Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-сентябрындагы № 677-т (Эмгек миграцияга квотаны 2027-жылга аныктоо тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 7-сентябры № 677-т
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2027-жылга 120000 адам санында аныкталсын.
2. 2027-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 1145-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 313-т тескемеси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |