Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-декабры № 151/XXVI-26
Кант шаарынын аймагында жумушта колдонуу үчүн “Муниципалдык курулмаларды, имараттарды (имараттардын ичтерин) жана муниципалдык мүлктү ижарага берүү, ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө” нускаманын бекитилиши жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин биргелешкен отурумунун чечимин жана 2015-жылдын 9-декабрындагы Кант шаарынын мэриясынын Кант шаарынын аймагында “Муниципалдык курулмаларды, имараттарды (имараттардын ичтерин) жана муниципалдык мүлктү ижарага берүү, ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндөгү” № 1022/01-25 катын карап чыгып. Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын аймагында жумушта колдонуу үчүн “Муниципалдык курулмаларды, имараттарды (имараттардын ичтерин) жана муниципалдык мүлктү ижарага берүү, ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндөгү” нускама 2016-жылдын 1-январынан баштап тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- Нускама муниципалдык менчиктин имараттарынын ижарачылары тарабынан ишке ашырылсын;
- Муниципалдык менчиктин имараттарынын ижарачыларынын ар бири менен кайрадан эсептешүү жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Султанов Э.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. К. Шайлдабеков |
Тиркеме
Кант шаардык кеңешинин
2015–жылдын 16-декабрындагы
№ 151/XXVI токтомуна тиркеме
А. 1. Муниципалдык мүлк ижарага берилген учурда бош муниципалдык имараттарды, имараттардын ичтерин жана курулмаларды колдонгон үчүн бир айлык төлөмдүн көлөмү төмөндөгү формула боюнча эсептелет:
Апл. = Баз.ст.*S*K1*K2*K3*K4+Aз.
мында:
Апл. – бир айлык ижара төлөмүнүн көлөмү;
Баз.ст. – 1м2 үчүн бир айлык ижара төлөмүнүн негизги чени;
S – ижарага алынган имараттын (имараттын ичинин) аянты;
K1 – имараттын жайгашкан жеринин коэффиценти;
K2 – имараттын ичинин техникалык абалынын коэффиценти;
K3 – имараттын техникалык жабдыгынын коэффиценти;
K4 – имараттын ичин колдонуунун тармактуу коэффиценти;
Aз. – жер чегин колдонуу үчүн төлөм.
Эсептөөдө колдонулган чендердин жана коэффиценттердин көлөмдөрүнүн өлчөмдөрү:
а) Баз.ст. – аймактар (областтар) үчүн 90сом/м2;
б) К1 – имараттын жайгашкан жеринин коэффиценти:
Муниципалдык курулманын, имараттын жайгашкан жери | К1 |
Республиканын башка аймактары | 1 |
в) К2 – имараттын ичинин техникалык абалынын коэффиценти:
- канаттандыраарлык – толугу менен оңдоо керек – 1;
- канаттандыраарлык – кээ бир жерлерин оңдоо керек – 1,1;
- жакшы – оңдоо керек эмес – 1,2;
г) К3 – имараттын техникалык жабдыгынын коэффиценти:
- ысык суу, суу түтүк, борбордук жылытуу бар болсо – 1,3;
- суу түтүк, борбордук жылытуу бар болсо – 1,2;
- суу түтүк бар болсо – 1,1;
- техникалык жабдык жок болсо – 1;
д) К4 – имаратты колдонуунун тармактуу коэффиценти:
№ | Курулманы, имаратты (имараттын ичин) колдонуунун максаты | К4 |
1 | Ресторан, кафе, мейманкана, бильярд, сауна, бассейн, мончо, акча алмаштыруу пункту, ломбард, банк кызматтары, келүү-кетүү кассасы, авиакассасы, төлөмдөрдү кабыл алуу пункту, жарнама жайгаштыруу, байланыш үчүн антенналарды жана жабдыктарды орнотуу | 1,5 |
2 | Тигүү цехи, өндүрүш жана башка өндүрүш кызматтары | 1,4 |
3 | Дүкөн, соода түйүнү, буфет, ашкана, дарыкана, спорттук-ден соолук чыңдоо кызматтары, кинотеатр | 1,3 |
4 | Офис, кампа | 1,2 |
5 | Химтазалоо, бут кийим оңдоо, чач тарач, сулуулук салону, кийим оңдоо, үйлөнү-үлпөт салону, компьютердик кызматтар жана компьтердик техниканы оңдоо, автоунааларды оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн курулмалар, автотурук, гараж, май куюу бекети | 1,1 |
6 | Медициналык кызматтар, фитобар, окуу борборлору | 1 |
7 | Башкалар | 1 |
Эскертүү: Эгерде объект жолдун боюнда турса, өзүнчө кирип-чыгуу эшиги бар болсо, анда колдонулган коэффиценттерге кошумча 0,7 кошулат | ||
е) Аз. – жер чегин колдонуу үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык эсептелет. Жер чегин колдонуу үчүн төлөм төмөндөгү формула аркылуу эсептелет:
Аз. = С*S*Ки.*К1*К2
мында:
С – айыл-чарбага арналбаган жерлерди колдонгон үчүн жер салыгынын негизги чени;
S – ижарачы колдонгон жердин аянты, жердин аянтын имараттын аянтына бөлүп, аны ижарага берилген аянтка көбөйтүү аркылуу эсептелет;
Ки – инфляция коэффиценти;
К1 – экономикалык-мерчемдик аймактардын коэффиценти;
К2 – коммерциялык колдонуунун коэффиценти;
Айыл-чарбага арналбаган жерлерди колдонгон үчүн жер салыгынын негизги чени жана жер салыгын жиктөө үчүн коэффиценттер бекитилген мыйзамдарга ылайык колдонулат.
Ижара төлөмүнүн көлөмүнө имараттарды жана имараттардын ичтерин колдонуу жана аларды оңдоого кеткен чыгымдар, жылытуу, коммуналдык тейлөө жана башка нерселерге кеткен каражаттар кирбейт.
Тараптар макулдашкан ижара төлөмүнүн шарттарынын жазуу түрүндөгү калыбы жок болгон убакта да ижара келишими түзүлгөн болуп эсептелет.
2. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион башталгандагы муниципалдык мүлктү колдонгон үчүн бир айлык ижара төлөмүнүн баштапкы өлчөмү (ижаранын баштапкы өлчөмү) жана сынак өткөрүлгөн маалда жарыяланган муниципалдык мүлктү колдонгон үчүн бир айлык ижара төлөмүнүн эң төмөнкү өлчөмү (ижаранын эң төмөнкү өлчөмү) төмөндөгү формула аркылуу эсептелет:
СА = Баз.ст. *S*К1*К2*К3+Аз.
мында:
СА – бир айлык ижара төлөмүнүн баштапкы көлөмү;
Баз.ст. – имараттын (имараттын ичинин) 1м2нин бир айлык ижара төлөмүнүн негизги чени;
S – ижарага алынган имараттын (имараттын ичинин) аянты;
К1 – имараттын жайгашкан жеринин коэффиценти;
K2 – имараттын ичинин техникалык абалынын коэффиценти;
K3 – имараттын техникалык жабдыгынын коэффиценти;
Aз. – жер чегин колдонуу үчүн төлөм.
Эсептөөдө колдонулган чендердин жана коэффиценттердин көлөмдөрүнүн өлчөмдөрү:
а) Баз.ст. – аймактар (областтар) үчүн 80сом/м2;
б) К1, К2, К3 жана Аз. белгилеринин мааниси бул Нускаманын 1-пунктуна ылайык белгиленет.
Б. а) Муниципалдык мүлктүн жалпы жоболору:
Бул Нускама ижарага берүүнүн тартибин жана ижара төлөмдөрүнүн кошумчалоолорун жана муниципалдык мүлктү ижаралоо келишиминин ырасталышын чыгарып, ижара катнаштарын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине жана башка нормативдүү актыларга ылайык иштелип чыккан.
Бул Нускамада муниципалдык менчикке тийиштүү муниципалдык мүлктүн ижаралоонун объектилери катары кыймылдуу мүлк эсептелет (машиналар, жабдыктар, унаа каражаттары, инвентарь жана башкалар).
Муниципалдык мекеме, ишкана жана уюмдар аркылуу ыкчам башкаруунун балансында болгон муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча толук ыйгарымдуу органдын макулдугу менен ишке ашат.
Жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет элдик жарандар дагы, ижарачы боло алат.
Муниципалдык мүлктү колдонуу боюнча ижара төлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
б) Муниципалдык мүлктү колдонуу боюнча ижара төлөмү:
Бир жылдык ижара төлөмү төмөндөгү формула аркылуу эсептелет:
Ап. = Сос.*N%
мында:
Сос. – негизги каражаттын баасы – баштапкы баланстык наркы колдонулат;
N% - белгиленген пайыз.
Бир жылдык ижара төлөмү төмөндөгү категориялар аркылуу эсептелет:
Сос. – 20 000сомго чейин *40%;
Сос. – 20 000сомдон 100 000сомго чейин *30%;
Сос. – 100 000сомдон 500 000сомго чейин *20%;
Сос. – 500 000сомдон өйдө *15%.
Келишимге киргизиле турган негизги маалыматтар:
ишкананын түрү жана аталышы – ижарага берүүчү жана ижарачы, анын жайгашкан жери, юридикалык статусу (жеке же юридикалык жак);
ижарага берилген мүлктүн баланстык наркы. Ижарага берилген мүлктүн баланстык наркы жок болгон учурда ижарага берилген мүлктүн калдык наркы эсептелет;
ижаранын мөөнөтү жана ижара төлөмүнүн өлчөмү, аны төлөөнүн шарттары жана мөонөтү;
жактардын ижарага берилген мүлтү оңдоо же бүтүндөй калыбына келтирүү боюнча милдеттерди өз ара бөлүштүрүүсү;
жактардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;
келишимди бузуу жана узартуу шарттары.
Кант шаарынын мэри Э. Абдрахманов
Каржы-экономикалык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысы А. Узбекова