Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 656-т (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө меморандумдун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-августу № 656-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |