Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигинин 2026-жылдын “___” - августундагы №_____ буйругуна 2-тиркеме |
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн)
“үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул чектөө тууралуу арызды
толтуруунун тартиби жөнүндөгү Усулдук көрсөтмөлөр
1. Жалпы жоболор
2. Үй-бүлөлүк абалы
3. Үй-бүлөнүн курамы
4. “Үй-бүлөгө көмөктү” эсептөө/кайра эсептөө
I БӨЛҮК. Сиз жана үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү учурда иштеп жатасызбы (эмгек акы, пенсия, стипендия ж.б. аласызбы)
II БӨЛҮК. Үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнүн арасында орто мектепте, лицейде, гимназияда, окуу жайда, колледжде, ЖОЖдо же башка окуу жайында билим алып жаткандар барбы
III БӨЛҮК. Сиз жана үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү негизги жумуш ордунан тышкаркы алименттер, сыйлык акылар, дивиденддер, кайрымдуулук жардамдары, банктык салымдар боюнча утуштар ж.б. түрүндө кирешелерге ээсизби
IV БӨЛҮК. Сиз же үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнүн бири ишкердик менен алектенесизби
V БӨЛҮК. Үй-бүлөңүздүн фермердик (дыйкан) чарбасы же жер тилкеси барбы
VI БӨЛҮК. Үй-бүлөңүздүн жеке көмөкчү чарбасы (үй жанындагы жер тилкеси, айыл чарба жаныбарлары) барбы
VII БӨЛҮК. Сиз же үй-бүлөңүздүн мүчөсү банкта акчаңыз барбы
VIII БӨЛҮК. Үй-бүлөнүн айлык жалпы кирешеси
5. Жыйынтыктоочу жоболор
1. Жалпы жоболор
1. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул чектөө тууралуу арыз (мындан ары – Арыз) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү санариптик технологиялык тутумунда (мындан ары – СТТ) мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча жооптуу адис (мындан ары – адис) тарабынан “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү тутумун (мындан ары – “Түндүк” СӨТ) колдонуу менен өзүнчө талааларды автоматтык толтуруу жолу менен, ал эми мамлекеттик/муниципалдык органдардын санариптик технологиялык тутумундарында (мындан ары – мамлекеттик/муниципалдык органдардын СТТлары) маалыматтар жок болгон учурда – арыз ээси тарабынан берилген документтердин негизинде СТТга маалыматтарды киргизүү жолу менен түзүлөт.
2. Арызды толтурууда төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтому менен бекитилген “16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” – ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобо” жана “Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жобо”;
2) ушул Усулдук көрсөтмөлөр.
3. Арыздын каттоо номери арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалыматтар СТТнын маалыматтар базасына киргизилгенде СТТ тарабынан автоматтык түрдө ыйгарылат, мында:
– биринчи цифра облустун кодун;
– экинчи жана үчүнчү цифралар райондун кодун;
– акыркы алты цифра арыз ээсинин тартип номерин билдирет.
4. Арызды толтурууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Арыз берилүүчү социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарымдуу органдын райондор аралык, райондук (шаардык) аймактык бөлүмүнүн (мындан ары – аймактык бөлүм) аталышы (мамлекеттик/муниципалдык органдардын интеграцияланган маалыматтык системаларынан түшкөн маалыматтардын негизинде автоматтык киргизүү);
2) арызды толтуруунун күнү (арызды каттоодо система тарабынан белгиленген дата жана убакыт боюнча автоматтык түрдө киргизүү):
Мисалы:
Нарын районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына (ЭСжКМБ)
(жашаган жери боюнча райондор аралык, райондук (шаардык) башкармалыктын аталышы)
Арызды толтурган күнү 2026-жылдын 17-ноябры
3) арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты (толук – арыз ээсинин ЖИНи киргизилгенден кийин автоматтык түрдө толтурулат);
4) арыз ээсинин персоналдык идентификациялык номери (ЖИН);
5) арыз берилген күнгө карата 16 жашка толо элек балдардын саны;
6) дареги жана почта бөлүмүнүн индекси;
7) эсеп ачылган банктын аталышы жана эсептик счетунун номери;
8) телефон номерлери (үйдүкү, жумуш, мобилдик) бар болсо;
9) паспорттук маалыматтар (башка өздүгүн тастыктаган документтин маалыматтары).
2. Үй-бүлөлүк абалы
5. “Үй-бүлөлүк абалы” бөлүмүн толтуруу автоматтык түрдө (мамлекеттик/муниципалдык органдардын СТТларда маалыматтар бар болсо) жүргүзүлөт. Мамлекеттик/муниципалдык органдардын СТТларында маалыматтар жок болгон учурда, маалыматтар арыз ээси тарабынан берилген документтердин негизинде адис тарабынан киргизилет.
Арыз ээрисинин статусу тиешелүү кутучага “галочка” белгиси менен белгилениши керек:
бойдок – арызды толтуруу учурунда катталган же катталбаган никеде турбаган жана эч качан никеде болбогон арыз берүүчү;
камкорчу – өзүнө жашы жете элек балдарга камкордукту документалдуу түрдө таризделген арыз берүүчү;
катталган нике – арызды толтуруу учурунда катталган никеде турган, башкача айтканда нике жарандык абалдын актыларын жазуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органда (ЖААК) катталган арыз берүүчү;
катталбаган нике – арызды толтуруу учурунда катталбаган никеде турган, башкача айтканда нике ЖААК органдарында катталбаган арыз берүүчү;
жалгыз бой эне – өзү менен бирге жашаган балдары бар, арызды толтуруу учурунда катталган же катталбаган никеде турбаган эне;
жесир (жесил) – катталган же катталбаган никеде турган, бирок арызды толтуруу учурунда өлүм себебинен күйөөсүнөн (аялынан) ажыраган арыз берүүчү;
катталган ажырашуу – катталган никеде турган, бирок арызды толтуруу учурунда расмий түрдө ажырашкан, башкача айтканда ажырашуу ЖААК органдарында катталган арыз берүүчү;
катталбаган ажырашуу – катталган же катталбаган никеде турган, ушул никеден балдары бар, бирок арызды толтуруу учурунда жубайы менен жашабаган арыз берүүчү.
6. Эгер арыз ээси мурун 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул ала элек болсо (мындан ары – “үй-бүлөгө көмөк”), анда “жок” деген сөзүн сызып коюу зарыл.
Эгер арыз ээси мурун “Үй-бүлөгө көмөк” алган болсо, анда “Ооба” деген сөзүн сызып, анын алган жерин жана качан алганын көрсөтүү зарыл.
Мисалы:
Сиз буга чейин жөлөкпулдун ушул түрүн алган белеңиз “Ооба”, “Жок”, эгер “Ооба” болсо, кайда жана качан?
2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ЭСжКМБда
3. Үй-бүлөнүн курамы
7. “Үй-бүлөнүн курамы” таблицасына арыз толтурулуп жаткан арыз ээси кошулбайт. ИЖНи бар болгон учурда, “Жынысы” графасына ушул номердин биринчи саны жазылат (ал үй-бүлө мүчөсүнүн жынысын билдирет – эркектер үчүн – 2, аялдар үчүн – 1), “Туулган күнү” графасына ушул номерден кийинки сегиз сан жазылат (алар туулган күндү, айды жана жылды билдирет), “Үй-бүлө мүчөсүнүн идентификациялык номери” графасына номердин калган беш саны (тартип номери) жазылат.
Мисалы: Биринчи үй-бүлө мүчөсү төмөнкүдөй социалдык коргоонун персоналдык идентификациялык номерине ээ:
1 | 01021970 | 00098, | ал төмөнкүнү билдирет: |
|
Биринчи саны – 1 (аял)
Кийинки сегиз сан – 01021970 (туулган күнү, айы, жылы – 1970-жылдын 1-февралы)
Акыркы беш сан – 00098 тартип номери
Үй-бүлө курамы:
№ п/п |
Фамилиясы, аты, атасынын аты | жынысы (эрк -2 аял-1) | Туулган күнү (толук жазылат) | Үй-бүлө мүчөсүнүн индентификациялык номери | Өздүгүн тастыктаган документтин № жана сериясы | Арыз ээсине туугандык даражасы | Жарандыгы |
1 |
| 1 | 01021970 | 00098 |
| аялы | кырг |
2 |
|
|
|
|
|
|
|
8. Эгер үй-бүлөдө пенсионерлер болсо, алар дагы үй-бүлөнүн курамында көрсөтүлөт.
9. “Өздүгүн тастыктаган документтин № жана сериясы” графасы паспорттун (же башка өздүгүн тастыктаган документтин), 16 жашка чейинки балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн маалыматтарынын негизинде толтурулат. Эгер бала 16 жаштан улуу болсо, графа паспорттун маалыматтарынын негизинде толтурулат. Эгер паспорт жок болсо, толтуруу туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.
10. Эгер арыз камкордукка алынган балдары бар үй-бүлө тарабынан берилсе, анда таблицага үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү, анын ичинде камкордукка алынган балдар да киргизилет.
11. Арызды толтурууда арыз ээсинин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жарандыгы сөзсүз түрдө көрсөтүлөт.
4. “Үй-бүлөгө көмөктү” эсептөө/кайра эсептөө
12. “Үй-бүлөгө көмөктү” эсептөө/кайра эсептөө таблицасына маалыматтар Арыздын VIII бөлүмүн жана Арызга 1-тиркемени “Үй-бүлөгө дайындалган (кайра эсептелген) “Үй-бүлөгө көмөк” суммалары тууралуу маалымат” толуктоонун жыйынтыктары боюнча киргизилет.
Мында “кайрылган күнгө” графасына арыз ээси кайрылган күнүнө туура келген маалыматтар киргизилет.
Эгер үй-бүлөгө “үй-бүлөгө көмөк” өлчөмүнүн көбөйүшүнүн, жөлөкпул алууга укугу бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн санынын өзгөрүүсүнүн ж.б. себептеринен кайра эсептөө жүргүзүлсө, анда тиешелүү графаларда кайра эсептөө күнү, үй-бүлөнүн киши башына карата орточо жыйынды кирешеси (мындан ары – ҮКБЖК), үй-бүлөдөгү “үй-бүлөгө көмөк” алуучулардын саны жана “үй-бүлөгө көмөктүн” жалпы өлчөмү көрсөтүлөт.
I БӨЛҮК. Сиз жана үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү учурда иштеп жатасызбы
(эмгек акы, пенсия, стипендия ж.б. аласызбы)
13. Мамлекеттик/муниципалдык органдардын СТТда маалыматтар бар болсо, бул бөлүк автоматтык түрдө толтурулат.
Мамлекеттик/муниципалдык органдардын СТТда маалыматтар жок болгон учурда, бөлүк адис тарабынан арыз ээси тапшырган жумуш, кызмат, окуу ж.б. орду боюнча алынган маалымкаттардын негизинде толтурулат.
14. 2-гр. киреше алып жаткан үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн ысымдары, алардын кесиби 3-гр. көрсөтүлүп, негизги жумуш, кызмат, окуу ж.б. орду боюнча кирешелери киргизилет.
4-гр. кирешенин түрү көрсөтүлөт: эмгек акы, стипендия, пенсиянын түрү ж.б., мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан алынган маалыматтардын негизинде, ал эми алар жок болгондо – менчигинин формасына карабастан, ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалар тарабынан берилген маалымкаттардын негизинде.
Пенсиялар үй-бүлөнүн кирешесинде эсепке алынбаганы менен, пенсиянын түрү жана пенсиянын өлчөмү аларды СТТга эсепке алуу жана кийинки аналитикалык иштерди жүргүзүү үчүн көрсөтүлөт.
15. 5-графага жөлөкпулга кайрылууга чейинки акыркы үч айдагы алынган кирешенин суммасы (камсыздандыруу төгүмдөрү жана киреше салыгы алынып салынгандан кийин) көрсөтүлүп, андан кийин 3кө бөлүү жолу менен айлык кирешенин орточо суммасы аныкталат.
II БӨЛҮК. Үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнүн арасында орто мектепте,
лицейде, гимназияда, окуу жайда, колледжде, ЖОЖдо же башка окуу
жайында билим алып жаткандар барбы
16. Бул бөлүк окуу жеринен алынган маалыматтардын негизинде толтурулат. Бул бөлүккө ылайык келген үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү көрсөтүлөт. Окууга (контракттык негизде) төлөнгөн суммалар жана стипендиялар үй-бүлөнүн кирешесинде эсепке алынбайт. Контракттык негизде билим алып жаткан жарандардын саны тууралуу маалыматтар аларды СТТга эсепке алуу үчүн керек.
III БӨЛҮК. Сиз жана үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү негизги жумуш ордунан
тышкаркы алименттер, сыйлык акылар, дивиденддер, кайрымдуулук
жардамдары, банктык салымдар боюнча утуштар ж.б. түрүндө
кирешелерге ээсизби
17. Бул бөлүктө тийиштүү органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын маалымкаттарынын негизинде кирешенин бардык түрлөрү көрсөтүлөт. Ошондой эле, эгерде кирешени документтер менен тастыктоо мүмкүн болбосо арыз ээсинин сөзү боюнча да (мисалы, белек катары алынган суммалар), көрсөтүлөт.
IV БӨЛҮК. Сиз же үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнүн бири ишкердик
менен алектенесизби
18. Бул бөлүк патенттин жана кирешелер тууралуу маалымкаттардын негизинде же эгерде кирешени документтер менен тастыктоо мүмкүн болбосо, арыз ээсинин сөзү боюнча толтурулат.
Патенттин негизинде алынган кирешенин суммасы патенттин наркына (патенттин негизиндеги салыктын ченине) жараша эсептелет. Мында жарандардын патенттин негизиндеги экономикалык (ишкердик) ишмердигинен алынган кирешеси патенттин наркы алынуучу жалпы кирешенин 10 пайызына барабар деген эсептөөдөн аныкталат. Мында алынган таза киреше алынуучу жалпы 30 күндүк киреше менен патенттин 30 күндүк наркынын ортосундагы айырма катары эсептелет.
Мисалы:
Арыз ээсине жеке эмгек ишмердиги үчүн патент 30 күнгө ишмердиктин – “Репетитордук жана тренингдердин сабактарын өткөрүү” түрү боюнча берилген. Патенттин наркы (патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы) 600 сомду түзөт.
Патенттен жалпы кирешени эсептейбиз:
600 сом – 10 % жалпы кирешеден | → | 600 сом х 100 % : 10 % = 6 000 сом |
Х – жалпы кирешенин 100 % |
Патенттен алынган таза кирешени патенттин баасын чыгарып эсептейбиз:
6 000 сом – 600 сом = 5 400 сом
V БӨЛҮК. Үй-бүлөңүздүн фермердик (дыйкан) чарбасы же
жер тилкеси барбы
19. Бул бөлүк “Түндүк” СӨТ жардамы менен автоматтык түрдө толтурулат.
20. Бөлүк айыл чарба ишмердигинин түрлөрүн камтыйт: фермердик, дыйкан чарбасы же жер тилкесинин болушу (1-графа). Жер тилкесинин түрү: сугат, кайрак (2-графа). Жер тилкесинин аянты жүз чакырым менен көрсөтүлөт (3-графа). 4-графа жер тилкесинен кирешенин ченемдик көрсөткүчү автоматтык түрдө киргизилет.
21. Кирешенин жалпы суммасын эсептөө (5-графа) төмөнкүдөй жүргүзүлөт: жер тилкесинин аянтын кирешенин ченемге көбөйтөбүз.
Мында 4 жана 5-графалар СТТ аркылуу автоматтык түрдө толтурулат.
22. Эскертүүдө (6-графа) өзгөчө белгилер көрсөтүлөт, мисалы, эгерде үй-бүлөнүн жер тилкесин пайдалануудан алган кирешесин эсепке албоо чечими кабыл алынган болсо (эгерде жер жүйөлү себептерден улам иштетилбесе), бул графага тиешелүү белги коюлат (СТТ маалымдамадан тандалат).
VI БӨЛҮК. Үй-бүлөңүздүн жеке көмөкчү чарбасы (үй жанындагы жер
тилкеси, айыл чарба жаныбарлары) барбы
23. Бул бөлүк жеке көмөкчү чарбасы (үй жанындагы жер тилкеси жана айыл чарба жаныбарлары) бар болгондо толтурулат.
24. 1-графага үй жанындагы жер тилкесинин аянты жүз чакырым менен жана бир жүз чакырымдан айына болгон кирешенин ченемдери (2-графага) көрсөтүлөт. Үй жанындагы жер тилкесинен кирешенин жалпы суммасы (3-графа) бир жүз чакырымдан болгон кирешенин ченемдин (2-графа) үй жанындагы жер тилкесинин аянтына (1-графа) көбөйтүү жолу менен алынат.
Мында, СТТга маалыматтарды киргизүүдө 2 жана 3-графалар автоматтык түрдө толтурулат.
25. 4,5-графалар анализ жана кийинки көзөмөл үчүн толтурулат.
26. Графаларды толтуруу “Түндүк” СӨТ жардамы менен, ал эми анда тиешелүү маалыматтар жок болгондо – айыл өкмөтүнөн алынган маалымкаттардын негизинде жүргүзүлөт.
VII БӨЛҮК. Сиз же үй-бүлөңүздүн мүчөсү
банкта акчаңыз барбы
27. Бул бөлүк арыз ээсинин сөзүнүн негизинде толтурулат. Банктык салымдар (депозиттик эсепте банктагы акча) бар болсо, акчалай сумма үй-бүлөнүн кирешесинде эсепке алынат.
VIII БӨЛҮК. Үй-бүлөнүн айлык жалпы кирешеси
28. Бул бөлүк I-VII бөлүктөрүнө ылайык толтурулат. I-VII бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн айлык кирешелерди кошуп, үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин жыйынтыктоочу суммасы эсептелет.
29. “ҮКБЖК аныктоодо эсепке алынуучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны” деген графага Кыргыз Республикасынын “16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобонун 9-главасында аныкталган үй-бүлө мүчөлөрү киргизилбейт.
30. Эгерде үй-бүлөдө 16 жаштан жогору балдар окуп, иштеп же майыптыгы бар болсо, алар үй-бүлөнүн курамына эсепке алынат, бирок аларга жөлөкпул дайындалбайт. Бул графада баланы кароо боюнча өргүүдө жана өндүрүштүк зарылчылык боюнча акысыз өргүүдө жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү да көрсөтүлөт.
31. Үй-бүлөнүн киши башына карата орточо жыйынды киреше I-VII бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн эсепке алынуучу кирешелердин баарын кошуу жана жыйынтыктоочу сумманы “ҮКБЖК аныктоодо эсепке алынуучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны” деген графага бөлүү жолу менен аныкталат.
32. Жөлөкпулду биринчи жолу дайындоодо “кайрылган күнгө” деген сап толтурулат.
Эгерде үй-бүлөдө жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөөнү талап кылган өзгөрүүлөр болуп калса, анда “кайра эсептөөдөн кийин” деген сапта тиешелүү өзгөрүүлөр жүргүзүлөт. Мында, бул маалымат СТТга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө автоматтык түрдө толтурулат.
5. Жыйынтыктоочу жоболор
33. Эгер “үй-бүлөгө көмөк” дайындоодо арыз ээси тарабынан (“Түндүк” СӨТ аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда) кагаз жүзүндөгү документтер берилсе, алардын саны арызда көрсөтүлөт.
34. ССТда түзүлгөн арыз басып чыгарылып, төмөнкүлөрдүн колу коюлат: арыз ээсинин жана адистин.
35. Эгер арызды толтурууда адис үйгө барууну жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алса, ал арыз ээсине анын үйүнө баруу боюнча маалымат берүүгө тийиш. Мында үйгө баруунун күнү жана убактысы такталат.
36. Үйгө баргандан кийин адис арыз ээсинин каржылык абалы тууралуу кошумча маалыматты жана баруунун жыйынтыгы боюнча өзүнүн комментарийлерин киргизип, “Үй-бүлөгө көмөк” чектөө тууралуу чечим чыгарат.
37. Жөлөкпул дайындоо тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: жөлөкпулдун суммасы жана жөлөкпул дайындалган балдардын саны, ошондой эле жөлөкпул дайындоонун күнү. Жөлөкпул дайындоо тууралуу чечим кошулган арыз аймактык бөлүмдүн башчысынын орун басары тарабынан кол коюлат.
38. Арыз ээсинин колуна тил кат берилет жана арыз ээсине берилген тил катты алган айдан тартып 12 ай сактоого тийиш болгондугу тууралуу түшүндүрмө берилет.