Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы 8- сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 5
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиянын Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын шаарында шаардын санитардык тазалыгын камсыз кылуу, өзгөчө шаардын борбордук базарынын тегеретесин ирээтке келтирүү максатында административдик укук бузуулар боюнча комиссия түзүүгө шаардык мекеме ишканалардын, шаардык Кеңештин депутаттарынын жана шаардык Кеңештин, мэриянын жооптуу кызматкерлеринин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгы менен административдик комиссиянын Жобосу иштелип чыккан.
Нарын шаардык мэриясы иштин зарылчылыгына байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобосун бекитүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине сунуш кат менен кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин фракция жетекчилери жана Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары менен биргеликте отурумда каралып, депутаттар бул маселени кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүүнү, жалпы депутаттардын талкуусуна сунуштаган.
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобосун бекитүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси К.Чымылдаковдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча түзүлгөн комиссия өз ишмердүүлүгун Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү жагы белгиленсин.
Төрага | Ж. Ботоканов |
| Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017- жылдагы IV чакырылыштагы VIII сессиясынын №5 токтомуна тиркеме |
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү
Ушул жобо Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын макамын, курамын түзүү жана иштөө тартибин, анын мүчөлүрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт.
Жалпы жоболор
1.1. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн Нарын шаардык мэриясынын алдында түзүлүүчү туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп саналат.
1.2. Комиссия өз ишинде КР Конституциясын, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын, КРӨ караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын №01-24-75 сандуу буйругу менен бекитилген «КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндө» типтүү жобону, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комиссия администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын ачык жыйналыштарында кароого укуктуу.
1.4. Келген материалдарды өз убагында жана калыс кароо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү менен кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу Комиссиянын негизги максаты болуп саналат.
Негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- Нарын шаарынын аймагында администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык, жеке жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу;
- ар бир административдик укук бузуунун кырдаалын ар тараптуу, толук, объективдуу, өз убагында карап, мыйзам чегинде чечүү;
- администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
- администрациялык укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептер менен шарттарды табуу жана четтетүү;
- администрациялык укук бузуу ишине карата чыккан токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө;
- инсанды коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, ден-соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдук адептүүлүктү, жаратылыштагы айлана чөйрөнү, бекитилген тартипте мамлекеттик бийликти жүргүзүү жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын укуктарын жана алардын бирикмелерин административдик укук бузуулардан сактоо жана алардын алдын алуу;