Редакцияот 09.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин 1- сессиясы

 

2017-жылдын 9-январы № 1/1

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүүгө карата эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүүгө карата эсептөө комиссиясынын курамы 3 адамдан түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамы бекитилсин.(тиркелет)

3. Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун натыйжаларын аныктоо эсептөө комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Сессияны алып баруучу

Г.К. Каналиева

 

ПРОТОКОЛ № 1

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын кеңешмеси болду

Катышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:

1. Соодонбеков Нурбек Келдибекович

2. Абдыраева Гүлбаркан Дүйшөнкуловна

3. Кубатов Урматбек Токонович

КҮН ТАРТИБИ:

1. Эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндө.

Эсептөө комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Н.Соодонбеов

Эсептөө комиссиясынын катчысы болуп Г.Абдыраева

Эсептөө комиссиясынын мүчөсү болуп У.Кубатов дайындалышты.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Н.Соодонбеков

Эсептөө комиссиясынын катчысы:                       Г.Абдыраева

Эсептөө комиссиясынын мүчөсү:                         У.Кубатов