ПорядокКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу ТАРТИБИ» №2 Тиркеме

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

 

 

 

 

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна)

 

 

 

 

 

 

 

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу ТАРТИБИ

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык, акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну, акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана депозиттик төлөмдү колдонууну жана башкарууну регламенттейт.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:

1) депозиттик төлөм - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн салык төлөөчү тарабынан салынуучу алдын ала төлөм;

2) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү;

3) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;

4) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функциялык бөлүмдөрү;

5) депозиттик эсепти башкаруу боюнча реестр (мындан ары - реестр) - ар бир импорттоочу жана сумма үчүн өзүнчө таризделүүчү, депозиттик төлөмдөрдүн түшүүсүн, бюджеттик эсепке которулушун жана кайтарылышын эсепке алуу системасынын негизги документи.

6) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) банк кепилдиги - бул акциздик жыйымдын маркаларын талаптагыдай эмес пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүнүн банк кепилдигинде көрсөтүлгөн депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө импорттоочунун милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328,  2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр ушул Тартипте аныкталган мааниде колдонулат. Ушул Тартипте чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.

4. Депозиттик төлөм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык колдонууну;

2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан ташылып кетишин;

3) акциздик жыйым маркалары жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланган алкоголдук продукцияны импорттоону;

4) импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктардын төлөнүшүн;

5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчеттун импорттоочулар тарабынан берилишин;