Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 01-23/269 «Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 25-сентябрындагы № 01-23/269
Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу укугун ишке ашыруу үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын аткаруу үчүн буйрук кылам:
1. Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү Агенттиктин кызматкерлерин ушул буйрук менен тааныштырсын, ошондой эле ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде анын Агенттиктин веб-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү:
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйрукту маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;
- ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күнүнүн ичинде анын электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылсын;
- Тартипти иште колдонуу үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтсүн;
- ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Агенттиктин расмий веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
4. Ушул буйрук, эгерде ушул буйрукта башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Директордун милдетин убактылуу аткаруучу, директордун орун басары |
|
Р.А. Кубаталиев |
|
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын “___” -_______________ № ________________ буйругу
|
Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген квотаны эске алуу менен, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарын (мындан ары – бош кызмат орундары) ээлөө үчүн кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо механизмин, жана тиешелүү кызмат орундарын ээлөөгө коюлган квалификациялык талаптарга талапкерлердин ылайык келишин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаты майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, басмырлабоо, ачык-айкындуулуктун, объективдүүлүктүн принциптерин ишке ашыруу жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо болуп саналат. Талапкерлерди тандоо бош кызмат орду, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу үчүн белгиленген квота, кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлер, талапкердин тийиштүү кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга шайкештиги болгондо жүзөгө ашырылат.
3. Бул Тартип белгиленген талаптарды бирдей колдонууну, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну, кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдуулуктун, ачык-айкындуулуктун жана жоопкерчиликтин принциптерин бекемдөөнү камсыз кылууга багытталган.
2. Кадрлар резервинде талапкерлердин бар-жогун текшерүү
4. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы конкурс жарыяланганга чейин квалификациялык талаптарга жооп берген майыптыгы бар адамдардын ичинен кадрлар резервинде талапкерлердин бар-жогун текшерет.
5. Кенже административдик кызмат ордуна дайындоодо майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлердин бар-жогун текшерүү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) берген маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Талапкердин ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматка кирет жана Кыргыз Республикасынын персоналдык маалыматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык анын кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында гана иштетилет.
7. “е-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы кадрлар резервине киргизилген майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкер атайын статуска ээ адам катары аныкталат, ал ушул Тартипте белгиленген тартипте бош кызмат орундарына анын талапкерлигин автоматтык тандоодо жана сунуштоодо эске алынат.
3. Жумуш орундарын квоталоо