Редакцияот 10.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 1-сессиясы

 

2017-жылдын 10-январы № 3

Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Момбеков айылдык Кенешинин XXVII – чакырылышынын 1-сессиясынын эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын № 3 токтому бекитилсин.

2. Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы болуп Стамбаев Ташмамат Калмаматович шайлансын.

 

Төрайым кылуучу

К. Төлөнова

 

Момбеков айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын заседаниесинин

ТОКТОМУ

№ 3

Кыла айылы 10.01.2017-жыл

“Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө “

Момбеков айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын төрагасы Арапов Бактыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын № 1 заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Момбеков айылдык Кеңешинин төрагасы 11 (он бир) көпчүлүк добуш алган Стамбаев Ташмамат Калмаматович шайлансын.

Эсептөө комиссиясынын №-3 токтомун бекитип берүү жагы Момбеков айылдык Кеңешинин № 1- сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Арапов Б

Катчысы: Эгембердиев Т

Мүчөлөрү: Мурзакулов А