Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы 8- сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 6
Нарын шаарынын “ Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиянын Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосун бекитип берүү жөнүндөгү сунушунун негизинде шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Жобосу толугу менен “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыккандыгына байланыштуу Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXIV чакырылыштагы 5-июль 2005-жылдагы VIII сессиясынын №7/1, Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXVчакырылыштагы 7-апрель 2009-жылдагы V сессиясынын №3 токтому, 2011-жылдын 18-февралындагы XVI сессиясынын №13, Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы 10-июль 2013-жылдагы VII сессиясынын №5 токтому, 2014-жылдын 29-августундагы XVI сессиясынын №1 токтому, 2016-жылдын 19-январындагы XXVIII сессиясынын №4 токтому тиркемеси менен күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |
| Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы IV чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын №6-токтомуна тиркеме |
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамын берүү тартиби жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1.1 Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамын берүү тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары Жобо) Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамын (мындан ары наам) берүүнүн тартибин аныктайт.1.2. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу төмөнкү жол-жоболордун тутумун камтыйт: - наамды ыйгаруунун шарттары;– талапкерлерге коюлуучу талаптар; -талапкерлерди сунуштоо тартиби;– Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамынын ээсине берилүүчү өзгөчө укуктар;
1.3. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын эң жогорку наамы болуп саналат.
II. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун шарттары
2.1. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамына талапкерди жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ( шаардык Кеңеш, мэрия) жана шаардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук саясий уюмдар сунуштайт.
2.2. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамына сунушталган талапкерлердин документтери шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынып, аны шаардык Кенештин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты,жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу” боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясынын кароосуна жөнөтөт.
2.3. Шаардык Кеңештин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу” боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзамдарынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүп, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамына ушул Жобонун 3/2 бөлүгүнө жооп берген талапкерлерди шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт.
2.4. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу шаардык Кеңештин сессиясындагы депуттардын кароосуна коюлуп, сессияга катышкан депуттардын 3/2 добушуна ээ болгондон кийин, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамы берилет.
2.5. Шаардык Кеңештин сессиясында, Нарын шаарынын Ардактуу атуулу» наамына өтпөй калган талапкер учурдагы чакырылыштагы депуттардын кароосуна кайра сунушталбайт.
2.6. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамына жылына эки жолу, 21-март Нооруз эл аралык жаз майрамына карата 7 адамга жана 31-август Кыргыз Республикасынын Көз Карандысыздык күнүнө карата 7 адамга, жалпы жылына 14 адамга чейин гана ыйгарылууга тийиш.
2.7. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамына сунушталган талапкерлер шаардык Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү менен каралып, ыйгарылат.
2.8. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» наамын алган инсанга атайын жазалган, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» күбөлүгү, төш белгиси жана сертификаты шаардык Кеңештин сессиясында, атайын жыйындарда жана эмгек жамаатарынын жалпы чогулуштарында тапшырылат.
2.9. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу» күбөлүгү, сертификаты шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлөт.