Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 90 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2016-жылдын 30-июну № 197
Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктардыбашкаруу тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын бирдиктүү токтотмо мейкиндигин түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктардыбашкаруу тартиби жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин:
а) Бишкек шаарынын аймагында өз ишмердигин жүргүзүүчү акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардынреестри жөнүндө жобону;
б) Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын реестрин жүргүзүү тартибин;
в) токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу тартибин, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга жер участокторун пайдаланууга (ижарага) берүү тартибин жана шарттарын;
г) акы төлөнүүчү (акысыз) токтотмолордун жана унаа туруктардынагенттери үчүн жыйымдардын суммасын эсептөө жана төлөө тартибин;
д) акы төлөнүүчү (акысыз) токтотмолордун жана унаа туруктардынагенттери үчүн жыйымдын эсептик коюмун эсептөө тартибин;
е) шаардык токтотмолорду, унаа туруктардыпайдалануу жана алардатранспорттук каражаттарды жайгаштыруу эрежелерин;