Сравнение редакций…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 1
Эл депутаттарынын Достук айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Достук айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет)
2. Эл депутаттарынын XXVI чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин 2013-жыл 12-январь 1-сессиясынын 1-токтому менен кабыл алынган регламен күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бекибаев |
| Достук айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген |
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,”«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ