Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин IV сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 3
Турмуш-тиричилик коммуналдык чарбасынын Уставы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш-тиричилик коммуналдык чарбасынын уставы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 7 баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| №3-тиркеме |
Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбасынын
У С Т А В Ы
Жалпы жоболор:
Ушул Устав Сузак районун Ленин айыл өкмөтү, Ленин айылдык кенеши жана «Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык-муниципалдык чарабасы» ишканасы (мындан ары-Муниципалдык ишканасы) тарабынан (баарысы мындан ары тараптар) үч тараптуу макулдашылып, иштелип чыкты жана Сузак районун Ленин айыл аймагындагы калк жашаган айылдардагы таштандыларды топтоп, алып чыгуу, Ленин айылында жайгашкан жайкы эс алуу паркын, анын айланасындагы жер участокторун пайдалануу, ижарага берүү маселелерин, тараптардын укук-милдеттерин, функцияларын, парктын иштоо тартибин аныйктайт (белгилейт, жөнгө салат).
Устав Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Өкмөтүнүн «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» 23.09.2011 жылдын № 571 сандуу токтомун, ушул күнгө чейин жана ушул күндөн кийин тараптардын ортосунда түзүлгөн (жана түзүлө турган) айрым келишимдерди эске алуу менен даярдалды жана Ленин айыл аймагында жайгашкан эс алуу паркын найтыйжалуу кызмат көрсөтүүнү көздөйт.
Жайкы эс алуу парктын кызматын натыйжалуу пайдалануу ичине төмөнкү багыттарды камтыйт:
Жергиликтүү калктын бош убактысын өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
Эл үчүн кошумча оюн-зоок атракциондорду уюштуруу;
паркты өркүндөтүү үчүн инвестиция, долбоорлорду тартуу;
паркты жарыктандыру, көрктөндүрүү, тазалыгын сактоо; иштоо тартибин аныктоо;
өзүн-өзү каржылоо булактарын изденүү ж.б.
Тараптардын укук-милдеттери укуктук-ченемдик акты же өзүнчө келишимдердин негизинде дагы аныкталышы мункун.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбачылыгы үчүн Сузак районунун Ленин айыл өкмөтү жооптуу болуп эсептелет.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбачылыгы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарга, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кенештин буйруктарына, токомдоруна, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставка таянып иш алып барат.
Турмуш-тиричилик коммуналдык чарба бөлүмү юридикалык жак болуп эсептелип, ишкананын аты кыргыз жана орус тилинде жазылат, герби менен мөөр жана штампка ээ болуп, мүлкү жана өздүк балансы бар, банктык эсеп ачууга укукту. Өз милдеттерине жооп берет.