РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы долбоордун 2-фазасы катары Кыргыз Республикасынын ирригациясына инвестициялоонун улуттук программасын (ИИУП) каржылоо жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 14.10.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 29-сентябры № 742-т

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2-фазанын долбоору катары Кыргыз Республикасынын ирригациясына инвестициялоонун улуттук программасын каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Каржылоо жөнүндө макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

 

Д.Амангельдиев