Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 25-июлу № 102

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 16-февралында № 31, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдардын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн тартибинин жана шарттарынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалын (статусун) жана социалдык камсыз кылуу кепилдиктерин аныктайт, укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө, кызмат өтөөгө жана аны токтотууга байланышкан мамилелерди, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техникаларды колдонуу тартибин жөнгө салат.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:

1) аттестация - кызматкердин кесиптик билимин, көндүмдөрүн, ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келүүсүн, ошондой эле кызматтык өсүү келечегин мезгилдүү текшерүү;

2) ок-дарылар - бутаны кыйратуу, аны кыйратууга түрткү берүүчү милдеттерди аткаруу үчүн арналган, жарылма, пиротехникалык же ыргытма дүрмөттөр же алардын айкалышуусун камтыган курал-жарак түзүлүштөрү жана предметтери;

3) согуштук техника - согуш учурунда душманга залал келтирүү үчүн пайдаланылуучу жана аскердик техниканын бөлүгү болуп саналуучу, өзүндө куралды жана анын жабдыктарын камтуучу бардык техникалык каражаттардын жыйындысы;

4) курал-жарак - каршылаштын киши күчүн, курал-жарагын, согуштук техникасын, курулмаларын жана башка объектилерин кыйратуу үчүн арналган каражаттар, бул каражаттардын курамдык бөлүктөрү жана комплекттөөчү буюмдары, ошондой эле аларды колдонууну камсыз кылуучу башкаруу системаларынын комплекси;

5) эс алуу убагы - укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруудан эркин болгон убакыт;

6) тартиптик жоопкерчилик - кызматтык тартипти бузган жана тартиптик жорук жасаган кызматкерлерге укуктук таасир кылуунун формаларынын бири;

7) тартиптик жорук - кызматкердин кызматтык тартипти бузуусу, ага тете кызматкердин укук коргоо органында кызматта болуусу менен байланышкан жана ал үчүн тартиптик жоопкерчилик каралган, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюуларды сактабоосу;

8) талапкер - укук коргоо органына кызматка кирүүгө талаптанган адам;

9) контракт - укук коргоо органы менен кызматкердин ортосунда түзүлүүчү, тараптардын укуктары жана милдеттери белгиленүүчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу;

10) ченемделбеген жумуш убактысы - жумуштун өзгөчө режими, ага ылайык кызматкер укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин жазуу жүзүндөгү чечими боюнча ченемдик жумуш убактысынан тышкары өз кызматтык милдеттерин аткарууга тартылат, мында жетекчи кошумча өргүү күндөрүн берүү үчүн ченемделбеген жумуш убактысын эсепке алуу жазуусун жүргүзөт;

11) жумуш убактысынын ченемдик узактыгы - кызматкер ички тартиптин эрежелерине ылайык өз кызматтык милдеттерин аткаруучу убакыт;

12) кызматкерди которуу - кызматкерди укук коргоо органындагы ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу, бир эле убакта укук коргоо органдарында кызмат өтөөсүн токтотпостон башка укук коргоо органына кызмат ордуна дайындоо;

13) жылыштыруу - бир эле укук коргоо органынын чегинде кызматкердин кызматтык абалын жана функциялык милдеттерин өзгөртүү;

14) ар дайымкы каражаттар - курал жана атайын каражат болуп саналбаган, жеткиликтүү жерде турган, кызматкерлер тарабынан колдонулуучу кайсы болбосун буюмдар, механизмдер жана заттар;

15) укук коргоо органдары - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, салык кызматынын органдары, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле айрым укук коргоо функцияларын ишке ашыруучу улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

16) убактылуу карамакта болууга жиберүү - кызматкерди укук коргоо органынын кадрларында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында жана эл аралык уюмдарда же мамлекеттер аралык органдарда кызмат орундарын ээлөө үчүн жиберүү, ошондой эле кызматкерди укук коргоо органынын ичиндеги башка бөлүмгө атайын мүнөздөгү ишти аткаруу үчүн убактылуу жиберүү;

17) укук коргоо органынын беделин кетирүүчү жорук - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган, укук коргоо органынын беделин кетирүүчү деп таанылган жосун;

18) кадрлар резерви - укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон, кызмат ордуна коюлган талаптарга жооп берген жана конкурстук тандоодон өткөн талапкерлердин тобу;

19) көтөрүүгө кадрлар резерви - башкаруучулук ишке жөндөмдүү болгон, кызмат орундарынын тигил же бул категориясына коюлуучу талаптарга жооп берген жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлөөгө сунушталган тандалган кызматкерлер тобу;

20) ротация - кызматкерди пландуу жылыштыруу, ал кызмат кызыкчылыгында, укук коргоо органынын кадрдык дараметин оптималдуу пайдалануу максатында жүзөгө ашырылат;

21) кызматтык тартип - укук коргоо органынын кызматкеринин ушул Мыйзамга жана Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык кызматтык милдеттерин так жана кынтыксыз сактоосу;

22) кызматтык милдеттер - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана укук коргоо органынын ведомстволук актыларында белгиленген, укук коргоо органдарынын кызматкеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон кызматтык функциялар;

23) кызматтык наряд - укук коргоо органынын белгилүү бир ыкчам-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган кызматкерлерин бириктирүүчү уюштуруучулук структура;

24) кызматкер - укук коргоо органдарына кызматка алынган жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарды жана милдеттерди, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды өзүнө кабыл алган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жараны;

25) атайын текшерүү - укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү, талапкерге (кызматкерге), анын ата-энесине, асырап алгандарга, жубайына, балдарына, анын ичинде асырап алынгандарга, эркек жана кыз бир туугандарына карата материалдарды жана маалыматтарды чогултуу жана текшерүү боюнча иш-чаралардын комплекси;

26) атайын каражаттар - негизги арналышы адамга же кандайдыр бир материалдык объектке тикелей мажбурлоочу физикалык (психологиялык) таасир көрсөтүү, кызматкерлерди ар кандай предметтердин тийүүсүнөн, анын ичинде куралдан коргоо, ошондой эле кылмыштарды, укук бузууларды жасап жаткан же жасаган адамдарды айкындоо болуп саналган техникалык буюмдар (түзүлүштөр, предметтер, заттар), кызматтык жаныбарлар, атайын транспорт жана техника;

27) табелдик курал - табелге жана тийиштүүлүк ченемдерине ылайык укук коргоо органынын кызматкерине бекитилүүчү курал, ага ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруу жана өзүн коргоо максатында бул куралды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет;

28) ыйгарым укуктуу жетекчи - укук коргоо органынын жетекчисинин орун басары, укук коргоо органынын структуралык, аймактык органынын, укук коргоо органынын аймактык органынын структуралык бөлүгүнүн жетекчиси (башчысы) же укук коргоо органынын жетекчиси белгиленген тартипте белгилүү бир функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берген бөлүктүн башка жетекчиси (башчысы);

29) кара күч - конкреттүү кызматкердин булчуң күчүн жана жеке физикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга негизделген, анын таасир кылуу объекти (адам, жаныбарлар, предметтер, заттар, механизмдер, түзүлүштөр) менен тикелей физикалык (дене-бойлук) байланышка кирүүсүндө турган жана адамдардын, жаныбарлардын денесин оорутуу, саламаттыгына зыян келтирүү, өлүмүнө алып келүү, предметтерди, түзүлүштөрдү, механизмдерди бузуу же талкалоо, предметтерди, заттарды, түзүлүштөрдү жана механизмдерди убактылуу алып коюу менен коштолушу мүмкүн болгон мажбурлап таасир кылуу;

30) кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү - кызматкер менен катталган никеде турган, бирге жашаган же жалпы чарба жүргүзгөн жубайы, курман болгон (өлгөн) кызматкер менен ал курман болгон (өлгөн) күндө катталган никеде турган жубайы, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, ата-энеси жана кызматкердин (укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулган) толук багуусунда турган (болгон) же андан өздөрү үчүн жашоо каражатынын туруктуу жана негизги булагы болуп саналган жардам алып туруучу (алып келген) адамдар, ошондой эле үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте багуусунда тургандар деп таанылган башка адамдар;

31) запаска бошотуу - укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотуу жана аларды укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектүү жаш курагына жеткенге чейин аскер комиссариаттарында аскердик эсепте кармоо;

32) отставкага бошотуу - укук коргоо органдарынын кызматкерин укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектүү жаш курагына жеткенден кийин запаска чыгарбастан кызматтан бошотуу.

2. Куралдын түшүнүгү жана түрлөрү "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамдардын редакцияларына ылайык)

2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жаткан, мыйзамдарда алар үчүн кызмат өтөөнүн башка тартиби белгиленген адамдарды кошпогондо, ушул Мыйзамдын колдонулуусу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан адамдарга жайылтылат.

Ушул Мыйзамдын күчү салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарына, алардын иши салык кызматынын органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.

2. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору кызматкерлерге ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.

3. Ушул Мыйзам укук коргоо органдарында саясий кызматты ээлеп турган адамдарга алардын укуктук абалын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө жайылтылат.

4. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамдын колдонулушу жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине жайылтылбайт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздери

Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздери болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.

4-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн принциптери

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) мыйзамдуулук;

2) укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштурууга бир түрдүү мамиле жасоо;

3) укук коргоо органдарындагы кызматка жана кызмат боюнча көтөрүлүүгө жарандардын бирдей мүмкүнчүлүгү;

4) бир башчылык жана субординация (баш ийүүчүлүк);

5) саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин, ошондой эле диний уюмдардын иштерине катышуусуна тыюу салуу;

6) кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү;

7) укук коргоо органдарындагы кызматта чектөөлөрдүн, милдеттердин, тыюу салуулардын, жоопкерчиликтин өз ара байланышы жана кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктер.

2-глава. Укук коргоо органынын кызматкеринин укуктук статусу

5-берене. Укук коргоо органынын кызматкеринин статусу

1. Укук коргоо органынын кызматкеринин (мындан ары - кызматкер) статусу ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген, мамлекет кепилдеген укуктардын жана милдеттердин жыйындысын билдирет.

2. Кызматкердин статусу инсанга, квалификацияга жана жүрүм-турумга жогорку талаптарды белгилөөнү, ыйгарым укуктарды талаптагыдай эмес аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатууну көздөйт.

3. Кызматкердин статусу кызматка кирген күндөн тартып келип чыгат жана бошогон күндөн тартып токтотулат.

4. Кызматкер мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Мыйзам менен тикелей ыйгарым укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан тышкары эч ким анын кызматтык ишине кийлигишүүгө укугу жок.

5. Аскердик, өзгөчө абал шарттарында же башка кризистик кырдаалда кызмат өтөп жаткан кызматкердин статусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

6. Кызматкерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача кандайдыр бир укуктардан жана эркиндиктерден ажыратууга же алардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө эч кимдин укугу жок.

7. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамдуу талаптары бардык жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

8. Кызматкердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, аны мазактоо, каршылык көрсөтүү, коркутуу, зомбулук кылуу же анын өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылуучу башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында укук бузуулар, кылмыштар үчүн белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

9. Кызматкер кылмыштарды же жоруктарды жасап жаткан жеринде кармалган же аларды жасагандыгы үчүн айыпталган учурларды кошпогондо, ал өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ал кызмат өтөп жаткан укук коргоо органынын өкүлүсүз аны айдап келүүгө жана кармоого, ошондой эле жеке карап чыгууга жана анын буюмдарын, жеке жана пайдаланып жаткан транспортун карап чыгууга жол берилбейт.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Кызматкердин укуктары

1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана саламаттыгын, ошондой эле ага таандык мүлктү мамлекет тарабынан коргоого;

2) мамлекеттик пенсиялык камсыздоого;

3) медициналык камсыздоого;

4) өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай менен камсыздалышына;

5) эс алууга;

6) акчалай күтүм алууга;

7) жеке маалыматтарынын корголушуна;

8) анын кызматтык ишинин натыйжаларын, кызмат стажын, квалификациясынын деңгээлин жана кесиптик билимин эске алуу менен укук коргоо органдарында кызмат боюнча көтөрүлүүгө;

9) билим, кошумча кесиптик билим алууга, кесиптик даярдыгын, квалификациясын жана кайра даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле дене-бойлук даярдыгын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;

10) анын демилгеси боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүгө;

11) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө байланышкан талаштарды чечүү үчүн баш ийүүчүлүк тартипте жогору турган кызмат адамдарына, жогору турган органдарга же сотко кайрылууга;

12) укук коргоо органындагы кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кызматтык милдеттерин аткаруу жана кесиптик өнүгүү үчүн талаптагыдай уюштуруучулук-техникалык жана санитариялык-гигиеналык шарттарга;

13) эгерде бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келбесе, кызматтык милдеттерин аткаруудан бош убакытта саясий максаттарды же диний мүнөздөгү максаттарды көздөбөгөн коомдук бирикмелерди түзүүгө жана алардын ишине катышууга;

14) ээлеп турган кызмат орду боюнча укуктарын жана милдеттерин аныктоочу документтер, кызматы боюнча көтөрүлүүдө эске алына турган иш баалоо критерийлери, ошондой эле натыйжалуулуктун жеке көрсөткүчтөрү менен таанышууга;

15) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга, ошондой эле укук коргоо органынын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

16) укук коргоо органы тарабынан аныкталган тартипте өздүк ишиндеги материалдар, ошондой эле өздүк ишине тиркелген жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр, башка документтер жана материалдар менен таанышууга;

17) куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого;

18) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга;

19) өз каалоосу менен укук коргоо органдарынан бошоп кетүүгө;

20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген учурларда жетекчинин оозеки буйругун жазуу жүзүндө ырастоосун талап кылууга;

21) мыйзамдарда белгиленген тартипте өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын укук ченемсиз аракеттерине даттанууга.

2. Кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында да бекемделиши мүмкүн.

7-берене. Кызматкердин милдеттери

1. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мыйзам астындагы актыларын билүүгө жана сактоого;

2) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

3) кызматтык милдеттерин билүүгө жана аткарууга, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ачык каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жетекчиликке алууга милдеттүү;

4) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланууга жол бербөөгө, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды карманууга, ошондой эле кызматтык этиканын талаптарын сактоого;

5) кызматтык маселелер боюнча - өзүнүн тикелей жетекчисине (башчысына), ал эми зарыл болгон учурда тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүү менен жогору турган жетекчиликке кайрылууга;

6) укук коргоо органынын кызматтык ички тартибинин эрежелерин сактоого;

7) окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө жана кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка жагдайлар тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө билдирүүгө;

8) кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн кесиптик жана дене-бойлук даярдыгынын зарыл деңгээлин кармап турууга жана өркүндөтүүгө жана белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон, кесиптик окуудан өтүүгө жана (же) кошумча кесиптик билим алууга;

9) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага маалым болгон, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна тийиштүү болгон же алардын кадыр-баркына жана беделине шек келтирген маалыматтарды жайылтпоого;

10) мамлекеттик мүлктү сактоого;

11) кирешени жана мүлктү декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттемелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;

12) чет мамлекеттин жарандыгын алууга же чет мамлекетте жашоо укугун алууга документтерди тапшыргандыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз бергендиги жөнүндө арыз берген күнү тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүүгө;

13) кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуу мүмкүндүгү же келип чыгуусу тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүүгө жана мындай кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө;

14) аны же башка кызматкерлерди мыйзамдуулукту бузууга тарткан ар бир учур же болбосо мыйзам бузууну жасоо фактылары тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) токтоосуз билдирүүгө;

141) Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш иштери боюнча ал күбө, шектүү же айыпталуучу катары өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө жана сотторуна чакыруунун бардык фактылары жөнүндө ыйгарым укуктуу жетекчиге (башчыга) токтоосуз билдирүүгө;

15) дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча укук коргоо органында кызмат өтөө талаптарына ылайык келүүгө жана дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп турууга;

16) укук коргоо органында ээлеп турган кызмат ордуна карата талаптарга ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге атайын даярдыктан жана буга кесиптик жарамдуулугун мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө;

17) жыл сайын медициналык алдын ала кароодон өтүүгө. Ыйгарым укуктуу жетекчинин жолдомосу боюнча мас болуу (алкоголдук, баңгилик же башка токсиндик мас болуу) абалына карата медициналык күбөлөндүрүүдөн (текшерүүдөн) өтүүгө;

18) кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын белгиленген тартипте кароого;

19) ээлеп турган кызмат ордунун алкагында каралбаган милдеттерди ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими боюнча убактылуу аткарууга;

20) кесиптик кызматтык ишин коргоонун (эмгекти коргоонун) талаптарын билүүгө жана сактоого;

21) мамлекеттик жарандык кызматчынын кызматтык этикасынын талаптарын билүүгө жана сактоого.

2. Кызматкердин ээлеп турган кызмат орду боюнча милдеттери укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими менен аныкталат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар

1. Кызматкерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) кызматтык абалын жеке кызыкчылыктарында пайдаланууга;

2) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн өзүнүн жеке максаттарына пайдаланууга;

3) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен юридикалык жана жеке жактарга кызматтык милдеттеринде каралбаган кайсы болбосун көмөк көрсөтүүгө жана ал үчүн кайсы болбосун формада сый акы алууга;

4) мамлекеттик мүлктү, финансылык каражатты жана кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

5) эксперттик, илимий, окутуучулук, дене тарбиялык-спорттук же чыгармачылык иштерди кошпогондо, ишкердик менен алектенүүгө, айкалыштырып иштөө боюнча кайсы болбосун акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;

6) ыкчам-издөө иштерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, өз алдынча же өкүлү аркылуу чарбакер субъекттерди башкарууга катышууга;

7) чет элдик компаниялардын жана шериктештиктердин уставдык капиталдарындагы баалуу кагаздарды, акцияларды жана үлүштөрдү сатып алууга;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктабаган банктарда банктык эсептерди ачууга;

9) укук коргоо органдарындагы кызматта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын милдеттерин аткаруу менен айкалыштырууга;

10) өзү кызмат өтөп жаткан укук коргоо органында үчүнчү жактын иштери боюнча өкүл же ишенимдүү адам болууга;

11) саясий партиялардын же саясий же диний мүнөздөгү максаттарды көздөгөн коомдук бирикмелердин мүчөсү болууга, өзүнүн кызматтык абалын алардын кызыкчылыгында пайдаланууга жана аларды колдоп чыгууга;

12) иш таштоолорду, митингдерди жана тынч жыйындарга жалпы жарандык укуктарды билдирүүнүн башка формаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдардын нормалдуу иштөөсүнө жана алардын кызматкерлеринин өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган аракеттерди уюштурууга же катышууга.

2. Кызматкер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте укук коргоо органдарына кызматка кирген учурдан тартып бир айдын ичинде өзүнүн жеке менчигиндеги баалуу кагаздарын (акциялар, уставдык капиталдагы катышуу үлүштөрү, облигациялар, пайлар) жана пайдаланылышы киреше алууга алып келе турган башка мүлктөрүн, ошондой эле мүлктүк жалдоого берилген мүлкүн кызмат өтөө мезгилине ишенимдик башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Кызматкерге Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана башка мыйзамдарында белгиленген башка чектөөлөр жана тыюу салуулар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө жайылтылат.

4. Ушул берененин жоболору бузулган учурда кызматкер Укук коргоо органынын тартиптик уставына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

9-берене. Кызматкердин жоопкерчилиги

1. Кызматкер кылмыштарды, укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Кызматкер кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамга жана Укук коргоо органынын тартиптик уставына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

3. Укук коргоо органы өзүнүн кызматкери кызматтык милдетин аткаруу учурунда келтирген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурат.

4. Укук коргоо органы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте бул кызматкерге карата кайра талап кылуу (регресс) укугуна ээ.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава. Укук коргоо органдарына кызматка кирүү

10-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүнүн шарттары

1. Укук коргоо органдарына кызматка 19 жашка толгон (Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын окуу жайларында жана чет мамлекеттердин ушуга маанилеш окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо), башка мамлекеттин жарандыгын албаган, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөнгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык абалы боюнча жарактуу деп таанылган, дене бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматтан же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары - жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат.

2. Аскердик кызматтан, запастагы офицерлердин жана альтернативалык кызматтын программасы боюнча аскердик даярдыктан милдеттүү түрдө өтүү жөнүндө талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) аялдарга;

2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын күндүзгү, бюджеттик окуу формасы боюнча же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин ушуга окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга;

3) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына же аскердик окуу жайларга, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларына окууга жиберилгендерге;

4) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган айрым кызматтарга.

3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларын, мамлекеттер аралык макулдашууларга же аларга ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларын күндүзгү, бюджеттик окутуу формасында бүтүргөн адамдарды укук коргоо органдарына кызматка кабыл алууда алардын окуган мөөнөтү атайын наам берилгенден кийин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө теңештирилет.

4. Укук коргоо органдарына кызматка кирип жаткан жарандарды медициналык жана психофизиологиялык текшерүүнүн натыйжалары боюнча конкреттүү укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу же жараксыздыгы жөнүндө корутунду берилет.

5. Медициналык жана психофизиологиялык текшерүүдөн өтүүнүн, ошондой эле ал боюнча корутунду даярдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Адам укук коргоо органдарына кызматка кабыл алынбайт же иштей албайт, эгерде:

1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса же наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турса;

2) жазыктык кылмыш үчүн соттуулугу бар болсо же мурда соттолгон болсо, ал жоюлгандыгына же алып салынганына карабастан, же болбосо жорук жасагандыгы үчүн соттолсо;

3) реабилитациялануучуга тиешеси бар жагдайлар боюнча токтотулган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жазыктык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте  ага карата жазыктык куугунтоо токтотулса;

4) ээлеп турган кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусу мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан учурда мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүктү тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн жазуу жүзүндө баш тартса;

5) компетенттүү органдар тарабынан ага мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүк берүүдөн баш тартса, мында кызматкер мындай маалыматтарды пайдаланууга байланышпаган кызмат орундарында кызмат өтөөдөн баш тартса;

6) контрактка кол коюудан же ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тартса;

7) саламаттыгынын абалы, анын ичинде психофизиологиялык абалы белгиленген талаптарга туура келбесе;

8) дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырбаса;

9) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жаракты жана согуштук техниканы колдонууга байланышкан шарттарда дене-бойлук даярдыгынын жана кесиптик жарактуулугунун деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн укук коргоо органдарында белгиленген тартипте өтпөсө;

10) чет мамлекеттин жарандыгын, чет мамлекетте убактылуу жашоо укугун алууга документтерди, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арызын берсе, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо, башка мамлекеттин жарандыгына же убактылуу жашоо укугуна ээ болсо же чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоо укугун ырастоочу башка документи болсо;

11) укук коргоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан терс негиздер боюнча бошотулса;

12) укук коргоо органдарына кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берсе;

13) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын алса, ошондой эле саясий партиянын мүчөлүгүнө кирсе;

14) талапкердин же кызматкердин жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктардын, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса.