Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 39/7-7
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2017-2020-жылдарга Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 7-бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2017-2020-жылдарга Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын долбоорун угуп жана талккулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2017-2020-жылдарга Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркелет)
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын“ 06 ” июлундагы кезектеги 7 сессиясынын № 39/7-7 токтому менен бекитилди |
Кара - Көл шаарын 2017-2020 - жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо
Программасы
Кириш сөз
Кара-Көл шаарынын экономикалык саясаты
Социалдык саясат
Коргонуу жана коопсуздук
Корутунду
Кириш сөз
Кара-Көл шаарын 2017–2020-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн Программасы (мындан ары программа) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2017-2020-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде иштелип чыккан.
Программаны даярдоодо 2016-жылдын август, 2017-жылдын февраль, март айларында мэрдин эл менен болгон жолугушуусундагы элден түшкөн суроо-талаптар эске алынган.
Программанын башкы милдети–өнөр-жай, курулуш ишканаларын жана менчик секторду өнүктүрүүнүн эсебинен экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана колдоо болуп саналат.
Экономикалык туруктуу өнүгүүнүн милдеттерин чечүү өз булактарынын өсүшүнүн жана айрым ишканаларга тике (ички жана тышкы) инвестицияларды тартуунун, менчик секторду, ага чакан жана орто ишканаларды колдоону камтуу менен өнүктүрүүнүн эсебинен өнөр жайдын өсүшүн камсыз кылуу сыяктуу артыкчылыктарга таянат.
Жашоо-шартты жакшыртуу боюнча иш-чаралар турак-жай курууга, коммуналдык кызматтарды, байланыш кызматтарын, билим берүү жана саламаттык сактоону өнүктүрүүгө багытталган.
Жогоруда аталган милдеттерди чечүү калкты ишке жайгаштырууну камсыз кылууну, ишке орноштуруу боюнча кызматтарды өнүктүрүүнү көздөйт.
Кара-Көл шаары мааниси боюнча республикада энергетик шаары болгондуктан акыркы жылдарда шаардын өнөр жай продукцияларынын үлүшү областын өндүрүш көлөмүнүн 35% деңгээлинде сакталууда.