Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-январы № 1
Мады айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламенттин негизинде даярдалган Мады айылдык кеңешинин регламентин Мады айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) биринчи сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламенттин негизинде даярдалган Мады айылдык кеңешини регламенти бекитилсин.
Төрага | С.Асанов |
| Мады айылдык кеңешинин VI шайланган уюштуруучу сессиясынын 1 – токтому менен бекитилген |
Айылдык кеңеш өзүнүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Айылдык кеңештин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
«Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Айылдык кеңеш белгиленген курамдагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен шайланат.