Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 12
Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборун түзүү жана анын уставын бекитүү жөнүндө
Күн тиртибиндеги маселени жана Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Д.Акматованын сунушун угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Д.Акматованын маалыматы эске алынсын.
2. “Масы коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси түзүлсүн.
Мамлекеттик тилде: “Масы коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси:
Расмий тилде: Общественное объединение “Общественно- профилактический центр Масы”
3. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1-тиркеме тиркелет)
4. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 2-тиркеме тиркелет)
5. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Бул токтом тиркемеси менен расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовко жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |
| Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 12 -токтому менен бекитилди. № 1 тиркеме |
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Масы Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси;
- расмий тилде: Общественное объединение “Общественно-профилактический центр Масы”.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Масы КАБ” КБ.
- расмий тилде: ОО “ОПЦ Масы”.
3. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КАБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги: Масы айыл өкмөтү, Масы айылы, К.Султанов көчөсү № 112 .
7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги Масы айыл өкмөтү, Масы айылы, К. Султанов көчөсү № 112 .
2. КАБдын максаттары жана милдеттери