Загрузка документа…
Лебединовка айылдык кеӊешинин
2023-жылдын 20-апрелиндеги № 18-3
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Лебединовка айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 3-сессиясы
2017-жылдын 19-апрели № 1
Лебединовка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, жергиликтуу жамааттын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы, Лебединовка айылдык Кенешинин төрагасы К.Умурбаевдин маалыматын жана Лебединовка айылдык Кеӊешинин укук коргоо жана коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун талдап, Лебединовка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын жашоочуларынын, 2016 жылдын 22 декабрындагы Курултайынын чечиминин негизинде, Лебединовка айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын 3 сессиясы ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лебединовка айылдык аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Лебединовка айылдык Кеӊешинин 2009 жылдын 29 декабрындагы № 3 “Лебединовка айылдык округунун жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Бул токтом тиркемеси менен расмий жарыяланган сон, Чүй областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Лебединовка айылдык Кеӊешинин укук коргоо жана коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Солтоновко жүктөлсүн.
Төрага | К.К. Умурбаев |
| Лебединовка айылдык кеңешинин 27 чакырылышынын 3 сессиясынын № 1 токтомуна 1 тиркеме |
Лебединовка айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
1. Жалпы жоболор
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
6. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
Лебединовка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы -жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу,жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондоа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Лебединовка айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер–жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар –мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 7 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;