ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин IV сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 1
Менин аймагым-саламаттыктагы аймак 2017-2020 – жылдарга долбоору жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Менин аймагым-саламаттыктагы аймак 2017-2020 – жылдарга долбоору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 18 баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| №1 тиркеме |
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ, СУЗАК РАЙОНУ ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫ
ПОДПРАГРАММА «МЕНИН АЙМАГЫМ – САЛАМАТТЫКТАГЫ АЙМАК»2017-2020 жж.
Программанын паспорту
Подпрограмманын аталышы | «Менин аймагым – саламаттыктагы аймак»
|
Подпрограмманын ишке ашыруу убактысы | 2017-2020-жж. |
Программаныиштепчыгууүчүннегиздер
| a) 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясы , b) 2011-ж. 15 июлдагы № 101 КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамы c) 2016-ж. 16-майында №59 КР «Бюджеттик кодекс» d) КР өкмөтүнүн 2013-ж 18-декабрындагы № 678 токтому 2013-2017-жыл. карата « КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жөнүндөгү» программасы. e) КР өкмөтүнүн 2012-ж. 23-мартагы токтому «КР административтүү-территориалдык концепциясы».
|
Подпрограмманыиштепчыгуучулар | «Менинаймагым – саламаттыктагы аймак» жергиликтүүподпрограмманы иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ
|
Программаны ишке ашырууга жоопту орган | Айылөкмөтү |
Финансы булагы | Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлүккаражаттар
|
Подпрограмманын катышуучулары | Жергиликтүү өз алдынча органы Жергиликтүү коомчулук Ленин айылынын Айылдык ден соолук комитети Жыгач-Коргон айылынын Айылдык ден соолук комитети Орто-Сай айылынын Айылдык ден соолук комитети |
Максаты | Ленин аймагынын жергиликтүү коомчулугунун ден соолугуна таасир тийгизген социалдык-экономикага байланыштуу болгон көйгөйлөрдүү чечүүдө жергиликтү коомчулук менен жергиликтүүөз алдынча органын ортосундагы күчтү бириктирүү.
|
Тапшырмалары
| Калктын салматтыкта жашоо образын стимулдаштырууга умтулусун уюштуру Аймактагы балдардын ылайыкталып өнүгүшүнө шарттарды уюштуру Санитардык-гигеналык тартиптерге жооп берүүчү шарттарды аймакта жашаган калкка уюштуру Аймакта коопсуздук шарттарды уюштуру |
Түшүндүрмө кат
Ден соолук — адамзаттын бейпилдигин, бактылуулгун түзүүчү болгон бирден бир орчундуу компонентер жана алып коюга мүмкүн болбогон укукка ээ, ошондой эле ар кандай өлкөлөрдүн социалдык жана экономикалык өнүгүүшүнө бирден бир шарт түзөт. Адамдардын саламттыгы өлкөнүн негизги «визиттик карточкасы» болуп кызмат кылуусу керек. Эгерде биз өз саламаттыгыбыз жөнүндө кам көрбөсөк – анда биздин келечегибиз болбойт. Ден-соолугу бекем адам көпкө жана эффективтүү иштөөгө жөндөмдүү. Бул факторлор анын эмгек акысынын чондугун, территориясындагы экономикалык өсүш темпин жана кайра байланыштын бар экендигин айтып олтурат. Мисалы өнүккөн өлкөлөрдө экономикалык өсүштүк өлчөмдү, калктын саламаттыгынын абалын көрсөтүчү көрсөткүчтөр аркылуу тастыктайт. Көптөгөн изилдөөчүлөр калктын ден соолугуна таасир тийгизген факторлорду экономикалык жана социалдык чөйрөсүндөгү факторлордон издөөдө. Тастыкталгандай, социалдык мамилелердин сапатынын начардыгы калктын саламатыгынын абалына терс таасир этет, анын үстүнө бул стресстик денгээлди түздөн-түз жогорулатуу коомдогу ар кандай бузуку жүрүм турум тажрыйбалары эсептелет ( ичкилик ичүү, тамеки жана банги заттар)
Адамдын саламатыгын камсыз кылуу менен чектелип калбайт аны сактап калуу да жатат. Адамзат өнүккөн сайын ден соолугунун физикалык түзүмүнүн ролу азайышы менен социалдык жана адеп-ахлакты түзүүчү таасири көбөйөт. Азыркы замандын адамынын саламаттыгын камсыз кылуу механиздеринин эффективтүүлүк күчү, бул көптөгөн факторлордон көзкаранды, бирок адамдардын өзүнүн саламаттыгына жана башкалардын саламаттыгына болгон мамилеси басымдуу ролду ээ болуш керек. Ошондуктан азыркы замандагы адамдын ден соолугун калыптанышынын аныктоочу аракеттери болуп эсептелген саламатыгына болгон маданияты, акыл эстүү иш-аракеттери жана мамилелери, жеке адамдын ден соолгун аныктоочу сапаты болушу зарыл. Ошондой эле адамдар өзүнүн ден соолугун жана башкалардын ден соолугуна баалуулугун билүүнү жана жашообузга сергек жашоо ынгайын түзүү.
Саламаттыктын социалдык детерминанты- бул саламаттык сактоо системасын кошкондо, адамдар жарык дүйнөгө келген, өсүп-жетилген, өмүр сүргөн,иштеген жана карыган шарттар. Бул жагдайлар улуттук жана жергиликтүү денгээлдерди акча, бийлик жана ресурстарды бөлүштүрүүнүн таасири алдына калыптанат. Буларга болсо, өз кезегинде, өлкөдө жүргүзүлгөн саясат да таасирин тийгизет.