Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигинин 2026-жылдын “___” - августундагы №_____ буйругуна 1-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана
мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндөгү жобого
Усулдук көрсөтмөлөр
§ 1. Жалпы жоболор
§ 2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылуу тартиби
§ 3. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган үй-бүлөлөрдү текшерүү тартиби
§ 4. Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо боюнча документтерди тариздоо тартиби
§ 5. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо жана кайра эсептөө тартиби
§ 6. Социалдык жөлөкпулду дайындоо жана кайра эсептөө тартиби
§ 7. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду дайындоо жана кайра эсептөө тартиби
§ 8. Мамлекеттик жөлөкпулдарды өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында берүү
§ 9. Мамлекеттик жөлөкпулдарды чет өлкөлүк жарандарга берүү
§ 10. Өткөөл жоболор
1-тиркеме
тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
4-тиркеме
5-тиркеме
6-тиркеме
7-тиркеме
8-тиркеме
9-тиркеме
10-тиркеме
11-тиркеме
12-тиркеме
13-тиркеме
14-тиркеме
§ 1. Жалпы жоболор
1. Ушул “Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө” жобого Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондор аралык, райондук, шаардык аймактык бөлүмдөрдүн (мындан ары – аймактык бөлүмдөр) мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адистери (мындан ары – адис) үчүн практикалык колдонмо болуп саналат жана 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
2. Усулдук көрсөтмөлөр “Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө” Жобонун (мындан ары – Жобо) ченемдерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтому менен бекитилген, 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобонун ченемдерин камтыйт. Ошондой эле, Усулдук көрсөтмөлөр Жобонун ченемдерин түшүндүрүү үчүн конкреттүү мисалдарды жана тиешелүү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди камтыйт жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адистер үчүн колдонмо болуп саналат.
3. Жобонун ченемдерин түшүнүү үчүн ушул Усулдук көрсөтмөлөрдө түшүндүрмө талап кылган Жобонун тиешелүү пунктуна шилтеме жасалат, андан кийин керек болгон учурда конкреттүү мисалдар келтирүү менен ага түшүндүрмө берилет.
§ 2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды
дайындоо үчүн кайрылуу тартиби
4. Жобонун 2-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
4.1. Жашы жеткен жөндөмдүү адамдар деп он сегиз жашка толгон адамдар эсептелет. 18 жашка толгондон кийин адам мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арызды өзү тапшырууга тийиш. Ата-эне (камкорчу/көзөмөлчү) баланын жашы жеткен куракка толушуна чейин гана балага жөлөкпул дайындоого арыз берүүгө жана анын жөлөкпулун алууга укуктуу.
Мисал:
Мурда майыптыгы бар балага жөлөкпул алууга анын энеси кайрылган. Бала 18 жашка толгондон кийин, ал медициналык-социалдык экспертизалык комиссиясынан (мындан ары – МСЭК) кайрадан текшерүүдөн өтүп, ага майыптыктын үчүнчү тобу бекитилген. Мындай учурда, 18 жашка толгон адам мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арызды өзү тапшырууга тийиш.
Эгерде соттун чечими менен 18 жашка толгон адамдын эмгекке жарамсыздыгы тастыкталса гана, расмий дайындалган камкорчу/көзөмөлчү жөлөкпулга кайрыла алат.
4.2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн арыз аймактык бөлүмдөрдүн мамлекеттик жөлөкпул дайындалышы керек болгон адамдын иш жүзүндөгү жашаган жери боюнча берилет. Мында иш жүзүндөгү жашаган жер каттоо эсебине турган жери (каттоо жери) менен дал келиши же дал келбеши мүмкүн. Эгерде жөлөкпул дайындалышы керек болгон адам бир дарек боюнча каттоодо турса, бирок иш жүзүндө башка даректе жашаса, анда мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн иш жүзүндөгү жашаган жери боюнча кайрылуусу керек. Мында убактылуу каттоо талону талап кылынбайт.
Мисал:
Майыптыгы бар адам Чүй облусунун Сокулук районунда каттоодо турат, бирок иш жүзүндө Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жашайт. Мындай учурда мамлекеттик жөлөкпулга ал Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май административдик району боюнча аймактык бөлүмгө кайрылуусу керек.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого кайрылганда:
1) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” ай сайынкы жөлөкпул (мындан ары – “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу) боюнча, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” ай сайынкы жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 1-тиркемесине ылайык толтурулат;
2) социалдык жөлөкпул боюнча ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 2-тиркемесине ылайык пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду дайындоого арыз толтурулат;
3) эки ата-энеси тең белгисиз балдарга ай сайынкы жөлөкпул боюнча ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 3-тиркемесине ылайык эки ата-энеси тең белгисиз балдарга ай сайынкы жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз толтурулат.
5. Жобонун 3-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
5.1. Жашы жете элек адам деп он сегиз жашка толбогон адам эсептелет. Ага мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арызды анын ата-энеси/багып алган ата-энеси же камкорчу/көзөмөлчү тапшырууга тийиш.
Жөндөмсүз жаран деп психикалык оорунун айынан өз аракеттеринин маанисин түшүнө албаган же аларды жетектей албаган жаран эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 64-беренесине ылайык, мындай жаран сот тарабынан жөндөмсүз деп табылышы мүмкүн, ага байланыштуу анын үстүнөн камкорчулук дайындалат.
Жөндөмсүз жаран жөлөкпулга кайрыла албайт. Мындай учурда ага мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арызды расмий дайындалган камкорчу тапшырат.
Мисал:
Мурда майыптыгы бар балага жөлөкпулга анын энеси кайрылган. Бала 18 жашка толуп – ал жашына жетет. Бирок, МСЭКтен кайрадан текшерүүдөн өткөндөн кийин, ага психикалык ооруу менен байланышкан майыптыктын биринчи тобу белгилинет. Психикалык оорунун айынан ал өз аракеттеринин маанисин түшүнө албайт же аларды жетектей албайт жана камкорчулукка муктаж. Мындай адам сот тарабынан жөндөмсүз деп табылышы керек. Мындай учурда мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн ага расмий дайындалган камкорчу кайрылышы керек.
5.2. Эгерде жашы жетпеген/жөндөмсүз адамга жөлөкпул алууга кайрылган ата-энелердин (камкорчулардын/көзөмөлчүлөрдун) бири Кыргыз Республикасынын жараны болбосо, мамлекеттик жөлөкпул Кыргыз Республикасынын жараны болгон ата-эненин атына таризделет.
Эгерде жөлөкпулга Кыргыз Республикасынын жараны болбогон ата-эне (камкорчу/көзөмөлчү) кайрылса, анда мындай учурларда жашоо уруксаты милдеттүү түрдө талап кылынат.
Мисал:
Аял “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоого кайрылган. Арыз ээси өзү жана анын мектеп курагындагы балдары Кыргыз Республикасынын жарандары. Аялдын күйөөсү (балдардын атасы) Тажикстан Республикасынын жараны. Мындай учурда “үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу балдардын энесинин атына таризделет.
Эгерде жөлөкпулга атасы кайрылса, анда ал жашоо уруксатын тапшырышы зарыл болмок.
5.3. Ата-эненин (багып алуучунун, камкорчунун/көзөмөлчүнүн) жана жашы жетпеген/жөндөмсүз адамдын бирге жашагандыгын аныктоо үчүн “Санарип аймак” санариптик технологиялык тутумунан (мындан ары – “Санарип аймак” СТТ) суроо талап кылынат. Эгерде “Санарип аймак” СТТда жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын бирге жашагандыгы тууралуу маалымат жок болсо, анда бирге жашагандыгын аныктоо үйгө баруу менен ишке ашырылат. Мында аймактык бөлүм жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын үй-бүлөнүн жергиликтүү коомдун аймагында иш жүзүндө жашагандыгы жөнүндө, мындан ары “Санарип аймак” СТТга үй-бүлө жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн кабардар кылышы керек.
6. Жобонун 4-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Эгерде ата-эне (багып алуучу, камкорчу/көзөмөлчү) ооруп калса же убактылуу иш жүзүндөгү жашаган жеринен чыгып кетсе, мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арызды жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат тапшырган ишенимдүү адам бере алат.
Мисал:
2 жаштагы баланын энеси дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып баратып, өзүнүн энесине – баланын чоң энесине баш ишеним катты берген. Мында эне баласы менен бирге Ош шаарында каттоодо туруп, иш жүзүндө да ошол жерде жашайт, ал эми чоң эне Чүй облусунун Аламедин районунда каттоодо туруп, иш жүзүндө да ошол жерде жашайт. Бирок, чоң эне кызынын дарылануу мезгилине Ош шаарына көчүп келет. Мындай учурда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна чоң эне жөлөкпул дайындалышы керек болгон баланын иш жүзүндөгү жашаган жери боюнча, б.а. Ош аймактык бөлүмүнө кайрылуусу керек.
7. Жобонун 5-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Арыз берүүчү мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча кеңеш сурап кайрылганда, анын кайрылуусу социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү санариптик технологиялык тутумунда (мындан ары – СТТ) мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча кеңештерди каттоо журналында ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 4-тиркемесине ылайык катталат.
Кеңештерди каттоо аймактык башкармалыкка кайрылган арыз берүүчүлөрдү эсепке алуу, ошондой эле адистердин жүгүн фиксациялоо үчүн керек.
8. Жобонун 6-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Арыз ээси “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кайрылганда, ага үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу курактагы бардык мүчөлөрү жумуш менен камсыз болушу же өздөрүнүн эмгекке жарамсыздыгын/убактылуу эмгекке жарамсыздыгын тастыкташы керек экендиги түшүндүрүлөт. Эгерде үй-бүлөнүн бир же бир нече эмгекке жарамдуу мүчөсү жумуш менен камсыз болбосо, анда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кайрылуудан мурун алар мамлекеттик кызмат көрсөтүү органдарына жумушсуз же жумуш издеп жаткан адам катары каттоого туруусу зарыл.
Мында арыз ээсинен (анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) жумушсуз/жумуш издеп жаткан адам статусун тастыктаган маалымкаты талап кылынбайт. Ал жумушсуз катары каттоого турганда, маалыматтар эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык системасына (ЭРАМС) киргизилет, алар СТТга өткөрүлөт).
Эгерде үй-бүлөдө, анын ичинде 16 жаштан жогорку балдар, эч жерде жумуш менен камсыз болбогон (иштебеген, окубаган, жумушсуз катары каттоодо турбаган жана өзүнүн жумуш менен камсыздыгын уюштуруу үчүн эч кандай чараларды көрбөгөн) эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү болсо, бул үй-бүлө мүчөлөрү, үй-бүлөнүн орточо жан башына туура келген жалпы кирешесин аныктоодо, үй-бүлөнүн курамында эсепке алынбайт.
Мисал:
Аял өзүнүн үй-бүлөсүнө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кайрылган, үй-бүлөнүн курамында: эне (арыз ээси өзү), анын күйөөсү (майыптыгы бар), үч баласы: 17, 10 жана 5 жаштагы балдар бар.
Жалгыз киреше – бул арыз ээсинин эмгек акысы, ал 6 500 сомду түзөт.
Мында, 17 жаштагы улуу баласы колледжде окуйт.
Бул учурда үй-бүлөнүн орточо жан башына туура келген жалпы кирешеси (ҮОЖБК) төмөнкүгө барабар болот:
6 500 сом : 5 = 1 300 сом
Б.а. ҮОЖБК кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмүнөн аз болот жана үй-бүлө эки балага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна укуктуу болот.
Бирок, эгерде 17 жаштагы улуу баласы эч жерде окубаса, иштебесе жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү органдарында каттоодо турбаса, анда ҮОЖБК улуу баланы үй-бүлөнүн курамынан чыгарып эсептөө менен төмөнкүчө эсептелет:
6 500 сом : 4 = 1 625 сом
Ошентип, ҮОЖБК КМКнын өлчөмүнөн жогору болот жана, үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна укуктуу болбойт.
Бул ыкма үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнүн жумуш менен камсыз болуусуна же өзүн-өзү иш менен камсыздоосуна түрткү берет.
9. Жобонун 7-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө, мамлекеттик жөлөкпулду алуучу жашаган пунктта банктык мекемелер же банкоматтар жок болгон учурларды кошпогондо, банктык система аркылуу, акчалай эмес формада, алуучунун “Элкарт” банктык төлөм картасынын эсебине каражаттарды которуу жолу менен ишке ашырылат. Мында арыз ээси социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын келишимдер түзүлгөн банктардын тизмесине кирген, банкты өз алдынча тандайт.
Банктык мекемелер же банкоматтар жок болгон учурларда мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу алуучунун жашаган жерине жеткирип берүү жолу менен ишке ашырылат.
10. Жобонун 8-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылган адамдар, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпул дайындалган адамдар сөзсүз түрдө жеке идентификациялык номерине (мындан ары – ИЖН) ээ болушу керек.
ИЖН төмөнкүлөр үчүн зарыл:
1) арыз берүүчүнү жана алуучуну СТТда идентификациялоо жана жөлөкпулдардын кошумча дайындалышына жол бербөө;
2) ведомствонун ичиндеги жана ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашууну камсыз кылуу.
Эгерде арыз ээсинде же жөлөкпул дайындалышы керек болгон адамда ИЖНи жок болсо, арыз берүүчүгө бул номер кайда берилиши мүмкүн экендиги жөнүндө түшүндүрмө берилет.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинин” 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жаранын, жараны жок адамдын идентификациялык жеке номерин берүү жана өзгөртүү үчүн документтерди кабыл алуу калкты каттоо жана актылык абалдын жаздыруулары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (АЖБ органдарынын бөлүмдөрүнүн) ар кандай аймактык башкармалыктарда жашаган жеринен жана болгон жеринен көз карандысыз түрдө ишке ашырылат.
11. Жобонун 9-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Арыз ээсинен (үй-бүлө мүчөлөрүнөн – “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо) малекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды талап кылбоо үчун, бардык маалыматтар “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү тутуму (мындан ары – “Түндүк” СӨТ) аркылуу суралат. Зарыл болгон маалыматты алуу үчүн төмөнкүлөрдүн ИЖНдери киргизилет:
1) арыз ээсинин;
2) мамлекеттик жөлөкпул дайындалышы керек болгон адамдын;
3) “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна укукту аныктоодо – үй-бүлөнүн курамында эсепке алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн.
Мамлекеттик/муниципалдык органдардын СТТдан суралган бардык маалыматтар СТТнын зарыл талааларында автоматтык түрдө толтурулат.
Мында мамлекеттик/муниципалдык бийлик органдарынын карамагында турган жана “Түндүк” СӨТ аркылуу алууга мүмкүн болгон маалыматтарды арыз ээсинен суроого тыюу салынат.
12. Жобонун 10-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Арыз ээси керектүү маалыматтар мамлекеттик/муниципалдык органдардын СТТда жок болгон шартта гана жетишпеген маалымкаттарды кошумча тапшырышы зарыл. Мисалы, камкорчулук/көзөмөлчүлүк тууралуу тиешелүү чечим, кирешелер тууралуу маалымкат (“үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна муктаждыкты аныктоодо – эгерде арыз ээси/анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн эмгек ишмердигин жүргүзсө), майда мүйүздүү малдын саны жөнүндө маалымкат ж.б.
13. Жобонун 11-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арызды кабыл алуудан мурун, арыз берүүчү/жөлөкпул алуучу жөнүндөгү бардык маалыматтын, ошондой эле арыз берүүчү тарабынан тапшырылган бардык документтердин (маалыматтык системаларда маалыматтар жок болгондо) бар экендигин текшерүү керек. Эгерде мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин жок дегенде бири жетишпесе, арыз кабыл алынбайт.
Аймактык бөлүмдүн жетекчиси ченемдик укуктук актылардын ченемдерин сактоону, анын ичинде ашыкча документтерди талап кылуу учурларын жокко чыгаруу үчүн ички контролду уюштурууга милдеттүү. Мында документтин ар бир талабы Жобонун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого документтердин тизмеси менен негизделиши зарыл.
Эгерде адис тарабынан арыз ээсинен ашыкча документтер талап кылынган фактысы аныкталса, бул адиске административдик жоопкерчилик чаралары колдонулат.
14. Жобонун 12-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Кээ бир учурларда арыз ээси мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын СТТдан алынган маалыматтар менен макул болбошу мүмкүн, мисалы майда мүйүздүү малдын саны, жер тилкесинин көлөмү, иш жүзүндөгү жашаган жери жөнүндөгү маалыматтардын дал келбегендиги ж.б. Мындай учурларда арыз берүүчү өзү же өзүнүн үй-бүлөсүнүн мүчөсү жөнүндөгү маалыматтарды актуалдаштыруу үчүн тиешелүү органга кайрылуусу зарыл.
15. Жобонун 13-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
15.1. Арыз ээсинен кагаз түрүндө кабыл алынган документтер берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде анык. Мисалы, эгерде “Түндүк” СӨТ аркылуу: иш жүзүндөгү жашаган жери, пенсиялык камсыздоого укуктун жоктугу, окуу жеринен маалыматтарды алуу мүмкүн болбосо, анда тиешелүү органдар тарабынан берилген маалымкаттар берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде жарактуу болот.
Бул чектөөлөр мамлекеттик жөлөкпул төлөмдөрүн токтотууга же кайра эсептөөгө алып келүүчү жагдайлардын келип чыгышына көзөмөлдөө үчүн зарыл.
Мисал:
Арыз ээси багуучусунан ажырагандынгы боюнча социалдык жөлөкпул үчүн 2026-жылдын 15-февралында кайрылган, бирок, окуу жеринен алынган маалымкатта берилген күн 2025-жылдын 10-майы деп көрсөтүлгөн, б.а. маалымкат берилген учурдан тартып эки айдан ашык убакыт өткөн. Мындай учурда окуу жеринен алынган маалымкат жаңыртылышы зарыл.
Көңүл буруңуз! Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тууралуу тиешелүү келишимдерге кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтар толугу менен санариптештирилгенден кийин, арыз ээси жөнүндө зарыл болгон маалымат ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн алкагында электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат. Мында арыз ээси мамлекеттик эмес мекемелер же ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тууралуу тиешелүү келишимдер түзүлө элек мамлекеттик мекемелер тарабынан берилүүчү зарыл маалымкаттарды тапшыруусу керек.
15.2. Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арызга тиркелген бардык зарыл маалыиаттар (“Түндүк” СӨТтүн алкагында алуу мүмкүн болбогон маалыматтар) тиешелүү түрдө таризделиши зарыл. Документтер окууга жарамдуу, кол коюлган, мөөр басылган болушу керек.
Мисал:
Арыз ээси “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоого кайрылып, бардык зарыл документтерди тапшырган. Бирок, эмгек акынын өлчөмү жөнүндөгү маалымкатта мөөр жок. Мындай маалымкат жараксыз деп эсептелет жана арыз ээсинен тиешелүү түрдө тпризделген маалымкатты тапшыруу талап кылынат.
15.3. Эгерде “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна жалгыз бой эне болгон аял кайрылса, балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүндө “атасы” деп жазылган графада сызыкча турса, бирок “жалгыз бой эненин” макамын тастыктаган 9-формадагы маалымкат жок болсо, анда бул маалымкатты тапшыруунун мүмкүн эместигинин себебин аныктоо керек. Эгерде маалымкат бала Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде төрөлгөндүктөн алууга мүмкүнчүлүк жок болсо, анда жөлөкпул арыз ээсинин түшүнүк катынын негизинде дайындалат.
16. Жобонун 14-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо процедураларынын ачыктыгын камсыз кылуу, жарандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу жана документтерди тапшырууда каталардын санын азайтуу максатында, мамлекеттик жөлөкпулдардын бардык түрлөрүн дайындоо үчүн толтурулган арыздардын үлгүлөрү аймактык башкармалыктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын стенддерине илинет.
Толтурулган арыздардын үлгүлөрү так жана түшүнүктүү түрдө таризделет, ал эми маалыматтык материалдар төмөнкүдөй болушу зарыл:
1) актуалдуу жана иштеп жаткан мыйзамдарга дал келген;
2) оңой окулган;
3) түшүнүүгө жеңил (анын ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерди эске алуу менен).
Арыздардын үлгүлөрүн даярдоого, актуалдаштырууга жана өз убагында жайгаштырууга жоопкерчилик тиешелүү аймактык бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.
17. Жобонун 15-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Аймактык бөлүмдүн адиси тарабынан арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз автоматтык түрдө түзүлгөндүгүн жана арыз ээсинин маалыматтардын тактыгын кылдат текшерип, андан кийин гана өз колу менен күбөлөндүрүшү керектиги түшүндүрүлөт.
Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз кабыл алынгандыгы тууралуу тилкат берүү арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо, төлөө жана төлөөнү токтотуу шарттары жөнүндө маалымдоонун милдеттүү шарты болуп саналат. Ошондой эле тилкат арыз ээсине жөлөкпулду кандай шарттарда берилери тууралуу эскертүүсү болуп саналат.
Тилкат-кабарлама арыз ээси үчүн төмөнкүлөрдү тастыктаган документ болуп саналат:
1) анын жөлөкпулду дайындоо шарттары менен макулдугу;
2) арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгынын фактысы;
3) арыз ээсинин мамлекеттик жөлөкпул төлөмдөрүн токтотууга же кайра эсептөөгө алып келүүчү жагдайлар тууралуу маалыматты 5 күндүн ичинде аймактык бөлүмгө берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдалгандыгы;
4) арыз ээси жөлөкпул алуу үчүн атайылап жалган маалымат бергендиги же аны төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүнүн өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон маалыматты бербегендиги үчүн жоопкерчилиги жөнүндө маалымдалгандыгы.
18. Жобонун 16-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылуу күнү бардык зарыл болгон документтер менен бирге мамлекеттик жөлөкпулду дайындоого арыз кабыл алынган күн эсептелет.
Мисалы, 2026-жылдын 24-августунда аял “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кайрылып, жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтерди, жумуш ордунан маалымкаттан башкасын тапшырган. Мындай учурда аялдын кайрылуусу “Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча кеңештерди каттоо журналында” катталат.
1 күндөн кийин 2026-жылдын 25-августунда аял жумуш ордунан маалымкатты тапшырат, андан кийин “үй-бүлөгө көмөк” дайындоо үчүн арыз толтурулат. Жөлөкпулга кайрылуу күнү деп 2026-жылдын 25-августу, б.а. бардык зарыл документтер тапшырылган күн эсептелет.
19. Жобонун 17-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө арыз берилет.
Мисал:
Арыз ээси “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кайрылган. Арыз ээси жашы жете элек 3 баласы бар. Ошондой эле балдардын бири майыптыгы бар, ага арыз ээси “социалдык жөлөкпулду” дайындоо үчүн өзүнчө арыз бериши керек.
Ошентип, арыз ээсинен эки арыз кабыл алынат:
биринчи арыз – “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоого;
экинчи арыз – “социалдык жөлөкпулду” дайындоого.
Арыз СТТдан чыгарылып алынат жана текшерүү жана кол коюу үчүн арыз ээсине берилет.
20. Жобонун 18-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Эгерде бир арыз ээси өзүнө же үй-бүлөсүнүн мүчөсүнө бир нече негиздер боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды алууга укуктуу болсо, анда ар бир жөлөкпулга жана жөлөкпул алуга укугу бар ар бир үй-бүлө мүчөсүнө өзүнчө арыз кабыл алынат.
Мында бир арыз ээсинен экинчи жана андан кийинки жөлөкпул алуучуга келип түшкөн арыздардан СТТга маалыматтарды киргизүүдө, арыз ээси жөнүндөгү маалыматтар ар бир арыздын маалыматтарын киргизүүдө автоматтык түрдө толтурулат.
1-мисал:
Аял эки балага ата-энесинин жоготуусуна байланыштуу социалдык жөлөкпулга, ошондой эле өзүнө майыптыгы боюнча социалдык жөлөкпулга кайрылат. Мындай учурда үч арыз кабыл алынат: ар бир балага жөлөкпул дайындоого (эки арыз) жана өзүнө майыптыгы боюнча жөлөкпул дайындоого (үчүнчү арыз).
2-мисал:
Арыз ээсинин жашы жете элек 3 баласы бар, алардын бири майып. Арыз ээси “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун жана майыптыгы боюнча социалдык жөлөкпулду алууга талапкер.
Бул учурда, үч балага бир арыз кабыл алынып, бир иш (“үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна) таризделет. Мында майыптыгы бар балага арыз ээси өзүнчө арыз берет жана ага өзүнчө иш таризделет.
Ошентип, биринчи ишке: арыз, арыз ээси тарабынан тапшырылган бардык документтер, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо боюнча протоколдор тиркелет.
Экинчи ишке: арыз, арыз ээси тарабынан тапшырылган бардык документтер, майыптыгы бар балага “социалдык жөлөкпулду” дайындоо боюнча протокол тиркелет.
21. Жобонун 19-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Иш толук көлөмдө түзүлүшү, системалаштырылышы жана андагы маалыматтарга уруксатсыз кирүүнү же жоготууну болтурбоочу сактоо шарттары менен камсыз болушу зарыл. Мында арыздын түп нускасы жөлөкпулдун дайындалгандыгын тастыктаган негизги документ болуп саналат, ал эми документтердин көчүрмөлөрү/түп-нускалары (паспорт, күбөлүктөр, кирешелер тууралуу маалымкат жана башка тастыктай турган документтер) ишке тиркелип коюлат жана маалыматтарды текшерүү үчүн колдонулат.
Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тууралуу келишимдер түзүлгөнгө чейин, алардын алкагында алар арыз ээлери жөнүндө зарыл маалыматты берүүгө милдеттүү болушат, иш арыз ээси тарабынан берилүүчү маалымкаттардын жана документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде түзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюлуп, күчүнө киргенден кийин, келишимдер түзүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү маалымкаттар арыз ээлеринен талап кылынбайт, мамлекеттик органдардан маалымат ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу келет. Мында документтер СТТдан басылып чыгат жана делого тиркелет.
22. Жобонун 20-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар түзүлгөндөн кийин, алардын алкагында алар арыз ээлери жөнүндө зарыл маалыматтарды берүүгө тийиш, Электрондук иш мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон жана мамлекеттик органдардан суралган, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен же ведомство ичиндеги маалымат алмашуу жолу менен суралган электрондук документтерден түзүлүшү керек.
Мамлекеттик эмес органдардан (иштеген жеринен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ж.б. маалымкаттар), ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүлбөгөн мамлекеттик органдардан берилген документтер гана сканерленүүгө жатат.
23. Жобонун 21-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Ишти СТТга каттоо төмөнкүчө ишке ашырылат:
1) “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо – СТТнын маалыматтар базасындагы “Үй-бүлөгө көмөк” дайындоо үчүн арыздарды каттоо журналында” ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 5-тиркемесине ылайык;
2) “социалдык жөлөкпулду” дайындоодо – СТТнын маалыматтар базасындагы “Социалдык жөлөкпулдарды дайындоо үчүн арыздарды каттоо журналында” ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 6-тиркемесине ылайык;
3) “Ата-энеси экөө тең белгисиз балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн арыздарды каттоо журналында” – ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 7-тиркемесине ылайык.
СТТнын маалыматтар базасын каттоо жана толтуруу социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик технологиялык тутумунун маалыматтар базасын түзүү жана пайдалануу тартибин караган Колдонуучунун колдонмосуна ылайык жүзөгө ашырылат.
§ 3. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн
кайрылган үй-бүлөлөрдү текшерүү тартиби
24. Жобонун 22–23-пункттары боюнча түшүндүрмөлөр
24.1. Үйгө//ишканага/уюмга/мекемеге баруулардын жыйынтыктары боюнча аныкталган тиешелүү маалыматтарды киргизүү үчүн адис өзү менен бирге СТТда толтурулган, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн басылып алынган арызды алып баруусу зарыл. Мында, кагаз жүзүндө берилген маалымкаттарда көрсөтүлгөн маалыматтар гана текшерүүгө жатат.
Эгерде арызга жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалымкаттар тиркелсе, анда адис берилген маалымкаттардын аныктыгын текшерүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына да барат.
Мисалы, эгерде арызда төмөнкүлөр көрсөтүлсө:
1) арыз ээсинин эки уйу жана беш койу бар деп, анда айыл өкмөтүнөн ири жана майда мүйүздүү малдын саны чын эле маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келерин текшерүү керек;
2) үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны алты адамды түзөт деп, кайрылуу учурунда бул маалыматтар дал келишин текшерүү керек;
3) үй-бүлөнүн 1 гектар сугат жери бар деп, айыл өкмөтүнөн жер тилкесинин аянты чын эле маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келерин текшерүү керек.
24.2. Үйгө/ишканага/уюмга/мекемеге баруунун жыйынтыктары боюнча, иш-сапардын күнү жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымат арызга киргизилиши жана үй-бүлөнүн каржылык абалы, адистин иш-сапарында байкоолор боюнча комментарийлери, жөлөкпулду эсептөөдө эске алынган аныкталган жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
Эгерде, мисалы, үйгө баруунун жүрүшүндө кадастрдан алынган маалыматка ылайык, жер үлүшүнүн аянты 90 сотка көрсөтүлүп, анын 30 соткасы аял кишинин 3 кичинекей баланы өзү тарбиялап жаткандыгына байланыштуу иштетилбесе, анда арызда бул тууралуу белги коюлат жана эгерде иштетилүүчү жер үлүшүнүн 60 соткасын эске алуу менен үй-бүлөнүн орточо жан башына туура келген жалпы кирешеси КМКнын өлчөмүнөн ашпаса, анда жөлөкпул дайындалат.
Эгерде үйгө баруунун жыйынтыгы боюнча арыз ээси тарабынан берилген бардык маалыматтар тастыкталса, анда адис арыз ээси тарабынан берилген маалыматтар тастыкталды жана анык болуп саналат деген белги коёт.
24.3. Эгерде үйгө/ишканага/уюмга/мекемеге баруу арыз ээсинин кайрылуу жери боюнча эмес жерде ишке ашырылышы керек болсо, анда жөлөкпулга арыз түшкөн аймактык бөлүм барууну талап кылган аймактын чегинде жайгашкан аймактык бөлүмгө ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 8-тиркемесине ылайык, автоматтык түрдө түзүлгөн суроо талапты жиберет.
Суроо талапты алган аймактык бөлүм 7 күндүн ичинде үйгө/ишканага/уюмга/мекемеге барууну ишке ашырууга жана бул суроо талапты жиберген аймактык бөлүмгө ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 9-тиркемесине ылайык жооп берүүгө милдеттүү.
25. Жобонун 24-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Үйгө баруу алдын ала көрсөтүлгөн жана арыз ээси менен макулдашылган күнү ишке ашырылышы керек жана адис тарабынан үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн гана катышуусунда өткөрүлүшү зарыл.
Үйгө барууда адис кызматтык этиканын ченемдерин сактоого жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барууга милдеттүү.
26. Жобонун 25-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
Үйгө/ишканага/уюмга/мекемеге баруунун жыйынтыктары боюнча арыздын тиешелүү пунктунда маалымат жана комментарийлер чагылдырылат. Эгерде жөлөкпулду дайындоо чечими кабыл алынса, арыздын “Чечим” деген графада “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу канча адамга дайындалгандыгы, жөлөкпулдун өлчөмү көрсөтүлүп, адистин колу жана жөлөкпул дайындалган күнү коюлат.
27. Жобонун 26-пункту боюнча түшүндүрмөлөр
СТТга киргизилүүчү маалыматтар үйгө/ишканага/уюмга/мекемеге иш-сапардын иш-жүзүндөгү жыйынтыктарына дал келиши керек, ал эми мурун билдирилген маалыматка дал келбегендик аныкталган учурда, маалыматтарды актуалдаштыруу зарыл.
Эгерде “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодон баш тартуу чечими кабыл алынса, анда арыздын “Чечим” графасы толтурулбайт, бул учурда үйгө баруу жөнүндөгү жалпы маалыматта арыз ээсине жөлөкпулду дайындоодо эмне себептен баш тартылгандыгы көрсөтүлөт.
28. Жобонун 27–28-пункттары боюнча түшүндүрмөлөр
Мамлекеттик жөлөкпулдар эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн белгиленген коэффициентин эске алуу менен эки шарт аткарылган учурда гана дайындалат:
1) жогоруда көрсөтүлгөн кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти белгиленген пунктта жашаган /турган жери боюнча каттоодо туруу;
2) жогоруда көрсөтүлгөн кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти белгиленген калктуу конушта иш жүзүндө жашоо.
Көрсөтүлгөн шарттардын жок дегенде биринин жоктугу мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоодо коэффициентти колдонууну жокко чыгарат.
Мисалы:
1) арыз ээси Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында иш жүзүндө жашайт жана ошол жерде каттоодо турат (райондук коэффициент 1,5). Ал Ак-Талаа аймактык бөлүмгө мамлекеттик жөлөкпулду дайындоого кайрылган. Бул учурда мамлекеттик жөлөкпул райондук коэффициентти (1,5) эске алуу менен дайындалат;
2) арыз ээси Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында иш жүзүндө жашайт (райондук коэффициент 1,5). Ал Ак-Талаа аймактык бөлүмгө мамлекеттик жөлөкпулду дайындоого кайрылган, бирок Бишкек шаарында катталган. Бул учурда мамлекеттик жөлөкпул райондук коэффициентти эске албастан дайындалат;
3) арыз берүүчү Бишкек шаарында иш жүзүндө жашайт, бирок Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында каттоодо турат (райондук коэффициент 1,5). Ал Бишкек шаарындагы аймактык бөлүмдөрүнүн бирине мамлекеттик жөлөкпулду дайындоого кайрылган. Бул учурда мамлекеттик жөлөкпул райондук коэффициентти эске албастан дайындалат.
§ 4. Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо боюнча документтерди
тариздоо тартиби
29. Жобонун 29-пункту боюнча түшүндүрмө
Мамлекеттик жөлөкпул алуучу/лар жөнүндөгү бардык маалыматтар электрондук арыздарды түзүү үчүн СТТга киргизилет.
Мамлекеттик жөлөкпул дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим “Түндүк” СӨТ аркылуу мамлекеттик/муниципалдык органдардын санариптик технологиялык системасынын маалымат суроонун жыйынтыгы боюнча, ал эми алар жок болгон учурда – арыз берүүчүнүн үйүнө, тийешелүү маалымкатты берген ишканага/уюмга/мекемеге баруунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
Мында “үй-бүлөгө көмөк” дайындоо үчүн электрондук арыздарды түзүүдө, арыз берүүчү/анын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө “Түндүк” СӨТ аркылуу алууга мүмкүн болбогон маалыматтар, баш тартылган иштер боюнча да, кабыл алынган боюнча да баруулардын жыйынтыгы боюнча киргизилет. Ал эми баш тартылган иштер боюнча арыз ээсине жөлөкпул дайындоодо эмне себептен баш тартылганы көрсөтүлөт.
30. Жобонун 30-пункту боюнча түшүндүрмө
30.1. Мамлекеттик жөлөкпулду башка кайрылуу жери боюнча алып жаткан адамды аныктоо, жөлөкпулга талапкер адам жөнүндөгү маалыматтарды СТТга киргизүүдө автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жөлөкпулдун кандайдыр бир түрү дайындалганда (дайындоо жерине карабастан: катталган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча), адис СТТга маалыматтарды киргизүүдө “Арыз ээсинин учурдагы төлөмдөрдүн бардыгына текшерүү” операциясы аркылуу башка кайрылуу жери боюнча жөлөкпулдун дайындалышын текшерүүнү жүргүзөт.
Эгерде система башка аймактык бөлүмдө учурдагы төлөмдүн бардыгы жөнүндө билдирбесе, анда арыз ээсин СТТга каттоо улантылат жана тиешелүү түрдө арыз ээсине кайрылуу жери боюнча мамлекеттик жөлөкпул дайындалат.
30.2. Эгерде арыз ээси ага мамлекеттик жөлөкпул дайындалгандыгын жана аны башка жашаган жери боюнча алып жаткандыгын, ошондой эле система башка аймактык бөлүмдө мамлекеттик жөлөкпул дайындалгандыгы тууралуу билдирсе, бирок ал дайындоону иш жүзундө жашаган жаңы жерине которгусу келсе, анда адис арыздын негизинде ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 10-тиркемесине ылайык СТТда суроо-талапты түзөт.
Автоматтык түрдө түзүлгөн суроо-талап аймактык бөлүмдүн башчысы, ал эми ал жок учурда башчысынын орун басары тарабынан кол коюлуп, суроо-талап жөнөтүлгөн күн, жөлөкпул алуучунун аты-жөнү жана ИЖНи көрсөтүү менен, СТТда мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга чыгыш суроо-талаптардын журналына автоматтык түрдө катталат. Мында мамлекеттик жөлөкпулдун ар бир түрү боюнча өзүнчө журнал түзүлөт.
Суроо-талап СТТ аркылуу мамлекеттик жөлөкпулду мурдагы дайындалган жери боюнча аймактык бөлүмгө, дайындалган жери боюнча алынбай калган (же ашыкча төлөнгөн) жөлөкпулдун суммасын тактоо жана аны алып салуу үчүн жөнөтүлөт.
Мурунку дайындалган жеринен адис, СТТда учурдагы дайындоону алып салуу тууралуу суроо-талапты алып, кабыл алынган суроо-талапты басып чыгарып, жеке ишке тигип, белгиленген тартипте төлөөнү токтотуу процессин баштайт. Мында жөлөкпул төлөөнүн акыркы мөөнөтүн жана мамлекеттик жөлөкпулдун жаңы дайындоо жери боюнча төлөнүүгө/кармалышына тийиш болгон алынбай калган/ашыкча төлөнгөн суммасын көрсөтүү менен, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 11-тиркемесине ылайык, кошумча аттестаттын электрондук формасын түзөт. СТТда түзүлгөн кошумча аттестат аймактык бөлүмдүн башчысы, ал жок учурда аймактык бөлүмдүн орун басары тарабынан кол коюлуп, СТТда “Кошумча аттестаттар” журналында жөнөтүлгөн күн, алуучунун аты-жөнү жана ИЖНи көрсөтүлүү менен катталат жана суроо-талап алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө СТТ аркылуу жөлөкпулдун жаңы дайындоо жерине жөнөтүлөт.
Басып чыгарылган кошумча аттестат:
1) “үй-бүлөгө көмөк” алуучулары боюнча жөлөкпул алуучунун жеке ишине тиркелет (ал архивде сакталат);
2) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга ар айлык жөлөкпул жана социалдык жөлөкпул алуучулары боюнча суроо-талап менен бирге жеке ишке тиркелет жана суроо-талап алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде алуучунун иш жүзүндө жашаган жаңы жерине почта аркылуу жөнөтүлөт. Кошумча аттестаттын жана суроо-талаптын көчүрмөлөрү АСЖ жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга айлык жөлөкпулдар боюнча алып салынган иштерди эсепке алуу үчүн өзүнчө папкага тигилет.
30.3. Эгерде арыз ээси, жөлөкпул үчүн кайрылып жатып, аны башка дарек боюнча алып жаткандыгын жашырса (арызында башка дарек боюнча жөлөкпул алып жаткандыгын көрсөтпөсө), анда бул кайрылуу жери боюнча жөлөкпул дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.
30.4. Балдардын ата-энесинин бири (атасы) иш жүзүндө бир аймакта, экинчи ата-энеси (энеси) башка аймакта жашаган учурларда, мисалы атасы Ош облусунун Араван районунда, энеси Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жашаса, мамлекеттик жөлөкпул балдар жашаган ата-эненин иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат. Мында, экинчи ата-эненин жашаган жеринен СТТ аркылуу жөлөкпул дайындалгандыгы тууралуу суроо-талап жөнөтүлөт. Эгерде жөлөкпул экинчи ата-эненин катталган жери боюнча дайындалган болсо, анда ошол эле процедура (СТТ аркылуу дайындалган жөлөкпулду алып салуу) жүргүзүлүп, жөлөкпул биринчи ата-эненин чыныгы жашаган жери боюнча кайра дайындалат.
31. Жобонун 31-пункту боюнча түшүндүрмө
31.1. Эгерде “Түндүк” СӨТ аркылуу арыз ээси/мамлекеттик жөлөкпул алуучу жөнүндөгү бардык зарыл маалыматтарды алууга мүмкүн болсо же маалымат жок болсо, бирок арыз ээси маалыматты катуу отчеттуулуктун документтери (баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт, аскердик билет, МСЭК маалымкаты ж.б.) менен тастыктаса, анда жөлөкпулду дайындоо же аны дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим бир жумушчу күндүн ичинде кабыл алынышы керек.
31.2. Эгерде маалымат тактоону талап кылса (зарыл маалыматтар мамлекеттик/муниципалдык органдардын санариптик технологиялык системасында жок жана документтер кагаз түрүндө берилсе), жөлөкпулду дайындоо же андан баш тартуу тууралуу чечим 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынышы керек.
31.3. Арыз ээсинин жасалма документ тапшыргандыгы фактысын аныктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында/иш орду боюнча/ишканада/уюмда/мекемеде, алар берген маалымкаттардын аныктыгын тактоо максатында жүргүзүлгөн кайчылаш текшерүүлөрдө аныкталат. Эгерде арыз ээси тапшырган маалымкат кайчылаш текшерүүдө аныкталган маалыматка туура келбесе, тапшырылган документтин жасалма экендиги констатацияланат. Бул учурда арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпул дайындоодон баш тартылат.
31.4. СТТ аркылуу электрондук арыздарды түзүүдө, “үй-бүлөгө көмөк” дайындалуучу адамдын толук мамлекеттик камсыздоодо экендиги да аныкталышы мүмкүн. Мындай учурда, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн жогорудагы пунктундагыдай эле, толук мамлекеттик камсыздоодо турган адамды аныктоо жөлөкпулга талапкер адам жөнүндөгү маалыматтарды киргизүүдө автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Мисалдар:
1) 16 жаш куракка жеткен балага, ата-энесин (багуучусун) жоготкон учурда социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн арыз ээси окуу жайынан баланын окуп жаткандыгы тууралуу маалымкат тапшырган. Бирок, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү аркылуу маалымкаттын жасалма экендиги жана бала тапшырылган маалымкатта көрсөтүлгөн окуу жайынын окуучусу болбогондугу аныкталды. Бул учурда бул балага жөлөкпул дайындоодон баш тартылышы керек.
2) Арыз ээси жөлөкпулдун түрүнө карабастан, балага жөлөкпул дайындоого арыз бергенде, адис ЭСКМБ үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмүнө берилген бала/балдар мамлекеттик же муниципалдык балдар интернаттык мекемесинде толук мамлекеттик камсыздоодо тургандыгы жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талап жөнөтүшү керек. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү “Интернаттык типтеги балдар мекемелеринин маалыматтык-аналитикалык системасы” аркылуу бала/балдар жөнүндөгү бул маалыматты текшерет. Эгерде бала толук мамлекеттик камсыздоодо тургандыгы аныкталса, анда жөлөкпул дайындоодон баш тартылышы керек (ата-энесинин экөө тең жоготкондугу боюнча социалдык жөлөкпул жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга ар айлык жөлөкпулдан тышкары).
Мында, эгерде бала эки ата-энесин тең жоготкон болсо (жетим), бирок бир багуучуну жоготкондугуна байланыштуу пенсия алып жатса, ал эми экинчи багуучуну жоготкондугуна байланыштуу социалдык жөлөкпулга укугу бар болсо, анда бул учурда социалдык жөлөкпул дайындалат.
3) Социалдык жөлөкпулду жашы жеткен адамга дайындоо үчүн арыз берилген учурда, СТТ өлкөнүн социалдык-стационардык мекемелеринде мамлекеттик камсыздоодо турган көзөмөлдөгү адамдардын маалымат базасына автоматтык суроо-талап жөнөтөт. Эгерде адам карылар же майыптыгы бар адамдар үчүн интернаттык мекемеде тургандыгы аныкталса, анда жөлөкпул дайындоодон баш тартылышы керек.
4) 2018-жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик жөлөкпул дайындалган, толук мамлекеттик камсыздоодо турган адамдарга жөлөкпулду төлөө дайындоо мөөнөтү бүткөнгө чейин улантылат.
31.5. Төмөнкү күндөн баштап:
1) “үй-бүлөгө көмөк” дайындоо тууралуу арызды кароодо – үйгө баруу күндөн;
2) социалдык жөлөкпулду, ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга ай сайын жөлөкпулду дайындоо тууралуу арызды кабыл алуу күндөн баштап, адиске төмөнкүлөр үчүн убакыт берилет: арыз ээси жөнүндөгү маалыматтарды СТТ маалымат базасына киргизүү, жөлөкпул дайындалуучу адамдардын мамлекеттик камсыздоодо турган/турбагандыгы, ошондой эле аларга башка ЭСКМБ жөлөкпул дайындалган/дайындалбагандыгы жөнүндө суроо-талаптарды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик жөлөкпул дайындоого протокол түзүү.
Жогоруда саналып өткөн бардык аракеттер “үй-бүлөгө көмөк” үчүн 3 жумушчу күндөн, социалдык жөлөкпул жана эки ата-энеси тең белгисиз балдарга ай сайын жөлөкпул үчүн 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылышы керек.
Мисал:
Арыз ээси социалдык жөлөкпул дайындоо тууралуу арызды 2026-жылдын 1-октябрында (бейшемби) берди. Ага жөлөкпул дайындоо же андан баш тартуу тууралуу чечим 14-октябрга чейин (шаршемби) же андан эртерээк кабыл алынышы керек, башкача айтканда, акыркы чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон убакытты эсептөөдө дем алыш күндөр эсепке алынбайт.
32. Жобонун 32-пункту боюнча түшүндүрмө
32.1. Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо же дайындоодон баш тартылгандыгы тууралуу кабарлама автоматтык түрдө түзүлүп, СТТдан басып чыгарылат. Басып чыгарылган кабарламалар ЭСКМБ башчысы, ал жок учурда анын орун басары тарабынан кол коюлуп, чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен арыз берүүчүгө жеткирилет.
Мисал:
Жөлөкпул дайындоо тууралуу чечим 2026-жылдын 12-октябрында кабыл алынды. Мындай учурда арыз ээси кабыл алынган чечим жөнүндө 2026-жылдын 16-октябрына чейин же андан эрте кабардар болушу керек.
32.2. Эгерде жөлөкпул дайындоо тууралуу арызда электрондук почтанын дареги көрсөтүлсө, анда кабарлама сканерленип, арыз ээсине электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Мында адис кабарламаны жөнөткөндүгү жөнүндө скриншот жасайт. Кабарламанын түп нускасы жана басып чыгарылган скриншот жеке ишке тиркелет.
32.3. Арыз ээсинин электрондук почтасы жок учурда, адис арыз ээсине стационардык же уюлдук телефон байланышы аркылуу ага жөлөкпул дайындалгандыгы же аны дайындоодон баш тартылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Мында арыз ээсине ал ЭСКМБ иштеген убакыттын ичинде өзүнө ыңгайлуу убакытта келип, кабарламаны өз колуна алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги тууралуу маалымат берилет.
32.4. Арыз ээси менен электрондук почта же телефон байланышы аркылуу байланышууга мүмкүн болбогон учурда, же арыз ээси кабарламаны өзү келип алууга мүмкүн эместигин билдирген учурда, кабарлама почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
32.5. Дайындалган ар бир жөлөкпулдун түрү боюнча өзүнчө кабарлама түзүлөт.
Мисал:
Урматтуу | Мамбетова Айганыш Торобаевна , |
| (арыз ээсинин аты-жөнү) |
Кемин райондук/шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы | |
| (аталышы) |
Сизге II топтогу майыптык боюнча социалдык жөлөкпул дайындалгандыгын маалымдайт. | |
| (жөлөкпулдун түрүн көрсөтүңүз) |
2026-жылдын 1-сентябрынан 2027-жылдын 31-августуна чеийнки мезгилге жалпы суммасы 3 000 (үч миң) сом өлчөмүндө. | |
Акча каражаттары Сиздин банктык эсебиңизге/почта бөлүмүнө которулат | |
| (керектүүсүн сызыңыз). |
Жөлөкпул дайындоо тууралуу чечим 2026-жылдын 7-сентябрында кабыл алынды. | |
| (жылы, күнү, айы) |
33. Жобонун 33-пункту боюнча түшүндүрмө
Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндөгү кабарламалар ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 12-тиркемесине ылайык форма боюнча “Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндөгү кабарламаларды каттоо журналына” катталат.
34. Жобонун 34-пункту боюнча түшүндүрмө
Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 13-тиркемесине ылайык, Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо протоколу менен таризделет.
Протоколду толтурууда жөлөкпул дайындоо мөөнөтүнүн сакталышын камсыз кылуу зарыл. Жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз берилген күн менен аны дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндүн ортосундагы мөөнөт 10 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.
Мисал:
Аял киши “үй-бүлөгө көмөк” дайындоого арызды 2026-жылдын 1-октябрында берди (бейшемби – 1-жумушчу күн). Жөлөкпул 2026-жылдын 14-октябрынан (шаршемби – 10-жумушчу күн) кечиктирилбестен дайындалышы керек, бирок бардык процедуралар (үйгө/уюмга/ишканага/мекемеге баруу, СТТга суроо-талабы боюнча текшерүү) 10 жумушчу күндөн аз убакытта өтсө, жөлөкпул андан эрте дайындалат.
Арыз берүү күнү 2026-жылдын 1-октябры. Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо күнү 2026-жылдын 9- октябры
Мында жөлөкпул дайындоо күнү менен жөлөкпул дайындалуучу күн – ар башка күндөр экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Ошондой эле, бул мисалда “үй-бүлөгө көмөк” 2026-жылдын 9-октябрында дайындалат (башкача айтканда, дайындоо тууралуу чечим кабыл алынат, ал ЭСКМБ жетекчиси тарабынан бекитилет), бирок жөлөкпулдун өзү жөлөкпул үчүн кайрылган (арыз берүү) айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн, башкача айтканда 2026-жылдын 1-ноябрынан баштап дайындалат:
ЧЕЧИМ
1. “үй-бүлөгө көмөк” 2 кишиге 2 400 сом 00 тыйын өлчөмүндө дайындалсын (жөлөкпулдун түрү көрсөтүлөт)
2026-жылдын 1-ноябрынан 2027-жылдын 31-октябрына чейин. |