Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө Жобо
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 20 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 54 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
III. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
IV. Комитеттердин жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурдашайлоо
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык кварталдык жана үй комитеттердин иш-аракетин жөнгө салат.
1. Кварталдык жана үй комитеттер (мындан ары - Комитеттер) өз алдынча чечим чыгарууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелерин өз жоопкерчилиги менен иш жүзүнө ашырууга багытталган иш-аракет түрүндө аймактагы коомдук өз алдынча башкаруу формасы болуп саналат.
2. Кварталдык комитеттер турак-жай комплекстеринде, конуштарда жана жеке курулуш райондорунда, ал эми үй комитеттери - бир нече же бир нече көп квартиралуу үйлөрдө түзүлөт.
3. Комитеттин иш-аракетинин аймагынын чегаралары райондук администрациялардын жана тургундардын сунуштарын эске алуу менен Бишкек шаардык кеңеши тарбынан белгиленет.
4. Комитеттер жарандардын жалпы чогулуштарында (жыйындарда) шайлоо негизинде түзүлөт.
5. Комитеттер Бишкек шаардык кеңешинде учеттук каттоодон өткөндөн кийин гана өз статусун алат. Комитет аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде документтерди каттоого беришет. Комитет Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте юридикалык статус алууга келишимдик негизде функцияларды аткарууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Комитеттер аларды шайлаган жарандардын чогулушуна жана каттоодон өткөргөн Бишкек шаардык кеңешке, ал эми өткөрүп берилген ыйгарым укуктары боюнча Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгына (мындан ары - МАБ) отчет берип турат.
7. Комитеттерди шайлоо бул кварталдын же көп кабаттуу үйдүн (үйлөрдүн) аймагынын чектеринде жашаган жана катталган жарандардын жалпы жыйналыштарында өткөрүлөт.
8. Жалпы жыйналышты ошол аймактын тургундары МАБы менен биргелешип уюштурушат жана өткөрүшөт. Жыйналыштын өтүүчү жери жана датасы Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын келишими менен биргеликте макулдашылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 20 токтомдун редакциясына ылайык)
9. Жалпы жыйналыштын ишине төмөнкүлөр катыша алат:
а) тийиштүү аймакта катталган 18 жашка толгон, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү;
б) Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек шаардык мэриясынын жана Бишкек шаардык мэриянын райондук администрациясынын өкүлдөрү добуш берүү укугу менен;
10. Комитеттердин мүчөлөрүн шайлоо жашоочулар тарабынан көчөлөрдүн, кирүүлөрдүн, үйлөрдүн жалпы чогулуштарында тийиштүү документтерди жол-жоболоштуруу менен өткөрүлөт.
11. Көчөлөрдүн жана подъезддердин жалпы жыйналышы төмөнкү кворумунан кийин укуктуу болуп саналат:
кварталдык комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - үйлөрдүн жалпы санынын 25 %ынан кем эмес;
үй комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - квартиралардын жалпы санынын 25 %ынан кем эмес.
Жыйналышка катышкан жана жазуу түрүндө макулдук берген тургундардын жалпы санынан 50 %ын алган талапкерлер шайланды болуп эсептелинет.
Кварталдык жана үй комитеттердин мүчөлөрү 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Катары менен экинчи мөөнөткө шайлоого жол берилбейт. Жаңы шайлоо мүмкүнчүлүгү 3 жылдан кийин берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 54 токтомдун редакциясына ылайык)
12. Комитеттин иш жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн Комитеттин курамы 3 мүчөсүнөн кем эмеси шайланышат. Саны жалпы чогулуш тарабынан бекитилет жана үй жана квартиралардын санына жараша, бирок 9 кишиден көп эмес көбөйүүсү мүмкүн. Комитеттин сандык курамы так сан болуусу керек.
13. Кварталдык жана үй комитетинин төрагасы 18 жаштан жаш эмес жана, бул кварталда жана үйдө туруктуу катталган жана жашаган, ортодон кем эмес билими менен, соттолбогон же соттолгондугу белгиленген мыйзам тартибинде алынган жана жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 20 токтомдун редакциясына ылайык)
14. Шайланган Комитет жыйналыштан кийин сөзсүз түрдө комитеттин төрагасын жана анын орун басарын шайлай турган уюштуруу кеңешмесин өткөрөт.