Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 13-октябры № 8-д
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Аналитика жана санариптештирүү башкармалыгына – кырдаалдык борборуна коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планына сунуштарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Аналитика жана санариптештирүү башкармалыгына - кырдаалдык борбору: - ушул буйрук менен бекитилген тизмени үч күндүн ичинде расмий сайтына жайгаштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планынын долбоорун иштеп чыгып жана аны 2026-жылдын 12-июнундагы № 105 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин кайра кароо боюнча Жумушчу топтун кароосуна эки айлык мөөнөттө киргизүүнү камсыз кылсын, жана жыйынтыгы боюнча жетекчиликке бекитүү үчүн киргизсин.
- бул буйруктун көчүрмөсүн 3 күндүн ичинде жөнөтсүн:
1) мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө эки нускада Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгына Мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн расмий жарыяланган күндөн тартып;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына маалымдоо үчүн буйрук күчүнө кирген күндөн тартып.
4. 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 3 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Д. А. Калматовго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыялангандан тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| А.А. Айылчиев |