Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 52
“Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “Кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 11-августундагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр №1 тиркемеге ылайык киргизилсин:
2. №1тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К.Эргешов/ жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|
№1 тиркеме
№
| Жер аянтынын ээсинин Ф.А.Ж. | Дареги (көчөсү, кварталы) | Анын ичинен | ||||
Жалпы жер аянты (га) | өзгөртүлгөн жер аянтынын өлчөмү (га) | өзгөртүүсүз катырылган жер аянтынын өлчөмү | өзгөртүүгө киргизилген жер аянтынын багыты | өзгөрүүсүз калтырылган жер аянтынын багыты | |||
1 | Момунова Убадат | Чет-Булак массиви | 3,42 га (П-1) | 3,42га | - | 3,42га Ж-1 | - |
2 | Тажибаев Матказы | Жибек- Жолу күн батыш магистралдык каналдын түштүгү | 310м2 Ц-1 | 120м2
| 190м2 Ц-1 | 120м2 Ж-1 | - |