Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 12/4-7
Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө” жобо өзгөртүүлөрү менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 11.12.2009-жылдагы XVсессиясынын №50/15-5 сандуу токтому менен кабыл алынган “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө” Жобо жокко чыгарылсын.
Төрага | К. Уметов |
| Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-жылдагы IV сессиясынын №12/4-7 чечими менен бекитилди. |
Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө
I. Жалпы жоболор
II. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүүнүн негиздери жана тартиби
III. Комиссиянын курамы жана структурасы
IV. Комиссиянын функциялары
V. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулунун белгилерин (регалийлерин) тапшыруунун жана сыйлоонун тартиби
Жалпы жоболор
1. Жарандардын шаардын жамаатына сиңирген көрүнүктүү эмгегин тануу, Кара -Көл шаарынын ийгиликтерин жана өркүндөшүн камсыздап, анын пайдасына багытталган жеке ( иш аракетин) ишкердигин сыйлоо максатында “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы уюштурулат.
2. Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы Кара- Көл шаардык кеңеши тарабынын Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке ыйгарылат жана кайра чакырылып алынышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын ээлеген адамга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку кызмат адамына, жергиликтүү администрациянын башчысына “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилбейт.
Көрсөтүлгөн кызмат ордун ээлеген адамга анын ыйгарым укуктарынын же ушул кызматынын мөөнөтү бүткөндөн алты айдан кийин “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилиши мүмкүн.
4. Соттолгондугу алып салынбаган же жоюлбаган адамга “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилиши мүмкүн эмес. .
5. “Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилген адамга Кара- Көл шаарынын ардактуу атуулунун ардак грамотасы, төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылат.
II. “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүүнүн негиздери жана тартиби
1. Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүүнүн негизи болуп саналат: