Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/4
«Чет-Нура» бала бакчасына ата-энелер төлөмүн бекитип берүү жөнүндө
Чет-Нура бала бакчасы 50 (элүү) орунду түзүп, жаңы ачылып жаткандыктан жана 20-май 2017-жылдагы №1 ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура бала бакчасынын 20-март 2017-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.
2. «Чет-Нура» бала бакчасынын ата-энелеринин тамак-ашка төлөнүүчү акча каражаты айына 400 (төрт жүз) сомдон бекитилсин.
3. Ата-энелер төлөмдөрүн банкка төктүрүп, мыйзам чегинде иш алып баруу бала бакчанын жетекчиси Э.Меңдибаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |
20-март 2017-жыл №1 Чет-Нура айылы
Төрайымы- Э.Меңдибаева
Катчысы- М.Болотова
Катышкандардын саны- 63
Күн тартибиндеги каралуучу маселелер:
1. Бала бакчага келүүчү балдардын тамак-ашына төлөнүүчү ата-энелик төлөмдү тактоо.
2. Ата-энелер комитетин шайлоо.
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча бала бакчанын жетекчиси Э.Меңдибаева төмөнкүлөрдү айтты:
Урматтуу ата-энелер биз үчүн кубанычтуу күндөрдүн бири болуп, жаркырап бала бакчабыз бүтүп ишке кирүү алдында турат. Бала бакчабызга келе турган балдардын бир күндүк тамак-ашына төлөнүүчү акча каражаты 36 сомго эсептелип бекитилген. Жергиликтүү бюджеттен 18 сом, ата-энелерден 18 сом деп каралган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой тамак-аштын баасы бирде ылдый бирде өйдө болуп турат.ошого байланыштуу ата-энелик төлөмдү бир айга 400 (төрт жүз) сом деп бекитсек. Анткени 36 сомго бир бала баа көтөрүлүп кетсе толук кандуу тамактанбай калат.
УГУЛДУ:Абдраева Какин-айыл тургуну;
-Биринчиден баарыбыз үчүн кубанычтуу күн болуп жатат. Мотурайган бөбөктөрүбүз бала бакчага келүүнү көптөн-көп күтүп жатышат. Бала бакчадан балдарыбыз өз убактысы менен тамактанып, тарбия алышмакчы. Тамак-ашына төлөнүүчү акча каражатын айына 400 (төрт жүз) сомдон кылганыбыз туура деп эсептейм.
1-маселе боюнча ата-энелер тамак-ашына төлөнүүчү акча каражатын айына 400 (төрт жүз) сомдон төлөө боюнча макулдуктарын беришти.
Э.Меңдибаева- бала бакчанын жетекчиси;
- Экинчи маселе боюнча ата-энелер комитетинини мүчөлөрүн шайлап алсак. Сунушуңуздарды бериңиздер.
Ата-энелердин сунушу боюнча ата-энелер комитетинин төрайымы болуп Абдраева Какин, мүчөлөрү Мурзакматова Гулзада, Касымова Айжан сунушталды.
Ошондой эле жыйынга келген ата-энелер 1-2-маселени бир добуштан колдошуп бала бакчанын ишине ийгиликтерди каалашты.
«Чет-Нура» бала бакчасынын ата-энелер жыйыны чечим кылат:
1. Тамак-аш үчүн ата-энелер төлөмү бир балага айына 400 (төрт жүз) сомдон бекитилсин.
2. Ата-энелер комитетинин төрайымы болуп Абдраева Какин, мүчөлөрү Мурзакматова Гулзада, Касымова айжан бекитилсин.