Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 2-сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 2/9
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги II сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2017-жылга карата иш планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловго тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
| “БЕКИТИЛДИ” Депутаттардын Өзгөн шаардык кеңешинин № 2/9 токтому, 9-февраль 2017-жыл |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2017-жылга карата иш-планы
I квартал:
Февраль-март айында:
Өзгөн шаар мэринин 2016-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
Өзгөн шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017- жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү
«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия
Ар түрдүү маселелер.
II квартал:
Апрель айында:
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
МММБ департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
Ар түрдүү маселелер.
Май айында:
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету;
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
Ар түрдүү маселелер.
III квартал:
Август айында:
Өзгөн шаар мэринин 2017-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаардык бюджетинин 2017-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссия
Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн шаардагы коомдук тартипти сактоодо жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
Ар түрдүү маселелер.
IV квартал:
Октябрь айында:
«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
Байланыш, почта кызматтарынын Өзгөн шаарынын элин тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери
«Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссия
Ар түрдүү маселелер.
Декабрь айында:
Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2017-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
Ар түрдүү маселелер.
Уюштуруу иштери:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына байланышкан мыйзамдар боюнча окуу уюштуруу.
2017-жылдын апрель айында
2.Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүү.
Дайыма
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын шаардык кеңештин сессияларынын отурумуна материал даярдоосуна практикалык жардам көрсөтүү.
Дайыма
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарын ар түрдүү спорттук мелдештерге катышуусун уюштуруу.
Дайыма
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушууларын уюштурууга жардам көрсөтүү.
Дайыма