Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 5/16
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2016-жылда жүргүзгөн иштери жана 2017-жылга ички тартип эрежелерин жана төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 2017-жылдын 13-мартындагы № 2 элдик жыйындын протоколун жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж. Аскаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылы аткарган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттоодо турган мал башы үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 65 (алтымыш беш) сомдон,
-Бир баш топозго 200(эки жүз) сомдон бекитилсин.
3. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө каттоодо жок жана сырттан келген мал башына үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 130 (жүз отуз) сомдон,
-Бир баш топозго 400(төрт жүз) сомдон бекитилсин.
4. Ички тартип эрежелери жана төлөө тарифтери, айып өлчөмдөрү бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
5. Жайыт акыларынын өндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу менен аткарылып жаткан иштер жөнүндө жалпы элге элдик жыйында жылдын жыйынтыгы менен маалымат берүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетинин төрагасы Ж. Аскаровго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясынын 14.03.2017. № 5/16 токтомуна тиркеме |
Ички тартип эрежелери жана төлөө тарифтери,айып өлчөмдөрү
1. Жайыт комитети жайыттарды пайдалануу боюнча түзүлүп, бекитилген планына ылайык жайлоого көчүрүү 5-10 июнь.
2. Кыштоого көчүп түшүү 5-сентябрь.
3. 20-майдан баштап корук уюштурулуп,айыл ичиндеги малдар мал баккан малчыларга кошулуп чыгарылсын.
4. 1-июндан баштап саан уйларга кезүү уюштурулуп,кезүү кайтаруу жайыт пайдалануучуларга эскертилсин.
5. Айыл ичине жайлоого кетирбей алып калган кой-эчкилерге катуу чаралар көрүлүп, жалпы элдик жыйындын токтому менен мал башына 10-сомдон аксакалдар сотунун чечими менен белгиленет.Эгерде баш тартып моюн бербесе жайыт мыйзамына ылайык жалпы элдик пайдалануудагы жайытты өзүм билемдикке салып пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликке администртивдик тартипте жаза тартаары эскертилсин.
6. Айдоо аянтына жана чабынды шалбаага кароосуздан кирип зыян келтирген малдардын ээлерине төмөндөгүдөй айып өлчөмдөрү бекитилсин.
7. 1-июндан баштап корукка түшкөн бодо малдарга (уй,жылкы,эшек) түшсө ар бир башына 50-сомдон айып бекитилсин.
-кой-эчки корукка тушсө ар бир башына 10-сом,эгер төлөөдөн баш тартса келтирилген чыгым эсептелинип, сот органдары аркылуу өндүрүлсүн.
8. Корука кирип кетип камалып калган мал өлүп калса, мал ээсине төлөнүп берилбейт.
9. Мөөнөтүнөн мурун көчүп келген малчыларга мал башына эсептелип айып салынсын жана мал ээлерине бир сутка ичинде кайра көчүп кетүүсү кат жүзүндө эскертилсин.Кайра көчүп кетүүдөн жана айып төлөөдөн баш тарткан жайыт пайдалануучулар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
10. Айыл тургундары менчик малдарын баккандыгы үчүн чабандарга малдын түрүнө карата төлөө акысын төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин.
-кои-эчки ар бир башына 30 сомдон.
-бодо малдарга (уй,жылкыларга)200 сомдон акы бекитилсин.
11. Жайыт пайдалануучулар өзүм билемдик менен келишим түзбөстөн,жайыт билетин албастан жайлоого көчүп жайытты пайдаланса 5000(беш миң) сом айып төлөө жагы белгиленсин.Айып төлөөдөн баш тартса мыйзам чегинде сот органдарына өткөрүлсүн.