызды төлөө үчүн коштомо кат менен жөнөтөт.
35. Инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана салык органынын чечимине макул болбогон учурда, ага Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык даттанылат. Салыктык эмес кирешелердин администратору болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептөөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык даттанылат.
36. Инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана инвестициялык макулдашуунун жоболоруна ылайык кабыл алган милдеттенмелерди инвестор бузган учурда, ошондой эле мамлекеттин алдында карыздар жана милдеттенмелер болгон учурда банктык кепилдик өндүрүп алынууга тийиш.
37. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашууну бузуу жөнүндө буйругу жүйөлүү негиздемени камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буйрук кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн инвесторго жана (же) инвестициялануучу ишканага жөнөтөт. Макулдашуу инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана аталган буйрукту алган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин бузулду деп эсептелет.
38. Мамлекеттик бюджеттин алдында карыз болгон жана инвестор белгиленген мөөнөттө милдеттенмелерин аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төлөнбөгөн салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдөрдө өндүрүп алуу үчүн инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын банктык кепилдигин салык кызматына жөнөтөт.
39. Инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында келип чыккан карызы жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай карыздын жоктугун ырастаган салык кызматынын органынын чечимин жана салыктык эмес кирешелердин администраторунун эсептөөлөрүн алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде банктык кепилдикти инвесторго жана (же) инвестициялануучу ишканага кайтарып берет.
| Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Турукташтыруу режимин берүүгө № ________ каттоо арызы
Юридикалык жак (инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана) үчүн ____________________________________________________________ (керектүүсүнүн астын сызуу керек) Юридикалык жактын толук аталышы ____________________________ Экономиканын сектору ________________________________________ Турукташтыруу объекттери ____________________________________ (керектүүсүн Х белгиси менен белгилөө керек) ☐ салыктар ☐ салыктык эмес кирешелер Инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын байланыш маалыматтары: Өлкө _______________________________________________________ Шаар _______________________________________________________ Почта дареги ________________________________________________ Телефон/факс ________________________________________________ Электрондук почта дареги _____________________________________ Веб-сайт (бар болсо) __________________________________________
Инвестордун жана (же) инвестициялануучу ишкананын өкүлүнүн байланыш маалыматтары Фамилиясы __________________________________________________ Аты ________________________________________________________ Атасынын аты _______________________________________________ Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ __________________________ Документтин түрү ____________________________________________ Сериясы жана номери _________________________________________ Ким тарабынан жана качан берилген _____________________________ Почта дареги _________________________________________________ Телефон/факс ________________________________________________ Электрондук дареги ___________________________________________
Арыз ээси салык төлөөчү катары катталган аймактык салык органынын аталышы ____________________________________________________ ____________________________________________________________
Эскертүү. Инвестор жана (же) инвестициялануучу ишкана байланыш маалыматтары өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Өзгөрүүлөрдүн болгондугу жөнүндө кабарлабаган же өз убагында кабарлабаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтерди жана кабарлоолорду акыркы почта же электрондук дареги боюнча жиберет жана мындай кабарлоолор талаптагыдай түрдө жеткирилген деп эсептелинет.
| |
Датасы ___________________
| Колу ___________________ |
Жеке жак (инвестор) үчүн ______________________________________ Экономиканын сектору ________________________________________ Турукташтыруу объекттери ____________________________________ (керектүүсүн Х белгиси менен белгилөө керек) ☐ салыктар ☐ салыктык эмес кирешелер Инвестордун байланыш маалыматтары ___________________________ Фамилиясы __________________________________________________ Аты ________________________________________________________ Атасынын аты _______________________________________________ Инсандыгын күбөлөндүрүүчү же аны алмаштыруучу документ: Документтин түрү ____________________________________________ Сериясы жана номери _________________________________________ Ким тарабынан жана качан берилген _____________________________ Өлкө _______________________________________________________ Шаар _______________________________________________________ Почта дареги _________________________________________________ Телефон/факс ________________________________________________ Электрондук дареги ___________________________________________ Веб-сайт (бар болсо) __________________________________________
Эскертүү. Инвестор байланыш маалыматтары өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Өзгөрүүлөрдүн болгондугу жөнүндө кабарлабаган же өз убагында кабарлабаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтерди жана кабарлоолорду акыркы почта же электрондук дареги боюнча жиберет жана мындай кабарлоолор талаптагыдай түрдө жеткирилген деп эсептелинет.
| |
Датасы ___________________ | Колу ___________________ |