Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 21
Большевик айылында курулган малдар үчүн жууткананын жобосун жана жоопкерчиликтүү адамын бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кенеши Большевик айылында жаныдан курулуп бүткөн малдар үчүн жууткананын үзгүлтүксүз иштөөсү жана ал үчүн айыл өкмөтү тарабынан жооптуу адамдын болуусу жөнүндө маселелерди талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы жаныдан курулган малдар үчүн жууткананын иштөө тартибин мыйзамдын негизинде иретке келтирүү жаатындагы жобосу бекитилсин.
2. Жууткананын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып баруучу айыл өкмөтүнүн жооптуу адамы катары жайыт комитетинин төрагасы К.Турдумамбетов бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «айыл чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору У.Акматовго тапшырылсын
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|
«Бекитемин»
Ак-Жар айылдык кенешинин төрагасы
____________________ Б.Тургунбаев
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы малдар үчүн жууткана айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык менчик катары эсептелет.
2. Жууткананын иштөө тартиби, принциби чарбалык эсептин негизинде жүргүзүлүп акчаны кармоо, чыгымдоо жактары райондук казына бөлүмү аркылуу жүгүртүлүүсү мыйзамга ылайык келет.
3. Жууткана аркылуу дарыланган ар бир мал үчүн төлөө акысы жөнөкөй хронаметр. эсептөө (кеткен материал, кеткен жумушчу күч, техн.зыяндуулугу ж.б.) менен кандайдыр бөлүгү кеткен жумушчу күчүнө жана жууткананы кармап турууга эмгек акы катары төлөнүп барылат.
4. Элдерге, кардарларга ачык болуусу үчүн баанын келип чыгуусу боюнча хронометр.таблицаны илип кою же айыл башчылар аркылуу элге маалымдап туру жайыт комитетинин төрагасынын,мүчөлөрүнүн милдети болуп эсептелет.
5. Жууткана чарбалык эсептеги муниципалдык менчик болгондуктан иштин жүрүшүн активдетирүү алардын кылган ишинен көрүнүп туруусу үчүн дарыларынын тазалыгы,стандарттуулугу, нормага ылайыктуулугу жууткананын коллективинин негизги көрсөткүчү болуп калуусу зарыл.
6. Жууткананын ишин көзөмөлдөп кемчиликтерин айтып, жөнгө салып туруучу жайыт комитетинин төрагасы баш болгон текшерүү комиссиясы түзүлүп отчеттук негизинде иш алып баруусу абзел.
7. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы элди тейлөөчү муниципалдык менчик болгондуктан зарыл муктаждыктарын чечип бару, керектүү учурларда жогорку органдарга иштин жагдайын жеткирип бару айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталат.
8. Малдар үчүн жууткананын жобосуна өзгөртүү, толуктоолор иштин жүрүшүндө ж.б. пайда болсо жайыт комитетинин отурумунда каралып кошулушу мүмкүн