Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 30-марты №20
Шаар аймагындагы муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн алынуучу ижара акылардын тарифин көтөрүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинен төрагасы К.Алдосовдун баяндамасын угуп, шаар аймагындагы муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн алынуучу ижара акылардын тарифи азыркы күнгө чейин көтөрүлбөй келгендигине байланыштуу жана бүгүнкү күндөгү инфляцияны эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин негизинде, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-апрелинен баштап муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн алынуучу ижара акылардын бир айлык тарифи 50% пайызга көтөрүү жагы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш кагаздарды даярдоо жана ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Г. Мамашова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т. Эгембердиев) милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Эрматов |
| шаардык кеңештин 2012-жылдын 30-март айындагы №20 токтомуна №1 тиркеме |
1-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 7,5сом*3=22,5сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
2-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 7сом*3=21сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
3-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 6,5сом*3=19,5сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
4-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 6сом*3=18сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
5-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 5сом*3=15сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
6-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 3,5сом*3=10,5сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
7-зона | 1м2 жер тилкесинин бир айлык ижара акысы | 2,5сом*3=7,5сом | 5-жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери |
Шаардык кеңешинин жоопту катчысы |
Г. Мамашова |