Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын 2- сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 2
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти, 2017-жылга иш планы жана ички тартип эрежелери жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин регламенти өзгөрүүсүз калсын.
2. Ак-Муз айылдык Кеңешинин 2017-жылга иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Ак-Муз айылдык Кеңешинин ички тартип эрежелери бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы А. Абдырахмановго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |
| Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы:_____________ Абдырахманов Алмазбек «______» _________ 2017-ж |
Ак-Муз айылдык Кеңештин 2017-жылга карата иш планы:
№ |
Каралуучу маселелер | Кароо мөөнөтү | Даярдоого жооптуу |
Айылдык Кеңештин кароосуна сунуш кылынган маселелер | |||
1 | -Айылдык кеңештин 2017-жылга иш планын түзүү -Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо | Январь | Жооптуу катчы |
2 | 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2017-жылга карата Айыл өкмөттүнүн бюджеттин бекитүү | Февраль | А/Ө башчысы Гл.бухгалтер А. Алымбаева |
3 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички тартип эрежелерди бекитүү: - Бада, корук, көчүү-конуу, -Жазгы айдап себүү, күзгү оруп-жыюу, -Вет кызмат, -Муниципалдык кызматтардын жумуштарына даярдыктардын жүрүшү; - Жалпы айылдын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жана тазалык боюнча иш чараларды жүргүзүү | Апрелдин биринчи он күндүгү | Жер адис, мал чарба жана ветеринардык кызмат боюнча адис, жайыт комитети, муниципалдык ишкананын жетекчиси, Айыл өкмөтүнүн башчысы, мекеме жетекчилери. |
4 | Ак-Муз айылындагы - ФТБ, ҮДТнун - Почта байланыш бөлүмүнүн 2017-жылдагы элге кызмат көрсөтүүсү; - Билим берүү тармагынын 2016-2017 окуу жылына карата иштери, отчёту жана 2017-2018- окуу жылына даярдыгы; - Айыл аймагындагы мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгы | Августун акыркы он күндүгү | А/Ө башчысы Т. Орозбекова Р. Алахунова А.Төлөмүшов И.Абдыкапарова Ү. Сулайманова |
5 | - Салык, жайыт акы, таза суу төлөмдөрүнүн чогулушу -Веткызмат, муниципалдык кызматтарынын аткарылышы; - А/Ө отчёту, Спикердин жана комиссмия төрагаларынын отчёту | Декабрдын биринчи он күндүгү
| Айыл өкмөт башчысы, мекеме жетекчилери, жер адиси, салык, жайыт СООППВ, |
6. | Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча отчет | Ар бир кезектүү сессиянын алдында | Аткарууга жооптуулар |
| Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы:_____________ Абдырахманов Алмазбек «______» _________ 2017-ж |
Ак-Муз айылдык Кеңештин VI- чакырылышынын депутаттрынын ички тартип эрежелери
1. Депутаттар зарыл жумуш болсо 3-күн мурун кагаз жүзүндө билдирүү.
2. Сессияга кечикпей келүү.
3. Депутаттар билдирүүгө кол коюп сессияга келбей калса себепсиз деп табылат.
4. Этика, маданият боюнча төмөндөгү эрежелерди сактоо:
- Кол көтөрүп сүйлөө;
- Сүйлөп жаткан депутаттын оюн сыйлоо;
- Төрага уруксат бермейинче сүйлөбөө;
- Жарышып сүйлөбөө;
- Сырткы келбетин ощдоо;
- Сессиянын убагында кирип чыкпоо;
- Сессия убагында телефонду үнсүз режимде кармоо;