Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО
ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 24-августу № 199
Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби
жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө
тартиби жөнүндөгү жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибинин 3 жана 4-пункттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндөгү жобого Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
2) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул чектөө тууралуу арызды толтуруунун тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу Социалдык коргоо департаменти (мындан ары – Социалдык коргоо департаменти) мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча тиркелген Усулдук көрсөтмөлөрдү эске алуу менен, Министрликтин райондор аралык, райондук жана шаардык башкармалыктарына (мындан ары – аймактык башкармалыктар) ушул буйрук менен бекитилген Усулдук көрсөтмөлөргө ылайык усулдук жана практикалык жардам көрсөтсүн.
3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура жана өз убагында дайындоо жана төлөө үчүн жеке жоопкерчилик аймактык башкармалыктарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Аймактык башкармалыктардын жетекчилери төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) ушул буйруктун так аткарылышын;
2) жергиликтүү маалымат каражаттарын тартуу менен, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” – ай сайын жөлөкпулун берүүгө өзгөчө басым жасап, анын ичинде мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү механизмдерин калкка түшүндүрүүгө багытталган, маалымдоо иш-чараларын өткөрүүнү.
5. Министрликтин Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) социалдык жардамдын санариптик технологиялык тутумун уюштуруучулук-техникалык жактан коштоону жана анын иштешин, анын ичинде программалык-техникалык каражаттардын ишке жөндөмдүүлүгүн, киргизилүүчү жана чыгарылуучу маалыматтарды түзүүнү;
2) “Түндүк” ачык акционердик коому менен биргеликте:
– социалдык жардамдын санариптик технологиялык тутумунун башка ички санариптик технологиялык тутумдар менен, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптик технологиялык тутумдары менен өз ара аракеттенүүсүн;
– мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого электрондук арыздарды берүү үчүн ички санариптик технологиялык тутумдардын маалыматтарын мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы менен маалыматтарды иштеп чыгуу жана интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн;
3) Социалдык жардамдын санариптик технологиялык тутумунун модулдарына аймактык башкармалыктардын, Социалдык коргоо департаментинин жана Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин жеткиликтүүлүгүн;
4) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Министрликтин веб-сайтына жайгаштырууну.
6. Министрликтин Социалдык төлөмдөр башкармалыгы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) бир айлык мөөнөттө мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү боюнча отчеттулук формаларын иштеп чыгууну жана жетекчиликтин бекитүүсүнө киргизүүнү;
2) ушул буйруктун расмий жарыяланышын;
3) ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде анын электрондук версиясын мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
7. Министрликтин Пресс-катчысы мамлекеттик жөлөкпулдарды, анын ичинде 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпулун берүү маселелерин маалымат каражаттарында жарыялоону уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.
8. Министрликтин Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
9. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 58 “Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо тартиби жөнүндө Жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары М.К. Байгончоковго жүктөлсүн.
Министр | К.Л.Сагынбаев |