Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу № 2
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаровго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Малабеков |
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каржатты бөлүштүрүү боюнча Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезексиз V сессиясынын №2 токтомуна | ||||||||
№ п/п | чыгашалардын аталышы | сумма | ||||||
Чалдыбар айылынын Кызыл-Там участкасындагы селден түшкөн шагал таштарды тазалоо жана жолду калыбына келтирүү | 30 | |||||||
Кезарт айылындагы калктуу конуштарга жана жолго селден кооптуу болгон жерлерин бекемдөөгө | 70 | |||||||
Ийри-булун участкасынан Кара-Суу дарыясынын сол жээк жагын тосуу жана дарыяны өз нугуна салууга | 100 | |||||||
Бөктөр участкасындагы сел түшкөн жерлерди калыбына келтирүү менен авто жолду ондоп салууга | 50 | |||||||
Тубай айылдагы ички жолдорду калыбына келтирүүгө | 70 | |||||||
Чат айылындагы сел алган жерлерди тосууга | 50 | |||||||
Чолок-Теректен таза суу алып келууго | 45 | |||||||
Актерек айылындагы санарип станциясынын курулушуна | 20 | |||||||
Түрдүк айылынын Ачык -Алма копуросун ондоого | 20 | |||||||
Түрдүк айылындагы авто жолдун Төө Өлбөс участкасын сүрүүгө | 50 | |||||||
Кара-Суу айылдагы ФАПтын короосун ондоого | 20 | |||||||
Топ-Жангак айылындагы Кожо-Ата дарыясынын сол жээк жагын бекемдөө | 100 | |||||||
Топ-Жангак айылындагы тосмону тазалоого | 30 | |||||||
Шерказы Ата айылына таза суу түтүктөрүн алууга | 40 | |||||||
Кызыл-Көл айылындагы ФАПтын короосун жасоого | 20 | |||||||
Чалдыбар айылындагы сел алган эки алыштын башын бекемдөөгө | 38 | |||||||
Жаны-айылдагы сел алган дамбанын башын бекемдөөгө | 40 | |||||||
Ак-Дөбөдөгү таза суу түтүктөрүнө насос алууга | 15 | |||||||
резерфный ротанын формаларына | 15 | |||||||
жаны долбоорлорду даярдоого кетүүчү чыгымдарга | 100 | |||||||
кызматтык машинанын ремонтуна | 40 | |||||||
ар турду чыгымдарга | 17 | |||||||
сапар чыгымдарына | 20 | |||||||
1000 | ||||||||