Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/37
“Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №3 протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
(тиркеме тиркелет)
2.Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К.Эргешов/ жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутовго/ тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков
| Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 2017-жылдын 22-майындагы №01-10/37 токтомуна №1 тиркеме
|
Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебинин 2-бөлүмүнүн 25-статьясынын 1-пункутунун, 26-статьясынын 2-пункутунун өзгөртүүсү боюнча түшүндүрмө
№
| Жер аянтынын ээсинин Ф.А.Ж. | Дареги (көчөсү, кварталы) | Анын ичинен | ||||
Жалпы жер аянты (га) Мурдагы багытынын аталышы | Өзгөртүлгөн жер аянтынын өлчөмү (га) | өзгөртүүсүз катырылган жер аянтынын өлчөмү | өзгөртүүгө киргизилген жер аянтынын багыты | өзгөрүүсүз калтырылган жер аянтынын багыты | |||
1 | Шаардык муниципалдык 2 кичи фудбол аянтчасы | М.Мургазыев | 2302 м2 Ц-1 | 2302 м2 | - | 2302 м2 С-1 | - |
2 | Соц.обьект орто мектеп үчүн | Кызыл-Жол АТОсу Кара-Тоо участкасы | 13326 м2 Сх-1 | 13326 м2 | - | 13326 м2 Ж-2 | - |
3 | Аскаров Базарбай жеке менчик | Кызыл-Дөн АТО, Сайдиман-Ажи көчөсү | 26800 м2 С-1 | 1600 м2 | 25200 м2 С-1 | 1600 м2 К-2 | - |
4 | Алтымышова Апиза | С.Абдраимов көч №11 | 2000 м2 Ж-2 | 72 м2
| 1928 м2 Ж-2 | 72 м2 К-1 | - |
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова