Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-январы № 4
Ак-Жар айылдык кенешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши 2017-жылга карата айылдык кенештин жооптуу катчысы Ж.Култаевдин иш пландын долбоору боюнча билдирүүсүн угуп,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылдык кенешинин 2017-жылга пландаштырылган иш планы бекитилсин. (тиркеме)
2. Ак-Жар айылдык кенешинин иш планында пландаштырылган маселелерди айылдык кенештин сессияларына алып чыгуу айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Култаевге тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|
к/н№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Каралуу мөөнөтү | Справка, токтом долбоорун даярдоого жооптуулар |
1
2
3
4 | 2017-жылга айылдык кеңештин иш планын бекитүү
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы 2018-жылга каралган бюджетин бекитүү(өнүгүү прогр.)
Мал акыларын бекитүү, жайлоого көчүү жана келүү мөөнөттөрү, эгинге түшкөн малга жазана салуу өлчөмдөрү жөнүндө,жазгы айдоо,себүү акылары
Айыл өкмөтүндөгү айыл башчылардын ашыкча ыгым-чыгым, салт-санааны кыскартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча
| 2017—жыл 1-квартал
Февраль
Март |
Жооптуу катчы Ж.Култаев
Айыл өкмөтүнүн бухгалтери, кеңештин «бюджет, экономика боюнча» туруктуу комиссиясы |
5
6
7 | Айылдарда көчөлөрдүн тазалыгы, түнкү жарыктандыруу иштери, арыктардын казылышы, көчөттөрдүн эгилиши боюнча.
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин материалдык техникалык базасы жөнүндө жана шашке тамагына берилген тамак-аштын менюларынын аткарылышы.
Ички жана сырткы жайыттардын пайдаланылышы, жайыт төлөмдөрүнөн түзүлгөн бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
| 2017-жыл 2-квартал
Май, июнь
| Айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычов, Айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясы:
Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясы
|
8
9
10
| Ыйман адеп жылына карата маданият кызматкерлерине жүргүзүп жаткан иштери (маданий массалык , ж.б
Мектептердин жана бала-бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө.
Элдерди медициналык жактан тейлөөдө медицина мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери (ГСВ №22, ФАПтар). | 2017-жыл 3-квартал
Август
Сентябрь
| Жайыт комитет төрагасы К.Турдумамбетов Айылдык кеңештин айыл чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл өкмөтүнүн соц.адиси С.Мурзамамытов Айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясы
|
11
12
| Социалдык мекемелердин (мектеп, бала бакча, административдик зданиялар, мекеме уюм) жана калктын 2017-2018-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде даярдыгы жөнүндө.
Күздүк айдоо, себүү, тоңдурма айдоо иштеринин жүрүшү.
| 2017-жыл 4-квартал
| Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Айылдык кеңештин соцалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычов Айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясы жана «соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясы» |