Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/1
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура айылындагы «Чет-Нура» бала бакчасын ишке берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулуп бүткөн обьектилерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү жобонун 9.6 пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Нарын шаары Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 24.03.2017-жылдагы №18-б буйругунун жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 27-март 2017-жылдагы №48 б буйругунун негизинде бала бакча ишке жарактуу деп кабыл алынгандыктан Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 27-март 2017-жылдагы №48 б буйругу бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура айылындагы «Чет-Нура» бала бакчасы ишке берилсин.
3. «Чет-Нура» бала бакчасына 2 тайпа ачылсын.
4. Каржы маселелерин чечип, иш алып баруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Ибраевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |
БУЙРУК
ПРИКАЗ
«27» март 2017-ж №48 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айылындагы жаңы курулган 50 орунду бала бакчаны айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулуп бүткөн обьектилерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү жобонун 9.6 пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Нарын шаары Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 24.03.2017-жылдагы №18-б буйругунун негизинде
БУЙРУК КЫЛАМ:
1.Чет-Нура айылындагы 50 орундуу бала бакчанын курулуш жумуштары толук бүткөндүгүнө байланыштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн балансасына алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага милдеттендирилсин.
Башчы: А .Мүсүрканов
Визалар: К.Садыкова
К.Ибраева
Даярдаган: М.Жусубалиева
Жөнөтүлсүн иш кагазга,