Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы 6- сессиясы
2017-жылдын 6-апрели № 1
Нарын шаарынын Аксакалдар сотунун жаңы курамын бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы VI сессиясынын № 4 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын Аксакалдар сотунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу,жаңы сунушталып жаткан Аксакалдар сотунун курамын “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” жана “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссияларынын отурумдарында талкууланып, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык алардын жаңы курамын бекитип берүүнү Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунуштаган. Жогорудагыларды талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык Аксакалдар сотунун жаңы курамы 9 адамдан бекитилсин. (Курамы тиркелет)
2. Жаңы бекитилген Аксакалдар сотунун курамына, Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлагандыгы жөнүндөгү протоколун шаардык Кеңешке бир жуманын ичинде жиберүү жагы тапшырылсын.
3. Аксакалдар сотунун иш бөлмөсүн чечип берүү жана иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы шаардык Кеңешке ( Ж.Ботоканов), шаардык мэрияга(Э.Алымкулов) тапшырылсын.
4. Аксакалдар соту шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча”, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиялары жана шаардык укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна өзгөчө көңүл бурулсун.
Төрага | Ж. Ботоканов |
| Нарын шаардык Кеңешинин 6-апрель 2017-жылдагы VI сессиясынын №1 токтомуна тиркеме |
Нарын шаардык аксакалдар сотунун курамы
№ | А.А.А. | Туулган жылы | Билими | Адистиги | Иштеген жери | Дареги | Тел № |
1 | Арыкулов Зарылбек | 17.01.1948-ж
| Жогорку | Экономист | Пенсионер | Нарын ш.Чоң-Алыш көч №40 | 0701 80 65 56 5 28 80 |
2 | Аманов Жумабек | 05.05. 1934-ж | Жогорку | Куруучу | Пенсионер | Нарын ш. Ленин көч №98\33 | 0708 45 61 00 5 21 81 |
3 | Ашыралиев Төлөгөн | 15.12. 1942-ж | Жогорку | Окутуучу | Пенсионер | Нарын ш. Жаштык көч №1 | 5 35 31 |
4 | Ашыралиева Айнагүл | 26.07. 1962-ж | Жогорку | Мугалим | Гор ОНО Башкы адис | Нарын ш Ленин көч №99\1 | 0700 98 61 83 |
5 | Сейиткожоева Эркин | 09.07. 1958-ж | Жогорку | Мугалим | №7 орто мектеп | Нарын ш. Райымбеков көч №5 | 0778 85 20 29 5 44 98 |
6 | Нурмамбетов Абдышамиль | 09.06. 1952 | Жогорку | Инженер мех-к | пенсионер | Нарын ш. Шералиев көч. №273 а | 0707 43 67 62ү 5 29 78 |
7 | Бошкоев Уланбек | 04.06. 1977-ж | Жогорку | Инженер жол уюштуруу | Нарын ШИИБ Ага МАЫОу | Нарын ш.а. Осмонов көч №7 | 0708 06 88 20 508 09
|
8 | Тайсалов Арпачы | 08.01.1938-ж | Жогорку | Экономист | Пенсионер | Нарын ш.Казиев көч 17. | 0705 26 91 36 5 5 07 50 |
9 | Абдылдаев Таштан | 15.05. 1963-ж | Орто | Механик | Обл.ЦСМ. механик | Нарын ш. Он-Арча көч 12 | 0777 77 55 50 5 27 48 |
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов