ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КР 2026-жылдын 16-октябрындагы № 701 «Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө жана убактылуу турак жайды (турак жай аянтын) жалдоо (ижарага алуу) үчүн акчалай компенсация төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 16.10.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 16-октябры № 702

Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө жана убактылуу турак жайды (турак жай аянтын) жалдоо (ижарага алуу) үчүн акчалай компенсация төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (турак жай аянтын) жалдоо (ижарага алуу) үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин тартипке келтирүү максатында, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесине, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 85-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө жободо:

– 4-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6) «Кыймылсыз мүлктү жалдоого, ижарага: турак жай аянтын батир үчүн берүү» жеке эмгек иши үчүн электрондук патенттин же жеке ишкердин (ижарага берүүчүнүн) мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;».

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 562 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Бул токтомдун колдонулушу төмөнкү аскер кызматчыларына/укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жайылтылат:

1) 2025-жылдын 19-сентябрын кошуп алганга чейин коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредиттөө келишимдерин, ошондой эле «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун программалары боюнча ипотекалык кредиттөө келишимдерин, алдын ала келишимдерди же кийин сатып алуу менен ижара келишимдерин түзгөн;

2) 2025-жылдын 20-сентябрынан тартып «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун программалары боюнча гана ипотекалык кредиттөө келишимдерин, алдын ала келишимдерди же кийин сатып алуу менен ижара келишимдерин түзгөн.»;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

– 2-пунктта:

төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын: