Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 91
Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын Республикалык бюджеттен 2016-2017-жылдардагы Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына компенсация түрүндө берилген акча каражаттарынын эсебинен жана атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2017-жылдын 30-майындагы №19, 2017-жылдын 22-июнундагы № 20, №21, 2017-жылдын 18-июлундагы №22 жана 2017-жылдын 21-июлундагы №23-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготууларына компенсация катары берилген 80 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын 2017-жылга бекитилгенжергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнө кабыл алынсын.
2. Республикалык бюджеттен 2016-2017-жылдардагы Ош шаарынын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын жана жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын 1-январына калган калдыгынынэсебинен №1-тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2017-жылдагы план тапшырмасына өзгөртүү киргизилип, Ош билим берүү институту пайдаланып жаткан муниципалдык обьектердин бир айлык ижара акысы 2017-жылга 40,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешининбюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 25-июлундагы кезектеги IX сессиясынын №91-токтомуна №1-тиркеме
|
Бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы отурумунун №19-токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Республикалык бюджеттен 2016-жылдын IV кварталына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын эсебинен 650,0 миң сом акча каражаты Ош шаарына Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын келүүсүнө байланыштуу төмөндөгү иш-чараларга:
-550,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына Ош шаарынын мэриясынын имаратынын ички жана сырткы фасаддарын оңдоп түзөө, борбордук аянтка брусчатка басуу иштерине;
-100,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, мамлекеттик атрибуттарды жаңылоо жана килемчелерди, терезелерди тазалоо иштерине.
Бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы отурумунун №20-токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Республикалык бюджеттен 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген 40 000,0 миң сом компенсациянын эсебинен:
-24 185,0 миң сом акча каражаты Ош шардык капиталдык курулуш башкармалыгына;
-10 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгына;
-5 815,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу Ош шаарынын башкы планын негизинде шаардын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууга.
Бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы отурумунун №22-токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Республикалык бюджеттен 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген 40 000,0 миң сом компенсациянын эсебинен:
-25 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына;
-12 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына;
-3 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгына.
2.Республикалык бюджеттен 2016-жылдын IV кварталына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын эсебинен: